Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районундагы мектептерге өзүнүн калемине таандык китептерин белекке берди.
«Соң-Көл» орто мектебинде «Табигый илимдер» декадасынын 10 күндүк иш чарасы мугалимдерге семинар өтүү менен жыйынтыкталды.
Ак-Талаа районунда Эне тилдердин Эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар кабыл алынган. Анын алкагында райондук маданият үйү тарабынан мекемелер арасында “Сармерден” кыз-жигит оюну уюштурулуп, аны аталган тармактын өкүлдөрү баштады.
Бүгүн Кочкор айылынын жашылча-жемиш базарында айрым сатуучулардын пиязы 50 сомдон сатып жатканы белгилүү болду. Бул күнүмдүк көрүнүшпү же пияздын баасы арзандап жатабы?
Акыркы жылдары билим алууда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, аларды колдонгон жаштардын саны күн санап өсүүдө. Алардын бири Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Айчүрөк Токсобаева. Ал мектеп курагында эле көп тил …
Республика боюнча туруксуз аба ырайы балдарга бакыт тартууласа, чоңдор үчүн түйшүк жаратты. Нарын районуна караштуу Куланак айылына тынымсыз жааган кар 45-50см түздү.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде салт болуп калгандай 11-класстын окуучулары арасында “Зарница” аскердик оюну өткөрүлүп, ага Афган согушунун ардагерлери, аскер комиссариаты, укук коргоо органдарынын, прокуратура кызматкерлери жана мугалимдер …
Жаз мезгилинин келиши менен курулуш материалдарынын баалары да кымбаттайт. Анын бирден- бир себеби курулуш иштери жанданып, аларга болгон суроо-талап да жогорулайт. Жергиликтүү тургундардын айтуусу боюнча үй салуу жылдан жылга кыйын …
Кочкор айылында «Мугалим − улут келечеги» долбоорунун алкагында кыздар жана аялдар үчүн жаңы фитнес борбор ачылды.
Бозо – кыргыздын улуттук суусундугу. Ал дан өсүмдүктөрүнөн, таруу, жүгөрү, буудайдан өндүрүлгөн угуттан даярдалат. Айыл жеринде мурдагыга караганда бозо салгандар азайды. Бирок кардарлар көп болгондуктан, бозонун баасы кымбаттаган.
Төлөк айылында кан басымы жогору турган 30 адам атайын каттоодо турушат. Алар дайыма көзөмөлдө турушуп, доктурлардын сунушу менен дары-дармек колдонушат. Көпчүлүгү улгайган адамдар болгондуктан дарыны атайын такси кызматынан алдырышат. Күн …
Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.
16-февраль күнү Чолпон айылындагы оорукана жаңыланып, ишке кирди. Оорукана 20 жылдан бери эски абалда турган. Ошол себептүү дарыгерлердин кубанычында чек жок.
Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү максатында Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучулары жана ата — энелери менен тарбиялык ачык сабак өтүлдү. Бул сабакты класс жетекчи жана …
Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Кочкор районунун 19 мектебин жаңы компьютер менен камсыздады. Анын ичинде «Соң-Көл»орто мектеби бар.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Жумаш Асаналиева бал кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал айылдагы бош кыз-келиндерге да өз өнөрүн жайылтып, үйрөтүп келет.
«Сон-Көл» айыл өкмөтүндө Кочкор ройондук админстрациясынын башчысы акимдин катышуусу менен элдик жыйын өткөрүлдү.
8-февраль күнү Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин Aмерикалык математикалык олимпиадасынын экинчи туруна жолдомо алган окуучуларына сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлыкты Кочкор районунун администрация башчысынын орун басары жана …
Кыш мезгили келип ар бир үй-бүлө өз шартына карап кышкыга бодо малдан «Согум» даярдап алат. Бул тээ илгерки ата-бабалардан келе жаткан салт. Бирок бүгүнкү күндө «Согумду» кышкы шерине тамак катары …
Нарын районуна караштуу Оттук айылында чоңойгон Сирень Келдибек кызы учурда Туркия мамлекетинде тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүндө менеджер болуп эмгектенет. Алар учурда …