Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Куланак: Эми айылды суу каптабайт

Былтыр кышында 30-35 градус сууктун кесепетинен айылдагы көчөлөрдүн биринде суу ташкындоосу болуп, жабыркоо болгонун жазган элек. Бул окуядан кийин айылдагы “Макый ата” жана “Дөөлөт уулу Барктабас” көчөлөрүнө май айынан июнь …

24 Ноябрь 2015 жыл 13:49

Учкун: Бала кезинен бери устачылык менен алектенген Чапай Оморов

Учкун айылынын тургуну Чапай Оморов 20 жылдан бери жыгач устачылыгы менен алектенет. Ал өзүнүн устаканасын 10 жыл мурун куруп, дагы деле элге керектүү буюмдарды жасайт.

20 Ноябрь 2015 жыл 20:45

Учкун: Ош облусундагы жер титирөө айылда да байкалды

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 17-ноябрда түнкү саат 23:29дарда жер титирөө байкалды. Жер титирөө оор кесепетин алып келген жок.

18 Ноябрь 2015 жыл 18:15

Сүрөт: Учкун айылындагы биринчи кар

Нарын районуна караштуу Учкун айылында кар 18-ноябрь күнү таңга маал жаай баштады. Аба ырайына таянсак алдыңкы күндөрдө кардын жаашы күтүлбөйт.

18 Ноябрь 2015 жыл 15:19

Учкундагы тигүү цехи кыз-келиндерди жумуш менен камсыздоодо

Нарын районунун Учкун айылында «Дастан» тигүү цехинин ачылганына беш жыл болду. Учурда бул мекеме беш аялды жумуш менен камсыздайт.

18 Ноябрь 2015 жыл 14:08

Куланактагы улакчы жаштар маселе көтөрүүдө

Куланактагы улакчы жаштар жергиликтүү бийликке ат оюндарды мелдештерди уюштурууга жана көнүл бурууга чакырат. Буга чейин айылда көп эле жолу улак тартыш оюну болуп келген. 

18 Ноябрь 2015 жыл 13:26

Учкун: Ар күнүн кыргызча өткөргүсү келген америкалык ыктыярчы

Нарын районунун Учкун айылына Америкадан ыктыярчы келгенине бир жыл болду. «Мен кыргызча жашашым керек» деген Дениел Гроссо өзүнүн бир күндүк жашоосун айтып берди.

18 Ноябрь 2015 жыл 9:49

Учкунда жаштар өздөрү демилгелеп улак тартыш уюштурууда

Кыргыздын улуттук оюндарынын бири улак тартыш оюну Учкунда 2-3 жылдан бери ойнолбой калган эле. Буга кайдыгер карабаган айылдык жаштар улак тартыш оюнун кайрадан жандандыра баштады.

18 Ноябрь 2015 жыл 9:36

Баетов: Света эже гүлдүн бир канча түрү менен бирге лимон, мандарин жана калемпир өстүрөт

Баетов айылынын тургуну Света эже бир канча жылдан бери үйүндө лимон, мандарин жана болгар калемпирин өстүрүп, түшүмүн алып келет.

17 Ноябрь 2015 жыл 22:43

Учкун: “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагында бүтүрүүчү класс башкы орунду алды

Быйылкы окуу жылдын башталышында Токсобаев орто мектебине көрк берүү үчүн жана окуучулардын талантын ачуу максатында “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагы уюштурулду. Сынак үчүн сүрөттөр мектептин короосундагы дубалга тартылды.

17 Ноябрь 2015 жыл 13:26

Куланак: Базарда малдын баасы төмөн

Нарын облусу боюнча Ак-Талаа районунда жума күнү, Ат-Башы районунда жекшемби күндөрү мал базар болуп турат. Куланак, Учкун айылдары жума күндөрү Ак-Талаа районуна барбастан эле жол боюна чыгып малдарын соодалашат.

16 Ноябрь 2015 жыл 11:37

Грек-рим күрөшү боюнча райондук мелдеште куланактык балбандар баш байгени алды

Нарын районунун Эчки-Башы айылына 10 командадан түзүлгөн грек-рим күрөшү боюнча беттеште Куланак айылынын жаштары командалык биринчиликти багындырып келишти. Райондук беттеш 14-ноябрда болуп өттү.

16 Ноябрь 2015 жыл 10:25

Ак-Талаадагы айрым мектептерде окуучулардын тамактануусунун санитардык гигиеналык абалы начар

Ак-Талаа районундагы орто мектептердеги окуучулардын тамактануусунун  санитардык гигиеналык  абалын кезектеги текшерүүдө айрым  ашканалары талапка жооп берген жок.

7 Ноябрь 2015 жыл 18:17

Баетовдо мугалимдерге окуу өткөрүлдү

Баевтов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында мугалимдер үчүн окуу өткөрүлдү. Окууда сабактын жаңы  үлгүлөрү, окутуунун заманбап ыкмалары жөнүндө кеңири түшүнүк берилип, ага мугалимдер жигердүү катышты.

7 Ноябрь 2015 жыл 16:54

Ак-Талаа районунун аймагындагы өрт кырсыктары жарым миллион сомдук чыгым алып келди

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айында Ак-Талаа районун аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, 519239 сомдук социалдык-экономикалык чыгымдарды алып келген. Бул көрсөткүч  2014-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 20 пайызга азайган.

7 Ноябрь 2015 жыл 16:54

Клооп «Кыш-2016» 1-журналистика мектебине катышуу үчүн сынак жарыялайт

      Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынак Кыскача Сабактар качан башталат? 4-январь, 2016 Сабактар каерде болот? Бишкек шаары, Огонбаев көчөсү 222, «Клооп Медианын» кеңсеси Сабактар канчага созулат? Алты апта (4-январь …

3 Ноябрь 2015 жыл 18:13

КҮЗ-2015 экинчи журналистика мектебинин катышуучулары

Бул жылдын эсебинин жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун төртүнчү журналистика мектеби. Мектеп 2015-жылдын 2-ноябрь — 19-декабрь аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Айдай …

3 Ноябрь 2015 жыл 17:24

Куланакта мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо боюнча мастер класс болду

Нарын районунун Куланак айылында 22-октябрда мектеп бүтүрүүчулөрүнө кесипти туура тандоо боюнча мастер класс  өтүлдү. Бул тренингди Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцаициясы уюштуруп берген. Ал эми финансылык колдоо «Немец толкуну» академиясы …

31 Октябрь 2015 жыл 10:49

Куланакта кышка даярдыктар кандай жүрүүдө?

Айылда бала бакча, мектеп, оорукана жана айыл өкмөтүнүн кышкыга болгон даярдыктарына собол.

30 Октябрь 2015 жыл 17:48

Баетовдо ата-энелер жана окуучулар менен “Бирге окуйбуз” сынагы өттү

Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 3-класстын окуучулары жана ата-энелери арасында окуучулардын китеп окууга кызыктыруу, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, дүйнө таанымын кеңейтүү максатында “Бирге окуйбуз” сынагы өттү.

29 Октябрь 2015 жыл 17:17

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...