Семинар Проон аркылуу уюштурулуп айыл өкмөтөрдүн бири-бири менен тажрыйба алмашуу жана Кулатов айыл өмөтү менен таанышуу максатында өткөрүлдү. Кулатов айыл өкмөттүнүн жетишкен ийгиликтерин көрүп кетишти.
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебинде Жаш өспүрүмдөр уюмунун 20 жылдыгы белгиленди. Мектептин мыкты окуучалары “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” кошундарына өтүшүштү.
Ноокат районунун Насирдин Исанов айыл аймагына караган Чеч-Дөбө айылынын тургундары аялдама маселеси боюнча көйгөйлөр бар экенин айтышкан. Биз бул тууралуу Исанов айыл өкмөтүнүн орун басары Үсөн Маткалыков менен маек курдук.
Ноокат районунун Жапар Нышанов орто мектебиндеги таланты таш жарган Эрболсун Баратали уулу жаштайынан тартып өзү ырларды жазып ырдайт.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында арыктарды тазалоо иши жүрүүдө. Арыкты тазалоо ишин айыл тургундары ашар жолу менен кылууда.
Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы аялдаманын шарты жок. Айыл тургундары жаңы аялдама курулса дешет.
Ноокат районунун Байыш айылында таза суу жетишсиз. Айыл тургундары таза суу менен камсыз болууну каалашат.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Манас, Семетей жана Сейтек уюмдарына мүчө болушту. Ага 2-класстан баштап 8-класска чейинки окуучулар катышты.
Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында «Айназик» чеберканасы ишке кирди. Цех айыл тургундарына керектелген буюмдарын тигип берет.
Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы «Алыкул Осмонов» балдар бакчасында орундар жетишсиз. Бакчада негизинен 60 бала тарбияланат, чоң жана кичине тайпа болуп экиге бөлүнөт.
«Кеңеш-Нуру» жамааттык мультимедия борборунун ыктыярчылары айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөндө, сугат маселеси боюнча көптөгөн маселелер бар экенин айтышты. Биз бул тууралуу Куу-Майдан айылынын башчысы Абдүрөшүт Кадырбердиев менен маек курдук.
Куу-Майдан айылынын тургуну Алимбаев Коргонбай 55 жылдан комуз чертип келет. Анын талантын көп элдер билет жана үйрөнгөнү келип турушат.
«Биздин биринчи эле көйгөйүбүз жарык масалеси, айылдардын көчөлөрүндө жарык жок, кечинде балдарыбызды дүкөнгө жөнөтүштөн деле коркобуз» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу өкмөт башчы Калмамат Кудайбердиев менен маек курдук.
Ноокат районунуна караштуу Кара-Кой айылынын тургуну Зымырат Орунбаева үч майып баласы менен сегиз жылдан бери өзү жалгыз жашайт. Ачка калган күндөрү картошка менен күн өткөргөн убактары болгонун айтат Зымырат апа.
Ноокат районунун борборунда 9-май Жеңиш күнүнө карата парад болуп өттү. Парадда эл Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан жакын адамдарынын сүрөттөрүн кармап өтүштү.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата согуш ардагерлерине концерттик программаларын тарттуулап өтүштү.
Клооптун 2015-жылы уюштурган «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (ноябрь 2015 — апрель 2016) аралыгында сынак үчүн …
Ноокат районунун тургундары эмгекчилер майрамын белгилешти. Район тургундарынын маанайынан майрам көңүлдүү өткөнү байкалып турду. 1-май эмгекчилер күнүн район тургундары кары-жашына карабай Ноокат шаарынын паркында жана аянтында майрамдашты. Бул майрамда ырчылар …
Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында жаңы ашкана ачылды. Ачылганына аз убакыт болсо да, кардарлары көп экенин айтат ашкананын ээси.
Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебинде «Алиппе» майрамы болду. Окуучулар биринчи коңгуроодон бери жаттап келген ырларын, билимин мугалимдерге жана ата-энелерге тартуулады.