Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Окуучулар арасында “Зарница” аскердик оюну өттү

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде салт болуп калгандай 11-класстын окуучулары арасында “Зарница” аскердик оюну өткөрүлүп, ага Афган согушунун ардагерлери, аскер комиссариаты, укук коргоо органдарынын, прокуратура кызматкерлери жана мугалимдер …

18 Февраль 2023 жыл 10:29

Бакыт: «Курулуш материалдары Россия, Кытай жана Казакстандан келет»

Жаз мезгилинин  келиши менен курулуш материалдарынын баалары да кымбаттайт. Анын бирден- бир себеби курулуш иштери жанданып, аларга болгон суроо-талап да жогорулайт. Жергиликтүү тургундардын айтуусу боюнча үй салуу жылдан жылга кыйын …

17 Февраль 2023 жыл 22:34

Кочкордо Нарын облусунун мугалимдерин эмоционалдык жана психологиялык жактан колдоо үчүн фитнес борбор ачылды

Кочкор айылында «Мугалим − улут келечеги» долбоорунун алкагында кыздар жана аялдар үчүн жаңы фитнес борбор ачылды.

17 Февраль 2023 жыл 14:54

Бозого суроо – талап кышында көп болот

Бозо – кыргыздын улуттук суусундугу. Ал дан өсүмдүктөрүнөн, таруу, жүгөрү, буудайдан өндүрүлгөн угуттан даярдалат. Айыл жеринде мурдагыга караганда бозо салгандар азайды. Бирок кардарлар көп болгондуктан, бозонун баасы кымбаттаган.

17 Февраль 2023 жыл 14:22

Төлөк: Кан басымы жогору адамдар көбөйүүдө

Төлөк айылында кан басымы жогору турган 30 адам атайын каттоодо турушат. Алар дайыма көзөмөлдө турушуп, доктурлардын сунушу менен дары-дармек колдонушат. Көпчүлүгү улгайган адамдар болгондуктан дарыны атайын такси кызматынан алдырышат. Күн …

17 Февраль 2023 жыл 14:21

Кочкор районунун акими менен Чолпон эли менен жолукту

Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

17 Февраль 2023 жыл 14:17

Чолпон айылындагы оорукана кайрадан жаңыланды

16-февраль күнү Чолпон айылындагы оорукана жаңыланып, ишке кирди. Оорукана 20 жылдан бери эски абалда турган. Ошол себептүү дарыгерлердин кубанычында чек жок.

17 Февраль 2023 жыл 12:51

Китеп окуу маданияты үй- бүлөдөн башталат

Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү максатында Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучулары жана ата — энелери менен тарбиялык ачык сабак өтүлдү. Бул сабакты класс жетекчи жана …

16 Февраль 2023 жыл 21:12

Жал айылы: Тележурналист окуучуларга белек тапшырды

“Дил мүрөгү” коомдук кайрымдуулук фондунун мүдүрү, теле журналист, “Жаштар сүйлөсүн” теледолбоорунун алып баруучусу Темирлан Акматов Р.Мамыралиев мектеп-гимназиясында мейманда болду.

16 Февраль 2023 жыл 17:44

Соң- Көл: Мектепке электрондук китепкана үчүн компьютерлер келди

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Кочкор районунун 19 мектебин жаңы компьютер менен камсыздады. Анын ичинде «Соң-Көл»орто мектеби бар.

16 Февраль 2023 жыл 14:28

Казан-Куйган: Жумаш апа кол өнөрчүлүгүн жаш келиндерге үйрөтөт

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Жумаш Асаналиева бал кезинен бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал айылдагы бош кыз-келиндерге да өз өнөрүн жайылтып, үйрөтүп келет.

16 Февраль 2023 жыл 14:13

Кулатов айыл өкмөтүнө жаңы башчы дайындалды

Кулатов айыл өкмөтүнө Чоң Алай районунунан келген Аманилла Абдылдаев дайындалды. Буга чейин Чоң Алай районунун, Чоң Алай айыл өкмөтүндө финансылык экономикалык бөлүмүнүн башчысы болуп 11 жыл иштеген.

16 Февраль 2023 жыл 12:39

Москвада бизнес ачкан кыргыз кыздары

Уултай Ибраимова 33 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Тайгараев айылында туулуп өскөн. Мектепти бүткөндөн кийин Россияга туугандары менен иштегени келген жаш кыз башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөргөн. Азыркы убакта Уултайдын Москва шаарында …

16 Февраль 2023 жыл 11:58

Үч курбунун Америкада окуу кыялы кантип ишке ашты?

Жылдан жылга чет жакта окуп, өзүн өнүктүргүсү келген жаштардын саны көбөйүүдө жана кыялына жеткендер да аз эмес. Алардын катарын Айбийке Кадырбекова, Айжан Ыкышева жана Насиба Кудайбердиева түзөт.

16 Февраль 2023 жыл 10:34

Эне тилди барктайбыз жана даңктайбыз

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн 30-январь №16 буйругунун негизинде 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата сынак жарыяланган. Сынакка Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 9-11-класстын окуучулары катышты.

16 Февраль 2023 жыл 9:50

От болуп жанган Ооган апааты

Ооган согушун эскерип, окуучулардын патриоттук сезимдерин тарбиялоодо Ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда Орок айыл өкмөтүнүн Селекция айылындагы Орок орто мектебинде 10-февраль күнү салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

15 Февраль 2023 жыл 19:48

Эрте никеге туруунун кесепеттери экономикага да зыян келтирет

Кыргызстандагы эн орчундуу көйгөйлөрдүн бири бул-жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусу. Ата-эненин кыздардын келечегине кайдыгерлик кылуусу. Талкаланган тагдырлар. Ажырашуунун санынын көбөйүшү. Бул көрсөткүчтөр мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө да …

15 Февраль 2023 жыл 13:50

Ийгиликти багындыруу үчүн өжөрлүк жана жүз пайыз аракет кылуу керек

Учурда чет өлкөдө өз ишкердүүлүгүн жасап, ийгиликке жетишип жаткан Раушан Алмазова Суусамыр айылында төрөлүп, өсүп, мектепти аяктаган. Жогорку окуу жайда окуп жүрүп, бизнес ачуу идеясын ойлонуп баштаган. Анткени ал хоббисин …

15 Февраль 2023 жыл 11:18

Суусамыр: Кара-Суу суусу элге ыңгайсыздык жаратып келет

Суусамыр айылынын ичинен агып өтүүчү Кара-Суу суусу кыштын келиши менен тоңуп жолду каптап калат. Бул суудан өтүүчү көпүрө бар болгону менен, суу улам үстүнө тоңо бергендиктен, көпүрөдөн өтүү да кооптуу …

14 Февраль 2023 жыл 19:08

Сезим: Искусство тармагында окуган жалгыз кыргыз кызымын

Сезим Садинова учурда 19 жашта. Ал келечекте спорт машиналарынын отургучтарын дизайнын түзүүнү максат кылууда. Учурда ал Түркия мамлекетиндеги Карабюк университетинин «Фетхи Токер» атындагы кѳркѳм искусство жана дизайн бѳлүмүндѳ билим алат. …

14 Февраль 2023 жыл 18:41

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...