Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 23-апрель китеп күнүнө карата ата-энелердин китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Сынакка Нарын райондук администрациясынын акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын райондук билим …
Балыкчы шаарындагы Ысык-Көл педагогикалык-индустриалдык колледжинде 26-апрель күнү «Ачык эшиктер күнү» уюштурулуп, ага шаардын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, класс жетекчилери жана мектеп администрация мүчөлөрү катышышты.
Элет жеринде жумушсуздук кѳп болгондуктан ар ким ѳз колунан келген иш менен алектенет. Алардын бири айыл тургуну Жийдегүл Кудайбергенова Барскоон айылында такси кызматында иштейт. Жийдегүл эки жылдан бери таксист болуп …
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейинин администрациясы ушул эле айыл аймагына караштуу Зелёное айылындагы 19-мекеменин кызматкерлерине жана 10-ротанын жоокерлерине “Чек арачыга бирден китеп” акциясынын уюштуруп, китеп куржунун тапшырышты.
27- апрель күнү Балыкчы жамааттык медиа борборунда Кыргызстандагы Internews уюму тарабынан тренинг өткөрүлдү.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын кичинекей тургуну Алияна Жумагулова кандын курч лимфобласттык лейкоз (кан рагы) оорусу жабыркап келет. Ага дарылануу үчүн чоң суммадагы каражат талап кылынууда.
Республикалык статискага караганда бойдон алдыруу курактары 20 жашка чейин жана 35 жаштан жогоруну түзөт. Бойдон алдыруу ден соолукка жана коомго өтө зыян алып келет.
Бүгүн Кочкор айылынын орто мектептеринин окуучуларынын катышуусунда жолдо жүрүү эрежелерин сактоо жана жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында иш-чаралар өттү.
Кулатов айыл өкмөтүндөгү Т.Айбашев атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде башталгыч класстардын мугалимдери үчүн семинар болуп өттү. Семинарга Ноокат районундагы жалпы мектептерден мугалимдер келип катышты. Жалпысынан семинарга 100 мугалим катышты. Семинар …
Бүгүнкү күн 2014-жылдын 26-апрелинен бери «Бүткүл дүйнөлүк учкучтардын күнү» деп белгиленет. Бул дата кокусунан эле болуп калган эмес. Бул майрамды Түрк авиакомпаниясы 2014-жылы 26-апрелде белгилөөнү сунуштаган.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, биринчи учкуч- инструктор Касым Ормокеев. Жердешибиз Сталинградды коргоодо аба майданында 1942-жылы 6-августта каза болгон. Орок айыл өкмөтүндө анын жаркын элесине арналган айкел тургузулуп, 26.О4.2О23-жылы ачылыш …
КОВИД-19 илдетине каршы эмдөө иштеринен 4-этабы башталды. Эмдөө эмне үчүн керек? Бул суроого жооп издеп көрөбүз.
Айымдар иштеп жүрүп, көбүнчө декреттик өргүүгө чыкканда стресске кабылышат. Мунун себеби декреттик өргүүдө иштебей бала менен үйдө отуруп калышат. Каржылык жактан эркин болуп жүргөн аял үчүн бул чоң стресс болушу …
Рамазан-мусулман жыл санагындагы тогузунчу жана эң маанилүү ай. Рамазан айы ыйык болуп саналат. Бул айда «Куран» түшүрүлгөн. Рамазан айында, ошондой эле, бардык мусулмандар үчүн Ислам түркүктөрүнүн бири болгон «орозону» кармоочу …
Үй- бүлө баланы пландаштырып жатканда, ага керектеле турган бюджетти эсептебейт. Бала өз ырыскысы менен төрөлөт деген көз караш менен жашап келебиз. Азыркы заманда ар бир балага өзгөчө көңүл буруу, анын …
Ак-Талаа районунда жалпы билим берүүчү орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мыкты инновациялык-технологиялык идеяларды колдонуп, чыгармачылык менен иштеп жатышкан алдынкы мыкты, таланттуу мугалимдерди жана тарбиячыларды аныктоо, аларга колдоо …
Кочкордо Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин китепканасында 8- класстарынын окуучуларынын катышуусунда китеп күнүнө карата уюштурулган конференция өттү. Иш-чараны мектеп китепканасынын жетекчиси Айнагүл Кудушева жана география сабагынын мугалими Нурия Карымбаева уюштурду.
Өз аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында, Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында ишембилик болуп өттү. Ишембиликте мектепти камтыган аймактар тазаланып, бак-дарактар, гүлдөр отургузулду.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында ата-энелер, окуучулар менен биргеликте «Келгиле бирге окуйбуз!» долбоору уюшулуп, ай сайын өткөрүлүүдө. Бул долбоорго башталгыч …
Сокулук районуна караштуу Лесное айылынан Атбашы мектеп лицейине сабакка келе жатышып, жол кырсыгына учурашкан мектеп окуучуларына автобус белекке берилди.