Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ысык-Көл облусу

Э.Кендирбаев жана К.Чылабаев орто мектептеринде волейбол оюну боюнча мелдеш өтүүдө

18-февраль күнү Барскоон айылындагы орто мектептеринде волейбол оюну уюшулуп, окуучуларды туура тарбияга үндөөгө мугалимдер чоң салымын кошушкан. К.Чылабаев мектебине кыздар, ал эми Э.Кендирбаев орто мектебине балдардын оюну өттү. Оюнга Барскоон, Тамга, …

18 Февраль 2015 жыл 17:54

Барскоон: Ооган согушунун ардагерлерине майрам уюштурулду

Барскоон айылында Ооган согушуна катышкан ардагерлерге салтанаттуу майрам уюштурулду. Майрамда мектеп окуучулары ырдап, бийлеп өз өнөрлөрүн тартуулашты. Барскоон айыл өкмөтү  тарабынан Ооган ардагерлерине акчалай сыйлык жана сыйлуу тамак уюштурулуп берилди.

18 Февраль 2015 жыл 15:45

Барскоондо интернет колдонуучулары көбөйүүдө

Заманыбыздын талабына ылайык азыркы учурда Барскоон айылында интернет колдонуучулары күн сайын өсүүдө. Мекеме, маданият үйү, мектептерде ал гана эмес үйлөргө чексиз интернет башкача айтканда,Wi- Fi коюшууда. Айыл жаштары өздөрүнүн көп …

18 Февраль 2015 жыл 15:35

Барскоон: Орто мектепте орус тили жана адабияты боюнча фестиваль болуп өттү

Кароо-сынакка 5–11—класска чейинки окуучулар катышты. Фестивалдын жүрүшүндө окуучулар көркөм окуу, бийлөө, ырдоо жана башка тапшырмаларды аткарышты. Фестиваль 100дөн ашык окуучулардын катышуусу менен өттү.

18 Февраль 2015 жыл 10:37

Ыктыярчылар менен ийгиликтуу иш алып баруу

«Барскоон FM» Жамааттык Мультимедиа Борборунда эмгектенген волонтерлор менен ийгиликтуу иш алып баруу учун ЖМБнун координатору Гулькайыр Осмоналиева ар бир окуучуга папка даярдаган.

17 Февраль 2015 жыл 15:20

Токтоянда бозо салгандар арбын

Токтоянда бозо салгандар көп. Жасалышынын оордугуна карабай, ден-соолукка тийгизген таасири зор, деп даярдап ичишет. Ал гана эмес күнүнө 20 литр өткөргөндөр да жок эмес.

10 Февраль 2015 жыл 10:31

Рубльдын курсунун түшүшү Орусиядагы эмгек мигранттарына кедергисин тийгизүүдө

Көл аймагынын Токтоян айылынын адамдардын 1/4 бөлүгүн Орусиядан иштеп келгендер жана ал жерде ишин дагы улантып иштеп жаткандар түзөт. Кээ бир айылдын тургундары  рубльдын курсунун түшүшүнө карабастан иштешүүдө.

9 Февраль 2015 жыл 10:11

Айыл тургундарынын малдарына карышкырлар кол салууда

Ысык-Көл облусунун Токтоян айылы тоонун этегинде жайгашкан. Күн сууктаганда тоодо карышкырлардын саны көбөйүп, малдарга залакасын тийгизүүдө. «Карышкыр тайымдын мойнунан жана бутунан тиштеп кеткенине 20 күндөй болуп калды. Ветеринарларга кайрылып дарылап жатам. …

5 Февраль 2015 жыл 10:10

Токтоян: Жаңы жыл менен бирге жаңы мектеп курула баштады

Мектептин курулуш иштеринин башталганына бир ай болду. Курулуш иштерине мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп берилди. «Жалпысынан  45 млн сом бөлүнүп берилди. Мектептин ордун түздөп казганга 2 млн сом кетти», —деди айыл …

5 Февраль 2015 жыл 10:08

Токтоян: Кызамык оорусун алдын алуу жүргүзүлүүдө.

Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын тургундарына мед айымдар тарабынан кызамык оорусу жугуштуу жана андан коргонуу жөнүндө маалыматтарды берүү иши башталды.

27 Январь 2015 жыл 12:34

Токтоянда чакан муз аянтчасы ачылды

Кыш келээри менен Ысык-Көл облусунун Токтоян айылынын тургундары муз тебүү үчүн коңшу айылдарга барышчу, бирок жакындан баштап аталган айылда чакан муз аянтча ачылды.

27 Январь 2015 жыл 12:32

Жаш скульптор Азат

Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы  А. Сопиев атындагы №19 мектебинин окучусу  Азат Тилекбеков көп жылдан бери пластилинден  адамдардын жана жаныбарлардын образын жасап келет.  Ал пластилинден ар кандай темадагы чыгарманын каармандарын жана жаныбарларды …

26 Январь 2015 жыл 14:56

,,Бугу-эне» самын жамааты брендге ээ болушту

Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы ,,Бугу-эне» самын жамааты 5 жылдан бери  табигый чөптөрдөн, гүлдөрдөн пайдалуу самындарды жасап келишет. Бул жамаат мурда кээ бир самындарына бренд алышса, азыркы учурда жаңырган жылдын 20-яанварында …

26 Январь 2015 жыл 14:55

Барскоон айылында жаӊы бала бакча ачылды.

Барскоон айылында бала бакча бар. Барскоон айылынын калкынын саны көп болгондуктан, айыл дагы бир бала бакчага муктаж экендиги баарыбызга белгилүү.

30 Декабрь 2014 жыл 20:37

Барскоон айылында жаӊы бала бакча ачылды.

Ысык-Көл облусундагы Барскоон айылынын калкынын саны көп болгондуктан, айыл эли бала бакчага муктаж. Ошол себептен бала бакчанын жетекчиси Гүлмира Кенешовна жана Барскоон айыл аймагынын айыл башчысы Руслан Төлөновичтин жаӊы бала …

30 Декабрь 2014 жыл 17:37

Токтоян: Интернеттин балдарга тийгизген таасири

Азыркы учурда  мектеп окуучулары  интернетке кирип убактысын көп коротуусу адатка айланып калды.

24 Декабрь 2014 жыл 13:43

Шамалдан алынуучу электр-жарыгы

Быйыл Кыргызыстанда электр-энергиясы тартыш болоорун угуп, Тасма айылынын тургуну Бейшенбай Саадабаев өзүнүн үй-бүлөсүн электр-энергиясынан өксүү кылбаш үчүн, өзүнүн мүмкүмчүлүгүнө  жараша  шамалдан  электр жарыгын тейлөөчү прибор ойлоп тапкан.

12 Декабрь 2014 жыл 18:31

«Барскоондогу теплицанын иши» темасындагы Айыл Турмушу уктуруусу даярдалды

«Барскоон FM» Жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары үчүн эки күндүк тренинг болду.  Тренингдин жүрүшүндө сурамжылоо жүргүзүү (vox-pop) жана сурамжылоону радио уктуруу үчүн пайдаланууну үйрөнүштү.

10 Декабрь 2014 жыл 18:43

Тасма: Айылда комуз ийрими ачылды

«Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет»,  демекчи буга чейин Тасма айылында комуз үйрөтүүчү мугалим жок болгондуктан окуучулар комуз үйрөнө албай келишкен, бирок 2014-жылдын ноябрь айында Абдылдаев Санжар өзүнүн өнөрүн окуучулар менен …

10 Декабрь 2014 жыл 15:38

Барскоон айылында муз аянтчасы курулууда

Мурда Барскоон айылынын балдары башка айылдарга барып ойноого мажбур болушчу. Бул көйгөй айыл тургундарынын кыш мезгилиндеги эс алуусун чектеп келген.

8 Декабрь 2014 жыл 17:29

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...