Улуу Рамазан айында жеке Ишкер, шаардык Кеңештин депутаты Карабаев Исманали Джумабаевич өзү туулуп өскөн Элмуратов айылынын жамаатына мечит куруп берди.
Сумбула айыл округунун Андарак айылында базардын ичинде чоң бир имарат курулду. Анын үстүнкү бети бильярд астыңкы бети чайкана болду. Бул жерде көбүнчө майрамдарда юбилейлерде аш кылып олтурушат.
Сумбула айыл округунун Андарак айылында эки спортзал бар. Бирок бул спортзалдын биринчиси эми гана мектептин спортзалы болуп курулду, экинчиси азыр ички жагы жараксыз абалда турат.
Сумбула айылы аймагынын Сары-Дөбө айылындагы «Айданек» бала бакчасы балдарга жакшы тарбия берүүдө. Учурда бала бакчада 59 бала тарбия алууда. Жалпысынан бала бакча үчүн бир миллион сом каражат сарпталган.
Кочкор Халмурзаев Үч-Коргон айылында таза суу боюнча жетектөөчү адиси болуп иш алып барат. “Бизде суу жеткирүүчү трубалардын курулушу 1970-жылдары башталып 75-жылы бүткөн. Трубалар 65 километр узундугунда. 80 пайызы бетондолгон калганы чоюн жана темирден …
Айылыбыздын тургуну Азамкул байкеге эл ыраазы. Азамкул байкенин менчик тойканасы бар. Бул тойканын жери мурда өкмөткө тиешелүү болгон, ал эми Азамкул байке аны сатып алып элдин керегине жараган тойкана салган. …
Исфана-Андарак жолу азыркы кезде ондолуп жатат. Ал жерде жумушчулар, техникалар келип жол оңдоо 10-июндан бери жүрүүдө.
Быйылкы жылы Сумбула округунда жаңы мектеп ачылганына, мектепте майрамдар аябай көп болду. Манас орто мектебинде жалпысынан 400гө жакын окуучу билим алат. Ошол билим алган окуучулардын арасында билимдүү, илимдүү жана музыка …
Айылыбыздын аксакалы менен жолукканда ал бизге өзүнүн өмүр баянын айтып берди. Канатов Төлөгөн -1936-жылы 9-майда Искра айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал өзүнүн эмгек жолун 1955-жылы Лейлек районундагы Киров колхозунда зоотехник …
Лейлек районунун Андарак айылындагы №12 поликлиниканын медайымдары талыкпай иштөөдө. Ооруканага күнүнө көптөгөн бейтап келет. Аларды дарыгерлер жана медайымдар текшеришет. Аталган мекемеде бир терапевт жана он бир медайым эмгектенет.
Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы аяктап, бардык мектеп окуучулары үчүн жайкы эс алуу башталды. Kloop.kgнин кабарчылары аймактардагы балдардын үч ай ичинде эмне менен алектене тургандыктарына кызыгышты. Баткен облусу Үч-Коргон айылындагы мектептин …
Айылыбызда жол көйгөйү бар. Айылыбыздын жолу СССРдин убагында курулганына байланыштуу азыркы кезде иш жүзүндө начар. СССР тарагандан бери канча жыл өттү бирок ушул күнгө чейин оңдоп түзөө иштери каралган эмес. …
Быйылкы жылы биздин айылда көп эле сүйүнүчтүү кабарлар болду десек да болот. Билим уясы мектептин толук бүтүшү жана ачылышы, жаан-чачындын мол болушу, жер жемиштеринин өсүп жетилип жатышы жана башка айта …
«Мен бул жерде көптөн бери эмгектенем, бул бала-бакчанын абалы 95%га жакшы, бизде 320 наристе тарбияланып жатат. Тазалык жагынан жетишээрлик деңгээлде таза кармайбыз. Тамак-аштары өз убагында берилет», — дейт ал.Ахмедовдун айтымында, …
Шакиржан Шакиров өрүк шербетин бир чынысын 15 сомдон сатат жана бул шербеттин дарылык касиети да көп ички оорууларга жана жүрөк орууларына да пайдалуу.Шакиржан Шакировдун билдиришинче , өрүк шебетин даярдоонун өзүнүн …
2014-жылы капысынан эле күйүп кеткен мечиттин куруу иштери аяктап, сырты мрамор менен капталган мечит курулду.
Исмаилова Бүүбүкан Үч-Коргон айыл өкмөтүндө миграция боюнча агент болуп иш алып барат.“Биздин Үч-Коргон айылында 2015-жылга карата июнь айында 423 жумушсуз айылдын тургундары кайрылышкан андан 114 аялдар. Биз келгендерди окуу менен …
“Биздин үйдүн маңдайында суу чоргосу бар. Ал бузулгандан бери ондоп бере албай жатаышат. Ичкенге сууну алыскы булактан ташып келебиз бизге бул кыйынчылык туудурат”, — дейт айыл тургундарынын бири. «Суу чоргосун …
Андарак айылында суу тартыштыгы жок. Ар бир апта сайын арыктарыбызга суу келип турат .Иш жүзүндө ар бир үйдө суу чоргосу чыгарылган. Арыктан келген суу элдердин эгиндерине, суугаруу максатында колдонулат. Андарак …
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын кооз жайлоосу бар. Ошол жайлоого келип эс алып кеткен адамдар арбын.