Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 «Кызгалдак» балдар бакчасы бир топ жылдан бери кышкысын иштебей келген. Себеби балдар бакчасында жылуулук системасы жок болгон.
Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-2» жана 2016-жылы уюштурган «Кыш-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (март — август) аралыгында сынак …
Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы жашоочуларды айнек эшик, терезе, башка жыгач буюмдар менен камсыз кылып турган жыгач уста Алымбек Тургуналиев бала чагынан бери бул өнөр менен алектенет.
Балдардын жайкы каникулу көбүнчө айылда, жайлоодо, ошондой эле айрымдары эс алуучу жайларга барып келүүдө.
Токтогул суу сактагычынын Кызыл-Кум жээгине адамдар көп келип жайкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүп жатышат. Кызыл-Кум жээги Кетмен-Дөбө айыл аймагына жакын жайгашкан жана жергиликтүү эл бул жерге жайкы ысыкта сүзүү үчүн …
Ардактуу эс алуудагы педагог Дилдеайым Жумабаева тоок ферма ачып, элди таза жумуртка менен камсыз кылууда.
Чоң-Арык айылында колунан бардык нерсе келген тикмечи айым өзүнүн айылдаштарына кийим тигүү, курак тигүү жана башка буюмдарды тигүү кызматын көрсөтөт.
Коргол орто мектебинин окуучулары арасында “Эң мыкты окуучу”сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөрү Талас облусуна барып, Манас Ордодо болуп кайтышты. Бул сынак мектептин тарых мугалими Өмүр Турсунбаевдин демилгеси менен өткөрүлүп, Кетмен Дөбө айыл …
Жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун тогузунчу журналистика мектеби. Мектеп 2016-жылдын 18-июль — 27-август аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. …
Токтогул районунун Терек-Суу айылында Анас атындагы мечит ачылды. Айыл чоң болгондуктан экинчи мечит курулганын айтат, демилгечилер.
Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (январь 2015 — июнь 2016) аралыгында сынак үчүн …
Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Асылбек Бегалиев көп жылдан бери устачылык менен алектенип келет. Уста үй эмеректерин буйрутма менен жасайт.
Терек-Суу айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, көпчүлүгү жол маселесин айтышкан. Бул тууралуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Дженалиевге кайрылып, төмөнкүдөй жоопторду алдык.
Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан Кетмен-Дөбө айыл өкмөттүк имаратын оңдоо иштери жүрүүдө.
Жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун сегизинчи журналистика мектеби. Мектеп 2016-жылдын 6-июнь — 16-июль аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Алмаз Эшбаев, «Учкун» ЖМБ 2. …
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү. Анда эӊ мыкты окуган окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылып, демѳѳрчүлѳр тарабынан уюштурулган стипендиялар берилди.
Токтогул районундук билим берүү бөлүмү “Тарыхта калган кара тактар” сынагын уюштурду. Ага тогуз мектеп катышып, Комсомол айылынан барган топ алдыңкы орунга татыды.
Терек-Суу айылына сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көбүнчөсү тургундар таза суу көйгөйү бар экенин билдиришти. Бул маселе боюнча Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Джээналиевге кайрылып, маек курдук.
Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү. Бул бирдиктүү форма кийүү демилгеси аталган мектептин директору Турсумкан Абдыгуловага таандык.