Бүгүн 3-март күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү белгиленди.
2016- жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. Дал ушул жылдан тартып, 5-мартта Кыргызстандын баардык аймактарында “Ак калпак” күнү белгиленип келет.
Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинин окуучулары 28-февраль күнү Жогорку Кенешке барууга мүмкүнчүлүк алышып, депутат Улан Бакасовго жолугушту.
2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Курбанбек Камчыевдин буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мамырбаев Алымбек Бирназарович дайындалды. Буга чейин бул кызматта Батталов Рысбек Сапарбекович иштеп келген.
Пандемиянын кесепетинен келип чыккан кымбатчылык айыл жергесиндеги чарбанын өнүгүшүнө терс таасирин өлкө боюнча байкалып жатат. Мисалы өткөн жылы эле күйүүчү май, техникалык тетиктердин кымбатташы жергиликтүү элге бир топ кыйынчылыктарды жараткан.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында 2022-жылга карата бир катар иштер пландалды. Бул жылы мамлекеттик бюджеттен теңдештирүүчү грант катары 2 800 000сом гана бөлүнгөн.
2022-жылдын 28-февраль күнү Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жана Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылында «Бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү айыл аймак» аттуу инновациялык иш чара-демилге боюнча конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө тегерек стол …
«Соң-Көл» орто мектебинде «Эл аралык эне тил» күнүнө карата бир жумалык иш чара өткөрүлдү. Мында ар бир тил сабактарынан берген мугалимдер ар кандай кароо-сынактарды өткөрүштү.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн табигый кырсыктар жана алардан коргонуу, сактануу, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде класс аралык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп, ага «Аян» (8-кл), «Сайып уруш» (9-кл) жана «Эрешен (10-кл) деген аталыш үч команда катышты.
Нарын районундагы Учкун айылында элдерди жумуш менен камсыз кылуу максатында тигүүчү цех ачылды. Аны айыл тургуну Карлыгач Асанова негиздеген.
Акыркы жылдары чет өлкөдөн боорун алмаштырууга муктаж болгон жарандар абдан көп болууда. Мунун бир себеби адамдын боорун билинбей жарактан чыгарган эхинококкоз дарты. Адистердин айтымында, бул илдетти адамдар көбүнчө үй жаныбарлардан …
Азыркы учурда онлайн билим алуу аябай актуалдуулугун жогорулатты. Себеби, пандемия күч алган маалда бардык окуу жайлар онлайн билим берүү системасына өтүшкөн. Пандемиядан кийин окуу жайлар мурдагы калыпка келишсе дагы, менчик …
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде 25-февралда «Мекенди коргоо ыйык милдет» деген аталыштагы иш-чара болуп өттү.
2022-жылдын 25-26 февраль күндөрү мектеп окуучулары арасында Нарын шаарында облустук олимпиада өзүнүн жеңүүчүлөрүн аныктады.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 9-класстар арасында баарына белгилүү болгон интеллектуалдык «Акыл ордо» оюну өттү.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 2021-2022-окуу жылында төрт студент педагогикалык практикаларын өтөштү.
Дүйнө жүзү COVID-19 илдети менен күрөшүп жатканына эки жылдын жүзү болду. Бул аралыкта аны дарылоо алгоритмдери бир канча ирет өзгөртүлдү. Дарыгерлер мезгил-мезгили менен ар кандай окутуулардан өткөрүлүп, чукул кырдаалда чечим …
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек мектебинде 24-февраль «Ачык эшиктер» күнү болуп өттү. Бул күнү ата-энелер мектепке келип, окуучулардын сабактарына катышып, ийрим иштеринин жетишкендиктерине күбө болушту.
Ата- Мекенди коргоо күнүнө карата Ак-Талаа райондук спорт бөлүмү бир катар спорттук иш-чараларды уюштурушту.