Нарын районуна караштуу Учкун айылында 17-ноябрда түнкү саат 23:29дарда жер титирөө байкалды. Жер титирөө оор кесепетин алып келген жок.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында кар 18-ноябрь күнү таңга маал жаай баштады. Аба ырайына таянсак алдыңкы күндөрдө кардын жаашы күтүлбөйт.
Нарын районунун Учкун айылында «Дастан» тигүү цехинин ачылганына беш жыл болду. Учурда бул мекеме беш аялды жумуш менен камсыздайт.
Куланактагы улакчы жаштар жергиликтүү бийликке ат оюндарды мелдештерди уюштурууга жана көнүл бурууга чакырат. Буга чейин айылда көп эле жолу улак тартыш оюну болуп келген.
Нарын районунун Учкун айылына Америкадан ыктыярчы келгенине бир жыл болду. «Мен кыргызча жашашым керек» деген Дениел Гроссо өзүнүн бир күндүк жашоосун айтып берди.
Кыргыздын улуттук оюндарынын бири улак тартыш оюну Учкунда 2-3 жылдан бери ойнолбой калган эле. Буга кайдыгер карабаган айылдык жаштар улак тартыш оюнун кайрадан жандандыра баштады.
Баетов айылынын тургуну Света эже бир канча жылдан бери үйүндө лимон, мандарин жана болгар калемпирин өстүрүп, түшүмүн алып келет.
Быйылкы окуу жылдын башталышында Токсобаев орто мектебине көрк берүү үчүн жана окуучулардын талантын ачуу максатында “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагы уюштурулду. Сынак үчүн сүрөттөр мектептин короосундагы дубалга тартылды.
Нарын облусу боюнча Ак-Талаа районунда жума күнү, Ат-Башы районунда жекшемби күндөрү мал базар болуп турат. Куланак, Учкун айылдары жума күндөрү Ак-Талаа районуна барбастан эле жол боюна чыгып малдарын соодалашат.
Нарын районунун Эчки-Башы айылына 10 командадан түзүлгөн грек-рим күрөшү боюнча беттеште Куланак айылынын жаштары командалык биринчиликти багындырып келишти. Райондук беттеш 14-ноябрда болуп өттү.
Ак-Талаа районундагы орто мектептердеги окуучулардын тамактануусунун санитардык гигиеналык абалын кезектеги текшерүүдө айрым ашканалары талапка жооп берген жок.
Баевтов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында мугалимдер үчүн окуу өткөрүлдү. Окууда сабактын жаңы үлгүлөрү, окутуунун заманбап ыкмалары жөнүндө кеңири түшүнүк берилип, ага мугалимдер жигердүү катышты.
Үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айында Ак-Талаа районун аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, 519239 сомдук социалдык-экономикалык чыгымдарды алып келген. Бул көрсөткүч 2014-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 20 пайызга азайган.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынак Кыскача Сабактар качан башталат? 4-январь, 2016 Сабактар каерде болот? Бишкек шаары, Огонбаев көчөсү 222, «Клооп Медианын» кеңсеси Сабактар канчага созулат? Алты апта (4-январь …
Бул жылдын эсебинин жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун төртүнчү журналистика мектеби. Мектеп 2015-жылдын 2-ноябрь — 19-декабрь аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Айдай …
Нарын районунун Куланак айылында 22-октябрда мектеп бүтүрүүчулөрүнө кесипти туура тандоо боюнча мастер класс өтүлдү. Бул тренингди Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцаициясы уюштуруп берген. Ал эми финансылык колдоо «Немец толкуну» академиясы …
Айылда бала бакча, мектеп, оорукана жана айыл өкмөтүнүн кышкыга болгон даярдыктарына собол.
Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 3-класстын окуучулары жана ата-энелери арасында окуучулардын китеп окууга кызыктыруу, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, дүйнө таанымын кеңейтүү максатында “Бирге окуйбуз” сынагы өттү.
Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгы тарабынан акыркы 10 айдын ичинде 12987 уй бруцеллезго, 8100 уй шарпка, 8584 уй кара санга каршы эмдөөдөн өткөрүлдү.
Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-11-классынын окуучулары кесипке багыт берүү боюнча атайын окуудан өтүштү.