Бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү катары 1992-жылдан бери белгиленип келет. Тактап айтканда, Совет бийлиги кулап, курамындагы союздук республикалар тарагандан кийин Эгемен өлкөнүн Куралдуу Күчтөрү түзүлгөн.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы орто мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Ага окуучулар, ата-энелер, ардагер мугалимдер жана 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр катышты.
25-май дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жоголгон балдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Бул күндүн келип чыгуу тарыхы Америкадан башталат.
2024-жылы Чернобыль АЭСдеги жарылууга туура 38 жыл толду. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Турсунбек Осмонов дагы дал ошол алааматтын каскагын жоюуда …
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына кичи ГЭСтин курулушу башталды. Кечээ айыл аксакалдарынын батасы менен тендерди утуп алган » Бай Строй» жоопкерчилиги чектелген коому курулуш ишин баштады.
Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо жана Ала Буга айыл аймактары мамлекет тарабынан берилген 10 млн. сом акча каражатка айыл чарба техникаларын сатып алышууда. Атап айтканда, КРнын Президенти С.Жапаровдун жарлыгынын негизинде жаңы …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 1-4-класстын окуучулары үчүн атайын жаңы кичи спорт зал пайдаланууга берилди.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жыйындар залына Нарын облусунун жана Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилип, ачылыш салтанаты болду. Иш-чарага агайдын туугандары, үй-бүлөсү, замандаштары, кесиптештери, ардагерлер, …
Ак-Талаа району боюнча билим берүүдөгү ийгиликтерге арналган салтанатта республикалык жана облустук олимпиадада райондун, облустун намысын коргогон окуучулар жана алардын мугалимдерине коомдук ишмер «Мирбек Раимов» атындагы стипендия-сертификат жана коомдук ишмер Жылдыз …
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынан чыккан балбан Сыймык Садырбек уулу АКШ өлкөсүнүн Пенсильвания штатынын грэпплинг боюнча ачык чемпионатында Сыймык Садырбек уулу 87 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, жыйынтыгында 1-орунду багындырып, аталган …
2-май күнү Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Ак-Талаа районунда билим берүү тармагынын жыйынтыктоочу салтанатына катышып, окуучуларды билимдүү болууга чакырды.
2-май күнү Ак-Талаа районунда мугалимдер жана тарбиячылар арасында «Мыкты мугалим-2024» жана «Мыкты тарбиячы-2024» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.
Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылына «Жашыл Мурас» улуттук жашылдандыруу долбоорунун алкагында бактын көчөттөрү тигилди.
Ак-Талаа районунда «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырларын мыкты аткаруу боюнча кароо-сынак болуп өттү. Райондук билим берүү борборунун директору Айнура Баязованын маалыматына караганда сынак жобого ылайык 3 номинацияда: 1. Согуш жылдарындагы ырларды …
Сот адилеттигинин Ак-Талаа районунда ишке ашырылышы, сот-укуктук реформасы, жарандардын кайрылуулары тууралуу Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы Райымкулов Эрмек менен маекти сунуштайбыз. — Ак-Талаа райондук сотуна жергиликтүү тургундар кандай маселелер менен көбүнчө …
Ак-Талаа районунда жылдагыдай айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандыдан арылтуу боюнча үч айлык жарыяланды. Анын алкагында аймакка караштуу бардык айылдарда айыл тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери ар жуманын ишемби күнү ишембиликке чыгышат.
Ак-Талаа районунда 21-март Нооруз майрамына карата жеке ишкер Жылдыз Коконбаева жана райондук мамлекеттик админстрациясынын уюштуруусунда “Арыба кыргызымдын нарктуулугу” аттуу салтанатта «Мыкты сүмөлөк» жана «Мыкты бозо» сынагы өткөрүлдү. Ага атайын комиссия …
Кыргыздын улуттук майрамы болгон Нооруз өзгөчө шаң менен өтөт. Күн менен түн теңелген жаз майрамын кыргызда жаңы жыл катары белгилеп келишет. Ак-Талаа районунун Жеңиш сейил багында көктөм майрамына карата салтанаттын биринчи …
Ак-Талаа районунда 8-март Аялардын Эл аралык күнүнө карата билим берүү мекемелеринде эмгектенген айымдар арасында волейбол жана аркан тартыш боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Ага райондогу мектеп жана бала бакчалардан жалпы 23 …
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп окуучулары арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга таанытуу максатында жарыялаган сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.