Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Ак-Талаа району: Жол кырсыктары көп катталган айылдын жолу жарыктандырылды

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылынын борбордук көчөсү толугу менен жарыктандырылды.

19 Декабрь 2023 жыл 18:37

Видео: Чолпон айылында «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз» сынагы болуп өттү

Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Сынак Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында уюштурулган.

17 Декабрь 2023 жыл 18:07

Видео: Базар-Коргондо «Айтматов жана биз» аталышында адабий кече уюштурулду

Базар-Коргон районунда Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата үч айлык жарыяланган. Алдын ала пландалган иш-чаралар толугу менен аткарылып, конференция, дебат, көргөзмөлөр, адабий кечелер, сынактар өткөрүлдү. Жазуучунун туулган күнү 12-декабрда райондук деңгээлде …

17 Декабрь 2023 жыл 8:38

Ноокатта Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата класстар арасында акыл таймаш уюштурулду

Ноокаттагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында  акыл таймашы уюштурулду. катышты. Таймашты мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Гүльмира Жолдошева жана Мадалиева …

16 Декабрь 2023 жыл 15:37

Ноокат: Окуучулар Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты

12-декабрь Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата адабий кече болуп өттү. кечеге5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты. Иш чараны кыргыз тили жана …

16 Декабрь 2023 жыл 15:15

Видео: Жаңы-Жер айыл аймагына суукта жол каттамы токтоду

Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Зелёное айылына каттоочу жол кар күрткүдөн улам жабылып унаалардын каттамы токтоду. Жолдун жабылышынан улам айыл тургундары, унаа ээлери ызгаар суукта жол тазалоону …

16 Декабрь 2023 жыл 10:50

Ак-Талаадагы айылдык оорукана капиталдык оңдоодон өттү

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы ооруканада оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

16 Декабрь 2023 жыл 10:20

Сокулук району: Окуучулар үчүн «Манас» күнүнө карата таймаш уюштурулду

Сокулук районунун Новое айылындагы Гүльсина Капарова атындагы орто мектебинде «Манас» күнүнө карата «Манас-кыргыз рухунун туу чокусу» деген аталышта «Акыл ордо» таймашы болду.

16 Декабрь 2023 жыл 8:43

Чолпон айылында “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш болду

Кочкор районундагы Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде зордук-зомбулукка каршы “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш өткөрүлүп, балдар арасында волейбол оюну ойнотулду. 

15 Декабрь 2023 жыл 15:03

Ак-Талаада жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулуп, ачылыш салтанаты болду. Ачылышка район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.

15 Декабрь 2023 жыл 14:11

Токтогул: “Айтматов кылым адамы” аталышында адабий кече уюштурулду

“Айтматов кылым адамы” деген темада 95 жылдык мааракеге арналган адабий кече, 8-класстар арасында таймаш өткөрүлдү.

14 Декабрь 2023 жыл 14:54

Логикалык оюн боюнча мелдеш өттү

Сокулук районундагы Новое айылынын Гүльсина Капарова атындагы орто мектебинде 8-декабрь күнү Сокулук районунун жогорку зонадагы мектептер арасында шахмат оюну боюнча таймаш семинары болуп өттү.

14 Декабрь 2023 жыл 14:37

Видео: Чолпон айылында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 12-декабрь күнү Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш чара уюштурулду.

13 Декабрь 2023 жыл 23:17

Токтогул: «Зордук-зомбулукуз 16 күн» — акциясы уюштурулду

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында «Зордук-зомбулуксуз 16 күн» аталыштагы иш чара өткөрүлдү. Иш-чара Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан бекитилип, соц. кызматкерлер, аялдар кеңеши, маданият кызматкерлери, мектеп жамааты жана ата-энелер менен биргеликте …

13 Декабрь 2023 жыл 17:51

Түп району: 13-14-декабрь күндөрү окуучулар аралыктан окушат

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А. Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинде суукка байланыштуу аралыктан окутуу болот.

13 Декабрь 2023 жыл 15:23

Аалам алпы — Чыңгыз Айтматов аталышындагы акыл ордо таймашы өткөрүлдү

Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы орто мектебинде Аалам алпы — Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Акыл ордо интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

13 Декабрь 2023 жыл 8:21

Түп району: Мектеп окуучулары үчүн зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чаралары өтүүдө

«Үй бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу» боюнча 16 күндүк акциянын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылында алдын алуу иш-чаралары болуп өттү.

12 Декабрь 2023 жыл 18:21

Кызыл-Булак айылында кесипти туура тандоо багыты боюнча тренинг болуп өттү

9-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде кесипти туура тандоо багыты боюнча тренинг болуп өттү.

11 Декабрь 2023 жыл 21:21

№43 лицейинде «Тарбиянын жакшысы-тагдырдын ачкычы» семинары өткөрүлдү

Чүй облусунун Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейинде тарбия иштери боюнча «Тарбиянын жакшысы — тагдырдын ачкычы» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар «Нарктуу апалдар» Коомдук бирикмесинин апалары Анаргүл Алымбаева жана Батма Султанбаевалар тарабынан …

11 Декабрь 2023 жыл 19:49

Ноокат району: «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кошуундары уюшулду

11-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кошуундары уюшулуп, окуучулар мүчөлүкө кабыл алынды. Иш чарага 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты.

11 Декабрь 2023 жыл 19:05

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...