Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиевдин тескемесине ылайык Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары кызмат ордуна Аттокуров Кутубек Нуржанович дайындалды.
Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө өрөөнүнүн Терек-Суу айылындагы клуб толук капиталдык ремонттон өттү. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Болот Багынбаев маалымат берди.
Токтогулда 8-Март — Аялдардын Эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Ага райондогу мекеме-ишканалардын, айыл аймактардын айымдары катышып, майрамдык маанайда өттү. 2025-жылдын 7-март күнү райондук мамлекеттик администрацияда аялдардын эл …
5-март Ак калпак күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында иш чара болуп өттү. Иш чарага Т. Айбашев жана К. Надиров атындагы орто мектебинин окуучулары, Шайыр апалар …
3-март — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.Иш-чара жөө жүрүш менен башталып, ага райондогу ишкана, мекемелердин эмгек жамааттары, шаар тургундары катышты.
FLEX программасына Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинин 9-б классынын окуучусу Аяна Кадырбаева катышып, Америкага 1 жыл окуп, жашап келгенге жолдомо алды. КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларына америкалык мектепте …
Турусбек мектебинде ата-энелердин билим деңгээлин жогорулатуу жана балдардын тарбиясына байланыштуу маселелерди талкуулоо максатында «Ата-энелер мектеби» өтүлүп жатат. Бул иш-чаралар мектептин бүткүл жамаатына, ата-энелерге, ошондой эле мугалимдерге да пайда алып келет.
2025-жылдын 30-январында 2024-жылдын жыйынтыгы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясы болуп өттү.
Кетмен- Дөбө айыл аймагындагы 7 мектептин мугалимдеринин арасындагы «Достук , биримдик, педагогикалык чыгармачылык» — аталыштагы мугалим кыз келиндер арасында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюн №15 Данканай атындагы жалпы билим …
Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл аймактарынын бириккенден кийинки үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен айыл өкмөтүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында айылдын өнүгүүсүнө жана калктын турмушун жакшыртууга багытталган маанилүү көйгөйлөр акырындап чечиле баштады. Жакында өткөн Курултайда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана башка олуттуу …
Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Чолпон-Ата айылындагы Күн-Тийбес деген жерде муз аянтча ачылды.Балдар учурда кышкы эс алуусун муз тээп өткөрүп жатышат. Муз аянтчаны айыл тургуну Нурланбек Отунчиев өз бакчасына …
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Үч-Терек айылындагы Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев атындагы маданият үйү капиталдык ремонттон өтүп, бүгүн салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.
14-декабрь күнү Токтогул районундагы Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде райондук мектеп директорлорунун семинар-экскурсиясы өттү. Иш-чарага Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева жана райондогу 20 мектептин директорлору катышты. …
Кетмен-Дөбө аймагына караштуу Терек-Суу айылындагы Турусбек орто мектебинде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чарада 8-9-10- классттардын окуучулар арасында Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык чыгармалардан үзүндү алып, сахналаштырып ролдорду аткарышты. …
7-декабрь күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо болуп өттү. К.Р. Президентин жарлыгынын негизинде 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү кезектеги Элдик курултайга Кетмен-Дөбө аймагынан эки делегат шайланды. Жыйынды жергиликтүү кеңештин төрагасы …
Токтогул районунда 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Токтогул районунун аймагындагы жалпы билим берүү мектептеринде спорттук мелдештер, тегерек столдор жана жолугушуулар өткөрүлдү.
Токтогул районунда Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына карата «Тотуя» драмасы көрүүчүлөргө тартууланды.Жазуучу, драматург Качкынбай Керимбаевдин Токтогул Сатылгановдун чыгармаларынын негизинде жазылган «Тотуя» драмасы, Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан сахналаштырып көрсөтүлдү.
Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагында 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен шайланган 21 депутаттка мандат тапшырылды.
Жаштар күнүнө карата 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында интеллектуалдык таймаш уюштурулду.Таймашка Ж.Бөкөнбаев, Т.Ормонбеков, Манас, У.Артыкбаев, А.Ибраимов, Мүлкүбат, К.Чодошев мектептеринин окуучулары катышышты.