Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Ар дайым эл кызматында жүргөн айым

Баетов айылында Кулманбетова Сонунбүбү жетектеген «Аристотель» маалымат борбору өз кызматын көрсөтүп келүүдө. Борбордо сүрөт чыгаруу, текстти компьютерде жазуу, интернет булактарынан маалымат издөө сыяктуу компьютердик кызматтар көрсөтүлөт. Ошондой эле жаш балдар …

23 Май 2015 жыл 10:20

“Келечектин жашыл бутактары” акциясы бала бакчада

“Келечектин жашыл бутактары” акциясы бир канча жылдан бери ЖАК МФК «ФУ Компаньон» тарабынан балдар үйлөрүндө, интернаттарда, балдар-бакчаларында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоо мекемелеринде жана мектептерде өткөрүлүп келе жатат. Мындай акция буга …

22 Май 2015 жыл 14:11

Куланак: «Жакшылык, кайрымдуулук, боорукерлик» темасында талкуу өткөрүлдү

А.Аралбаев орто мектебинде “жакшылык, кайрымдуулук, боорукерлик”  темасында кызуу талкуу болду. Шамуратова Турдубүбү “ Баястан» коммерциялык эмес уюмдун башчысы” жана мугалим Мунара эже мектеп окуучуларына жана ата энелерге семинар-тренинг  өттү.

21 Май 2015 жыл 13:35

Куланак:  Башталгыч класстар үчүн ашканага жаңы приборлор алынып келинди

А.Аралбаев орто мектебинде  ачылган типтүү ашкананын иши мыкты деңгээлде өтүп жатат. Долбоор боюнча жаңы ашканага приборлору алынып келинген. Алардын азыркы учурда абалы жакшы жана өзүнүн кызматын  мыкты аткарып жатат

21 Май 2015 жыл 12:07

Унаа жайдын ачылганына эл ыраазы

Баетов айылында авто унааларды оңдоочу жай ачылганына бир нече убакыт болду.Бул жерде адистер авто унаанын ар түрдүү тетиктерин оңдоп, чийилген ,так болгон жерлерин сырдап, жаңыртып элге эмгек кылууда.Азыркы учурда бул …

21 Май 2015 жыл 11:24

Учкундуктар республикалык «Манас таануу» сынагында байгелүү орунду багынтты

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин “Улуу баян” тобу республикалык  “Манас таануу” телетаймашына катышып, 2-орунду багындырды. Аталган  сынакка жети облусттан экиден топ, Бишкек шаарынан төрт тайпа  таймашышты. Сынак 1-2-3-май күндөрү жүрдү.

19 Май 2015 жыл 14:28

Учкун: Окуучулар жеңиш майрамын өткөрүштү

Учкун  айылында  Жеңиш  майрамынын  70 жылдыгына  карата  чоң  деңгээлде  даярдалган  иш  чара   болуп  өттү.  Аталган  иш чарага айыл  тургундары,  ак  сакал  ата-апалар, мектеп  окуучулары  катышты.

19 Май 2015 жыл 14:06

Кызыл-Жылдыз: Айылдагы алгачкы парк

Нарын районунун Кара -Чий айылынын демилгелүү тобунун аракети астында Шераалы атындагы парк курулуп жатат . Бул тууралуу айыл тургуну Шераалиев Кадыркул билдирди.

18 Май 2015 жыл 11:29

Жерге-Тал: Мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган инвестиция

Ушул жылдын 15-май күнү Жерге-Тал айылында “Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоору боюнча тегерек үстөл болуп өттү. Аткарылган жумуш иштери боюнча жайыт комитетинин төрагасы Алмаз Өмүров төмөнкүлөрдү билдирди: — Жерге-Тал …

17 Май 2015 жыл 16:45

Жерге-Тал айыл аймагында кызамык оорусу катталды

Учурда Жерге-Тал айыл тургундарын кызамыкка каршы массалык эмдөө аяктоодо. Бул тууралуу Жерге-Тал үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Чагалдак Молдалиева билдирди. Жерге-Тал айылында кызамык менен үч адам катталган. Алар кызамыктын жеңил түрү …

17 Май 2015 жыл 16:32

Кызыл-Жылдыз: Кыргызстандын гербинин автору ыр кесеге катышты

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин автору Асейин Абдраев Кара-Чий айылындагы Абдраев атындагы көчөсүнүн ыр кесесине катышты. Бул тууралуу айыл башчы Кыдырбек Абдрахманов билдирди.

