Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

COVID-19 пандемиясы көп балалуу үй-бүлөлөргө кандай таасирин тийгизди?

Коронавирус пандемиясы өлкөнүн абалына, экономикага жана аймактардын жашоо турмушуна олуттуу таасирин тийгизди. Айрыкча, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн оор болду. Бул тууралуу Учкун айылынын социалдык педагогу Гүлзат Кадыркулова билдирди.

28 Ноябрь 2021 жыл 14:45

Куланакта наристелердин төрөлүшү жылдагыдан көп болду

Нарын районуна караштуу Куланак айылында жаңы төрөлгөн балдардын саны жылдагыдан көп катталган. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга пандемия терс таасирин тийгизген жок дейт дарыгер.

28 Ноябрь 2021 жыл 11:59

Куланак: Быйыл «Гриппол» вакцинасы аз келди

Учкун айыл өкмөтүнө караштуу №1 Куланак Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунда сасык тумоого каршы эмдөөлөр жүрүп турат. Учурда гриппке каршы «Гриппол» вакцинасы жок, бирок каалоочулар өздөрү сатып келип алып кеткен учурлар …

28 Ноябрь 2021 жыл 11:30

Учкун: Көчмө добуш берүүгө Бельгия менен Россиядан келген байкоочулар катышты

Нарын районуна карашатуу Учкун айылында участкадан тышкары добуш берүү өттү. Ага комиссия мүчөлөрү жана эл аралык байкоочулар катышты.

27 Ноябрь 2021 жыл 18:40

«Жаңы багыт». Пандемия жана аймактагы китеп окуу маданияты

Кыргызстандагы «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бакай Акылбеков коронавирус пандемиясы китеп окуу маданиятына эки багыттта таасир эткенин билдирди — анын пайдалуу дагы, зыяндуу дагы жагы болду.

27 Ноябрь 2021 жыл 17:41

Баетов: Шайлоо күнү санитардык талаптарды сактоого шарттар түзүлөт

28-ноябрь күнү Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Бул өнөктүккө карата аймактык шайлоо комиссиясы  жер-жерлердеги шайлоо тилкелерин даярдоодо. Тактап айтканда комиссия мүчөлөрүн окуулардан өткөрүп, АСУларды иштешин текшерип, добуш берүү күнүндө болуучу …

25 Ноябрь 2021 жыл 17:38

Нарындагы мектептер медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча билим алышты

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн колдоосу менен медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар-тренинг өтүлдү. Катышуучуларга медиа маалыматтык сабаттуулук, фейк маалыматтар, сынчыл ой-жүгүртүү, …

24 Ноябрь 2021 жыл 23:34

Кочкор: Вакцина тууралуу мифтер жарандарды адаштырууда

Учурдагы Короновируска каршы вакциналар жөнүндө жалган маалыматтар эмдөө процессинде кыйынчылыктарды жаратып жатат. Азыркы күндө Кочкор районунун Кочкор айылындагы вакцинация жөнүндө Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык тармактардын орун басары Чынара …

24 Ноябрь 2021 жыл 17:43

Соң-Көл: Пандемияда күнүнө бир гана такси районго барып жатты

Төлөк айылы райондун борборунан 50км алыстыкта жайгашкан. Айыл тургундары көпчүлүк жумушту райондон бүтуруп келүүлөрүнө туура келет. Айрым гана элдер өздөрүнүн унаалары менен барбаса, көпчүлүгү айылдык таксилер менен барышат. Бүгүнкү күндө …

24 Ноябрь 2021 жыл 11:41

Коронавирустан кийин реабилитациялоо көп убакытты талап кылат

Вирусту жуктуруп, ооруп айыккандардын арасында айыгуу процесси узакка созулуп, реабилитация көп убакытты талап кылынып жаткандыгын бейтаптар көп айтууда. Бул тууралуу Кочкор айылынын тургундары да ой бөлүшүп кетишти.

22 Ноябрь 2021 жыл 21:37

Кочкор: Шайлоо тилкелериндеги санитардык абал

2021- жылдын 28- ноябрында КРнын Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоосу өтөт. Алдыда өткөрүлө турган шайлоого Кочкор айылынын айрым шайлоо участкалардын санитардык абалы менен тааныштык.

22 Ноябрь 2021 жыл 21:27

Элдин үнү: Ковид- 19 вакцинасына ишеним барбы?

Соңку күндөрү Кыргызстанда вирустун жайылышы күчөп, жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Вакцина маселеси дагы деле кабыргасынан турат. Кочкор айылынын жашоочуларын ушул маселе боюнча кепке тарттык. Кочкор районунун тургундары  ковид- 19 оорусуна …

19 Ноябрь 2021 жыл 11:05

Окуучулар кылмыштуулукту алдын-алуу тууралуу маалымат алышты

«Соӊ-Көл” орто мектебинде 6-11-класстарга кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо, психотроптук заттардын зыяндуулугу боюнча лекция уюштурулду.

19 Ноябрь 2021 жыл 11:00

Дарыгер: «Элдик медицинанын чегин билүү керек!»

Эл арасында кээ бир адамдар медициналык кароодон өтүп, атайын адистер жазган дарыларды пайдаланышса, кээ бирлери өзү-өзүлөрүнө диагноз коюп, элдик медицинаны тандагандар да бар. Коронавирус оорусу күч алган маалда да дарыгерге …

18 Ноябрь 2021 жыл 19:52

Кочкор: Коомдук транспортто санитардык көзөмөл абалы

Covid-19 оорусу жүрүп жаткан учурда айдоочулар жана жүргүнчүлөр санитардык абалды сактап жатышабы?

17 Ноябрь 2021 жыл 13:37

Мигрант: «Кымбатчылыктын айынан чет өлкөгө иштөөгө туура келет»

Учурдагы кымбатчылык жана жумушсуздук элеттктердин көйгөйү болуп келүүдө. Айылда айрым дыйканчылык менен алектенгендер кымбатчылыктын айынан чет өлкөгө иштеп кетүүгө аргасыз болушууда. Азыркы учурда Оттук айлында сегиз сырткы жана 5 ички …

16 Ноябрь 2021 жыл 17:04

Куланак: «Мектептер 2030» долбоору башталды

Абдылда Аралбаев мектеби 2030 долбоорунун алкагында атайын иш пландар түзүлүп, алар ишке аша баштады.

16 Ноябрь 2021 жыл 16:43

«Полковник да китеп жазат». Талантбек Мүдүнов айылына арнап китеп чыгарды

Нарын районуна караштуу Учкун айылында милициянын, ички жана финансы полиция кызматынын полковниги Талантбек Мүдүновдун «Турмуштагы туура жол» китебинин бет ачары болду. Иш чара Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүндө өткөрүлдү.

15 Ноябрь 2021 жыл 16:38

Акталаада окуучулар эми жылдыздарды жана асманды изилдешет

Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебине «Жалпы асман алдында» польшалык ассоциациясы жана «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фонду тарабынан «Sky Watcher»  телескоп берилди.

14 Ноябрь 2021 жыл 13:25

Окуучулар күзгү каникулду пандемияга карабай пайдалуу өткөрүштү

Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары күзгү каникулду учурдагы пандемиялык кырдаалга карабай пайдалуу жана кызыктуу өткөрүштү. Айрымдары ар кандай ийримдерге катышса, ЖРТга даярданып, билимин тереңдеткен окуучулар дагы жок эмес.

14 Ноябрь 2021 жыл 13:20

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...