Элибизде кыздарды сыйлап, мейман деп аздек мамиле жасалат. Бирок ошол эле учурда аларга карата чектөөлөр менен бирге каада-салт же жүрүм турум, жыныска байланыштуу бир катар стандартты сактоо талаптары бар. Ал …
Кыргыз Республикасынын UWW панкратион боюнча чемпионаты болуп өттү. Ага Балыкчы шаарынын спортчулары катышып, ийгиликтерди жаратышты.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 1- июнь балдарды коргоо күнүнө Чолпондун маданият үйүндө балдарга бал муздак таратылды. Ошондой эле бала бакчаларда да бул майрам белгиленип бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүн мектепке узатышты.
Туристтерге кызмат көрсөтүүчү корпоратив катары негиздеген Жийдегүл Мавлянова «Боз үйлөр шаарчасын» уюштуруп, 14 үй- бүлөнү иш менен камсыздаган.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылыл өкмөтүнүн администрациясынын уюштуруусунда кичинекей бөбөктөр үчүн балмуздактар таратылды.
Кесип тандоодо кызыкчылыктарды, жөндүмдү, баалулуктарды жана жашоо максаттарды эске алуу керек. Кесип тандоо бул биздин жашообузга жана карьерабызга таасир эте турган чоң чечим. Ошондуктан кесипти кылдаттык менен туура тандоо зарыл.
Т.Кулатов айылында 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш- чаралар болуп өттү. Ал иш чарага айыл өкмөт тарабынан 70000 сом акча каражаты бөлүнүп, бала бакчаларга белектер берилди.
«Балачак институту» КФ «Тогуз-Торо районундагы балдардын үй-бүлөлүк чөйрөгө укуктарын илгерилетүү боюнча 6 айлык маалыматтык кампания» долбоорун ишке ашырууда,«Жарандык катышуу» фонду (Кыргызстан) тарабынан каржыланууда.
Адам китеп окуу менен дүйнө таанымын кеңейтет, сөз байлыгын өстүрөт. Бирок техниканын өнүгүшү менен, жашообузга интернеттин кириши менен китеп окуган адамдардын саны азайып баратат. Оттук айылынын тургуну Бурулкан Чүмөдөева 87 …
Гапыр Мадаминовдун “Ата-Энелер сиздер үчүн” китебинин 9-басылышы. Гапыр агай бул китебин ата- энелерге ылайыктап абдан жакшы жазып чыгарган. Бул китептин башында эле Жусуп Баласагындын ыр саптары жазылган.
Ч.Айтматов атындагы райондук борбордук китепкананын базасында ачылган 3жаштан 5жашка чейинки балдарды эрте өнүктүрүү борборунда кичинекей бөбөктөр жана апалары бирдикте майрамдык иш- чара өткөрүлдү. Демөөрчүлөр тарабынан ар бир балага таттуу белектер …
Акыркы жылдары чет мамлекетте иштеген жаштардын саны өсүп келүүдө. Алардын бири Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Гулнур Жумабекова. Ал кичине кезинен эле, саякаттап чет өлкөдө иштегенди кыялданчу. Учурда Кувейт …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндө социалдык келишим менен 100миң сом алып аны менен чакан долбоор жасап киреше тапкан үй- бүлөлөр бар. Мындай колдоону былтыр беш үй бүлө …
Кочкордун тургуну Мээрим Касымова жана анын окуучусу Света Зарылбекова «Достук шаңы» аттуу сынагына катышып, баш байгеге ээ болушту. Сынак Кочкор районунун маданият үйүндө өткөрүлдү.
Учурда чет тилдерин үйрөнүп, ар түрдүү программалар боюнча чет өлкөгө тажрыйба алмашууга же билим алууга мүмкүнчүлүктөр көп. Айбек Муратбеков Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылында туулуп өскөн. Өз кесиби боюнча профессионалдык …
Кочкор районунун Чолпон айылынын айылдык китепканасында «Бир адамдан бир китеп» акциясы уланып жатат. Бул акция айылдык китепкана тарабынан 2019-жылы уюшулган.
Айрым бүтүрүүчүлөр кайсы кесиптин ээси болууну тандап койсо, кээ бири дагы деле кайсы адистикке барарын ойлонуп жүрөт. Кесипти туура тандоо -ийгиликтин башаты.
Адам баласы китеп аркылуу гана турмуштан өз ордун таба алат эмеспи. Китеп- элибиздин бай мурастарын муундан-муунга өткөрүп берип, ар бирибизди ар тараптан каныккан күчтүү, билимдүү жана акылдуу инсан болууга тарбиялайт …
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы беделерди «Түнкү үкү» курту жеди. Анын айынан 250га дай жер жабыр тартты. Айылдык дыйкандар дары чачып абалды убагында токтотушту.
Адистер акыркы жылдары бир аз да болсо келин-кайнене мамилеси жакшырып баратат дешет, бирок, бул маселеде бир топ мүчүлүштүктөр бар экендигин жашырышпайт Мындай көрүнүштөрдү кыргыз коомунан арылтыш керек экендигин айтып келишет.