Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Куланак: Жалпы элдик жыйналыш

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө жылпы элдик чогулуш болду. Чогулушка Куланак жана Учкун айылдарынын тургундары катышты.

25 Февраль 2022 жыл 14:32

Ат-Башы районунда республикалык деңгээлде дзюдо боюнча мелдеш өттү

23-февраль күнү Ат-Башы районунда республикалык деңгээлде дзюдо боюнча таймаш болуп өттү. Мындай деңгээлдеги таймаш Ат-Башыда алгачкы жолу өтүүдө.

25 Февраль 2022 жыл 14:21

Туура эмес тамактануу балдардын саламаттыгына таасир этет

Ак-Талаа районунда пандемиялык кырдаалга карабай балдардын жалпы саламаттыгы жакшы. Дарыканаларда муктаждыкка жараша дары-дарымектер жетиштүү. Билим берүү мекемелеринде атайын медайымдар бөлүнүп, алар балдардын саламаттыгын текшерип, көзөмөлдөп турушат.

25 Февраль 2022 жыл 11:21

Куланак: Тендер менен келген көмүр сапатсыз

Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында №1 ҮДТ жайгашкан. Бул жылдарга чейин мекеменин жылытуу системасы ток казан жана от казан менен жылытылып келген. 2022 – жылдагы электр энергияны …

25 Февраль 2022 жыл 10:12

Куланак: Күч сынашкан кышкы оюндар

Нарын районуна караштуу А.Аралбаев атындагы орто мектебинде жогорку класстар арасында 23- февраль Ата — Мекенди коргоо күнүнө карата таймаш өткөрүлдү. Таймашка 9 — класстан 11 класска чейинки окуучулар катышты.

23 Февраль 2022 жыл 18:50

Кочкордо Ата-Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

22-февраль күнү Кочкор районунун Райондук Аскер комиссариатында «Ата Мекенди коргоо» күнүнө карата аскердик прикладдык спорт боюнча мектеп окуучулары арасында мелдеш болуп өттү.

23 Февраль 2022 жыл 13:30

Ат-Башы: Экоактивист окуучулар экология боюнча тренинг өткөрүштү

22-февраль күнү Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинин экоактивист окуучулары башталгыч класстын окуучуларына «Экология жана мен» деген аталыштагы оюн-окутуу өткөрүштү.

23 Февраль 2022 жыл 13:22

Аскердик-прикладдык оюн окуучуларды патриоттуулукка тарбиялайт

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналив атындагы инновациялык орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата  11-класстардын окуучулары арасында «Зарница» аскердик-прикладдык оюну уюштурулду.

23 Февраль 2022 жыл 13:15

Ача-Кайыңды: Мектепте мугалимдер 90 пайыз эмдөөдөн өтүштү

Ковидке каршы вакцина даяр болору менен биздин өлкөдө дагы эмдөө жүрүп баштаган. Коллективдүү иммунитет пайда кылыш үчүн калктын жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылынын …

22 Февраль 2022 жыл 20:01

Айыл тургундарына жумуш үстүндөгү ыдык көрсөтүү боюнча маалымат берилди

KyWRAW тармагынын колдоосу менен «Элетайым» Коомдук Бирикмесинин төрайымы  Мыскал Байгазиева «Харассментке каршымын! Жумуш үстүндөгү ыдык көрсөтүү-зомбулук!» аттуу семинар өткөрдү.

22 Февраль 2022 жыл 13:05

Ой-Терскен мектебине 137 миң сомго эмеректер алынды

Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебине Билим Берүү Министрлигинен Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу менен окуу эмеректер тапшырылды.

22 Февраль 2022 жыл 12:06

Кочкор: Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата мелдештер жыйынтыкталды

Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынын №15 кесиптик лицейинде 23-февраль «Мекенди коргоо» күнүнө карата мугалим, устат жана окуучулар арасында футбол оюну боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдеш окуучулар арасында достукту, ынтымакты чыңдоо максатында спорттун …

22 Февраль 2022 жыл 10:08

Тарбиячы: «Ар бир баланын коопсуздугу үчүн баарыбызда жоопкерчилик бар»

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы «Баатыр эне- Шорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулардын ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу бала бакчасынын директору Жаркын Кенжебаева билдирди.

21 Февраль 2022 жыл 18:13

Акталаада жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн  Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында А.Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Мектепти курууга мамлекет тарабынан 67млн.сом бөлүнүп,  мектеп 257 орунга ылайыкталган.

21 Февраль 2022 жыл 18:09

Жумгал: 90-жылдык тарыхы бар театр кулап калуу коркунучунда турат

Жумгал районунун Чаек айылында 90 жылдык тарыхы бар музыкалык драм театырынын имараты кулайын деп араң турат. Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан 2013-жылы «пайдаланууга жараксыз, кирүүгө болбойт» деп чечим чыгарылган. Эгерде табигый …

21 Февраль 2022 жыл 17:04

Оттук: «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору жаңы дайындалды

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору болуп Гулнура Исмаилова дайындалды. Буга чейин жетектеп келген Бурул Мамытова үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жумуш ордун өткөрүп берди.

21 Февраль 2022 жыл 12:56

Сүрөт баян: Ыктыярчылардын тажрыйба алмашуусу

Нарын районуна караштуу А. Аралбаев атындагы орто мектебинде ыктыярчылар үчүн тренинг өтүлдү. Тренингге «Усупбекстан», «Учкун» жана «Куланак» жамааттык мультимедиа борборлорунун жетекчилери  жана ыктыярчылары катышышты. 

21 Февраль 2022 жыл 9:48

Нарын районундагы мультимедиа борборлордун «Медиа Курултайы» өттү

Нарын районундагы «Учкун» жамааттык мультимедиа борборунун онго чукул ыктыярчы-кабарчысы Куланак районунуда уюштурулган тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышып келди. «Медиа Курултай» аталышындагы иш чараны «Учкун», «Куланак» жана «Усупбекстан» мультимедиалык борбору биргелешип уюштурду.

20 Февраль 2022 жыл 16:32

Кыз-келиндер арасында спорт сүйүүчүлөр көбөйүүдө

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде кыз-келиндер арасында  волейбол боюнча өтмө кубок жана аркан тартыш улуттук оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аны райондук жалпы дарыгерлер  практикалык борбору уюштуруп, Баетов …

20 Февраль 2022 жыл 12:14

Ат-Башы: Мектепте англис тилине арналган жумалык болду

Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.

19 Февраль 2022 жыл 18:39

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...