Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баетов

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоо сынактары башталды

Бүгүн республика боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы эки жылдан бери биринчи жолу оффлайн башталды.

11 Июнь 2022 жыл 13:24

Акталаада бүтүрүүчүлөр үчүн Акыркы коңгуроо кагылды

Бүгүн Ак-Талаа районундагы орто мектептерде бүтүрүүчүлөргө арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлдү. Салтанатка мектеп окуучулары. Мугалимдер, ата-энелер,  район жана  мекемелердин, айыл өкмөттөрдүн жетекчилери катышты.

9 Июнь 2022 жыл 16:57

Майыптыгы бар жарандарга атайын арабалар берилди

Акталаа районунун Баетов айылындагы майыптыгы бар  3 тургунга «Эне-балага тирек» коомдук фондусу жана «Ас-Салам» кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен майып араба тапшырылды.

8 Июнь 2022 жыл 15:11

Кыз-келиндер арасындагы мелдештер кызуу уланууда

Ак-Чий айылындагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин жалпы жамааты кыз-келиндер арасындагы спорттук оюндардын кезектеги айлампасын өткөрдү. Бул жолу мелдешке 5 команда катышып, спорттун волейбол жана  аркан тартыш түрлөрү боюнча күч …

7 Июнь 2022 жыл 10:03

«Акыркы коңгуроо» салтанатын мектептен башка жайларда белгилөөгө тыюу салынды

Өлкөдө пандемия башталгандан бери биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө арналган Акыркы коңгуроо салтанаты оффлайн форматта өтөт.

7 Июнь 2022 жыл 9:57

Алгачкы ирет бала бакча тарбиячылары арасында республикалык сынак өттү

Ак-Талаа районундагы бала бакчалардын үч тарбиячысы учурда Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаковдун 80, «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 8 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан «Мыкты тарбиячы-2022» сынагына катышты.

6 Июнь 2022 жыл 15:08

Мугалим, стюардесса жана фермер болгусу келген Акталаадагы эгиздер

Ак-Талаа районунда жалпы орто билим берүүү 18 мектеп бар. Учурда мектептердин 11 жана 9-класстын айрым бүтүрүүчүлөрү кесип тандоо менен алек. Бул жолу эгиз түгөйлөр кандай кесип тандагандыгы тууралуу сурап көрдүк.

6 Июнь 2022 жыл 9:49

Акталаада балдар музыкалык мектебинин отчеттук концерти болду

Ак Талаа райондук Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин мугалимдер жана  окуучуларынын  жыйынтыктоочу отчеттук концерти  өттү.

4 Июнь 2022 жыл 12:26

Ак-Талаа: Кош бол, бала бакчам

Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында жайгашкан «Айдос» бала бакчасында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата «Кош бол,бакчам» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда балдар бакчада үйрөнгөн ырларын ырдап, бийлеп беришип, …

3 Июнь 2022 жыл 12:29

Акталаада Балдарды коргоонун Эл аралык күнү белгиленди

Бүгүн Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө  1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бөбөктөргө арналган майрамдык салтанат өттү. Анда балдардын билим  борборунун (БББ)  мугалимдери, ийрим мүчөлөрү менен бирдикте балдарга жомок, …

1 Июнь 2022 жыл 22:30

Кыз-келиндер спорт аркылуу сергек жашоого үндөйт

Акталаада кыз-келиндер арасында спорттук оюндар байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Тактап айтканда ай сайын аялдар арасында волейбол, аркан тартыш боюнча шерине оюн өткөрүлүп турат. Кезектеги оюнду жеңген командалар уюштурат.

31 Май 2022 жыл 13:50

Баетов: Дыйкандардын эмгеги текке кетпес үчүн мал тосот уюшулат

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жазгы-айдап себүү иштери аяктап калды. Ошого байланыштуу сугат үчүн суу берүү дагы токтотулду. Ал эми айдалган айдоо аянттарын мал тебелеп, эмгек текке кетпес үчүн жылдагыдай мал …

27 Май 2022 жыл 10:50

Акталаада жылдын мыкты мугалими жана тарбиячылары аныкталды

Ак-Талаа районундагы билим берүүчү орто мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында «Жылдын мыкты мугалими-2022», «Мыкты тарбиячы-2022» кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

27 Май 2022 жыл 10:36

Апалар ар дайым сыйга татыктуу

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Энелер күнүнө арналган “Баарынан эне күчтүү, Энелер — өмүр булагы, үйдүн куту” деп аталган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Аны  райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук аялдар кеңеши менен …

26 Май 2022 жыл 13:30

Сүрөтбаян: Мугалим-коомдун саяпкери

Бүгүн Ак-Талаа районундагы билим берүү тармагында эмгектенген агартуучулар, тарбиячылар үчүн  «Мугалим-коомдун күзгүсү» аталышындагы жыйынтыктоочу салтанат уюштурулду. Салтанатка быйылкы окуу жылында  мектептерде, бала бакчаларда эмгектенген алдыңкы жана ардагер мугалимдер, тарбиячылар, эл …

26 Май 2022 жыл 13:27

Ээр чапкан элеттик жигит

Ак-Талаа районундагы  Кара-Бүргөн айылынын 43 жаштагы тургуну Алтынбек Жусупбеков элет жеринде мал чарбачылыгы менен бирге эле беш жылдан бери жеңил салмактагы заманбап ээрлерди жасап, чакан ишкерлик менен алектенет. Мындан сырткары, …

23 Май 2022 жыл 22:55

Социалдык борбордун окуучулары жеңүүчү болушту

Ак-Талаа районундагы балдар билим борборунун ийрим жетекчилери ыктыярчылык негизде  Баетов айылындагы  «Азык» социалдык борбору менен тыгыз байланышта иш алып барышат.

23 Май 2022 жыл 22:47

Апалар үчүн ар бир күндү майрам кылууга милдеттүүбүз…

Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Салтанат Баетов айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, Баатыр энелер, мекемелерде иштеген айымдар, жаштар жана  райондун акими Жумадилла Жапаров менен айыл …

23 Май 2022 жыл 9:16

Эндик өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн чогултууга тыюу салуу боюнча долбоор каралып жатат

Кыргызстандын аймагында боек катары колдонулуучу 80 ге жакын өсүмдүктүн түрү бар. Күнүмдүк-тиричиликте да кеңири пайдаланышкан. Учурда синтетикалык боектор пайда болгону менен табигый боекторду өндүрүү менен алектенгендер дагы жок эмес. Мунун …

23 Май 2022 жыл 0:01

Турак-жай салуу үчүн жер тилкеси күздөн баштап бериле баштайт

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында турак-жай үчүн жер тилкеси, таштанды, таза суу сыяктуу орчундуу  көйгөйлөр бар. Айыл ичинде таштанды эки жумада бир таштанды чыгарылганы менен тургундар аны сорттоп чогултууну  эске алышпайт.

29 Апрель 2022 жыл 18:34

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...