Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Бакай-Атада окуучулар арасында улуттук кийимдердин көргөзмөсү өттү

Окуучардын арасындагы каада-салт жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп өттү. Бул көргөзмөгө 8-11-класстын окуучулары катыша алышты.

7 Март 2016 жыл 20:10

Мектепке уюлдук телефон алып келүүгө тыюу салынууда

Ушул жылдын сентябрь айынан баштап телефондорду алып келбөө келишимине кол коюла баштаган.

6 Март 2016 жыл 20:10

Терек-Сууда ак калпак күнүнө карата окуучулар арасында жүрүш болуп өттү

Бул жүрүш Терек-Суу айылында биринчи жолу болуп жатат. Анда окуучу балдар ак калпак кийип көчө айланып басышты.

5 Март 2016 жыл 21:04

Бакай-Ата айылына жаңы трансформатор коюлду

Бул 260 киловаттык трансформатор доолбор алкагында Бишкек шаарынан Бакай-Атага алынып келди. Учурда трансформатор Кырман жааматынын жанында орнотулду.

5 Март 2016 жыл 19:33

Тасмада жакырчылыкты жоюу боюнча долбоордун алкагында окуу жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жакырчылыкты жоюу боюнча Нурайым Исакова атайын долбоор менен Тоң районуна барып окуп келип, өзүнүн үйрөнгөндөрүн айылдаштары менен бөлүшүүдө. Долбоорду ФАО уюму каржылап окутууда.

5 Март 2016 жыл 18:24

8-Март сулуулуктун майрамы!

Жаздай сулуу күндөй жаркын аялзат, Сиздер үчүн кандай мактоо жарашат!Назиктикти, аруулукту, сулуулукту даңазалаган жаз мезгили кандай гана жагымдуу. Жаз жыттанган 8- март аялдардын Эл аралык майрамын ар бир аялзат чыдамсыздык …

4 Март 2016 жыл 15:27

Кара-Суу — Үркүн чыгарылышы: «Узак жол»

«Үркүн» темасына арналган чыгарылышты улантабыз. Бүгүн биз сиздерге кыргыз  элинин атактуу жазуучусу, классиги Мукай Элебаевдин «Узак жолу» тууралуу кеп кылып беребиз.

2 Март 2016 жыл 20:26

Кара-Суу — Үркүн чыгарылышы: «Кандуу жылдар»

Биз «Үркүн» тууралуу репортажыбызды улантабыз. Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдар» деген, кыргыз адабиятындагы биринчи ыр түрүндө жазылган роман тууралуу маек куруп беребиз.

2 Март 2016 жыл 20:21

Кара-Суу орто мектебинде жыл мугалими аныкталды

Кара-Суу орто мектебинде жыл мугалими сынагы өтүп, анда айылдын эки мугалими ат салышууда.

2 Март 2016 жыл 20:18

Тасмада «Кана эмесе кыздар» сынагы болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев мектебинде 23-февралга карата 9-10-11-класстын кыздарынын катышуусу менен таймаш болуп өттү.

2 Март 2016 жыл 18:47

Тасма: Айыл эли күнөскана иштетүүнү өздөштүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тасма айылында айыл тургундары күнөсканада өсүмдүк ,дары чөптөрдү өстүрүү менен алек болууда.

2 Март 2016 жыл 18:42

Учкун айылындагы «Бирге окуйбуз» лагери

Нарын районунун Учкун айылында ЮСАИДдин «Бирге окуйбуз» лагери уюшулду. Окутуучулар Нарындан барып окуп келишкен. Бул окуу лагерине 1-4-класска чейинки окуучулар катыша алышат.

2 Март 2016 жыл 12:20

Барскоон: Улуу тарых улуу Манас эпосу

2016-жыл тарых жана маданият жылына карата Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинде Сагынбай Орозбаковтун варианты боюнча «Манас тануу»таймашы өттү.

2 Март 2016 жыл 11:50

Базар-Коргон районундагы Жылдызбек бала бакчасынын шарттары жетишсиз

Базар-Коргон районунда жайгашкан Жылдызбек бала бакчасы 2012-жылдан тартып иштеп келет. Бирок бала бакчанын толук шарттары жок.

2 Март 2016 жыл 9:03

Бакай-Ата: Окуучулар арасында «Өзүңдүн ден-соолуга кам көр» спорттук таймашы өттү

Бакай-Ата айылында өткөн ден-соолукту чыңдоо спорттук таймашы 7-9 класстарда окуган окуучуларынын арасында болуп өттү.

2 Март 2016 жыл 0:28

Көктонду айылындагы чебер айым Айчүрөк Исмайилова

Базар-Коргон районуна караштуу Көктонду айылындагы чебер айым Айчүрөк Исмайилова өзүнүн кол өнөрчүлүгүн көрсөттү. Бул өнөр менен ал 10 жашынан бери алектенип келе жатканын айтат.

1 Март 2016 жыл 19:36

Базар-Коргон районундагы эки айылды бириктирип туручу көпүрө жараксыз абалда

Базар-Коргон районундагы Узун көчө айылы менен Ортоңку айылын бириктирүүчү көпүрө жараксыз абалда. Жамгыр жааган сайын жер көчүп, жар болуп жатканын айыл тургундары билдиришти.

1 Март 2016 жыл 18:59

Тасма: 40 жыл мугалимдик кесипти аркалаган Кыдырмыш Масылов

Кыдырмыш Масылов Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин мугалими болуп 41 жылдан бери эмгектенип келет. Ал эл агартуунун отличниги наамын алып, мектепте директордук милдетти да …

1 Март 2016 жыл 17:32

Түрдүү салат жана кумшекерсиз кыямдарды жасаган багбан айым: Тасманын тургуну Жаңыл

Ысык-Көл облусунун Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чингиспаева айылдын кыз-келиндерине кышкы салаттарды, түрлүү кыям, компотторду даамдуу кылып жасоого үйрөтүү  менен көп жылдан бери алектенет.

1 Март 2016 жыл 17:17

Ооган-Талаада окуучулар диний экстремизм темасында тегерек стол өткөрүштү

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17-гимназия мектебинде 11-класстар арасында диний экстремизм жөнүндө тегерек стол болду. Сабакта диндин оң жана терс тараптары талкууланды.

29 Февраль 2016 жыл 19:35

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...