17 Май 2015 жыл 16:20

“Жылдын мыкты мугалими” сынагынын райондук туру Жерге-Тал айылында өткөрүлөт.

Бул тууралуу сынак өтө турган Асанбек Табалдиев орто мектебинин директору Баатыр Сманбаев билдирди. Буга чейин өрөөндүк тур Он-Арча айыл окуругунда өткөрүлгөн. Былтыркы сынакка катышып келген А.Табалдиев орто мектебинин мугалими Элина …

17 Май 2015 жыл 16:03

Жерге-Тал айылында ветеринардык клиника ачылат

Жерге-Тал айыл аймагында ветеринардык клиникасын куруу боюнча долбоор башталды. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Наамат Тентиев билдирди. “АРИС” коомдук уюму тарабынан каржыланган жалпы суммасы 15 миң АКШ доллар сарпталуусу күтүлүүдө.

17 Май 2015 жыл 15:41

Жерге-Тал: Республикалык “интелектуалдуу окуучу” сынагында 11-класстын окуучусу 4-орунга ээ болду

Жерге-Тал айылынын Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучусу Кумар Орунбек уулу Талас шаарында «Интеллектуалдуу окуучу» республикалык сынагына катышып келди. Бул тууралуу мектеп директору Баатыр Сманбаев маалымдады.

17 Май 2015 жыл 15:19

ЛИЦЕЙДИН ИМАРАТЫ ЖАРАКСЫЗ АБАЛДА

Айылдагы  №86 Кесиптик лицейдин торт кабаттуу  имараттын чатыры менен тортунчу кабаты  жана спорт залы авариялык абалга жамгырдын кесепетинен туш болгон

16 Май 2015 жыл 11:07

Куланак: Бирге окугум келет

А. Аралбаев атындагы орто мектебинин 2 “б” классынын окуучулары менен Ага Хан фонду тарабынан демилгеленген бирге окуйбуз аттуу сынак болуп өттү.

16 Май 2015 жыл 11:05

Куланак: Кызамык оорусу жер жерлерде чыгып жатат

Кызамык,кызылча ооруларына каршы Куланак айылында эмдөө  12-майда башталган. Куланак  айылындагы  № 1-уй бүлөлүк  дарыгерлер  тобунун  башкы дарыгери  Сайрагүл  Асанова  «Куланак  айылында  жалпы  бардыгы  2875  жашоочу  бар, анын  ичинен  914 тү …

15 Май 2015 жыл 14:38

Куланак:Кылым карыткан кыргыз кол өнөрчүлүгү

“Ат-адамдын канаты” деп кыргыз элинде бекеринен айтылган эмес. Бийик тоону мекендеген кыргыз элинин жашоосу жылкы менен тыгыз байланышта болгон. Илгертен кыргыз мырзасы атты кадылап, аны пир туткан. Андыктан, ата мурасы …

14 Май 2015 жыл 11:44

Куланак: Мектеп үчүн 60 миң сом

А.Аралбаев орто мектебинин 85-жылы бүтүргөн 30 жылдыктар мектепти жашылдандыруу үчүн 60 миң сомдук салымын кошушту. Мектеп аянтына балдар эс ала тургандай кылып жакшы шарты менен кичи сейил багын тосуп, кооздоп …

13 Май 2015 жыл 13:29

Куланак: Куланакта 8 баллдык жер титирөө

А.Аралбаев орто мектебинде жер титирөөнүн алдын алуу боюнча областтык семинар болуп өттү. Бул семинарга  “Кызыл жарым ай” коомунан,өзгөчө кырдаалдардан,ооруканадан  тез жардамдардан  келип катышышты. Күтүлбөгөн  табигый кырсыктар болуп кетсе,мектеп окуучулардын даярдыктарын …

13 Май 2015 жыл 12:39

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...