Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: билим берүү

Акталаада «Билим берүүдөгү инновациялык технологиялардын ролу» аталышында семинар өттү

Ак-Талаа районундагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинде “Окуучулардын билим сапатын жогорулатууда инновациялык педагогикалык технологиялардын ролу” аталышында облустук семинар өткөрдү.Семинар инновациялык технологиялардын жардамы менен окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин,логикалык ойлоосун, STEM предметтерине болгон …

Лейлекте окуучулар арасында «Акыл таймаш» өттү

Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебинде Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата окуучулардын билим деңгээлин өрчүтүү, билимге болгон кызыгуусун …

Токтогулда окуучулар арасында интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

Жаштар күнүнө карата 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында интеллектуалдык таймаш уюштурулду.Таймашка Ж.Бөкөнбаев, Т.Ормонбеков, Манас, У.Артыкбаев, А.Ибраимов, Мүлкүбат, К.Чодошев мектептеринин окуучулары катышышты.

Баткен облусунда “Усулдук кейс” онлайн — сынагы болуп өттү

Кошумча билим берүү программаларын ишке ашырууда кошумча билим берүү педагогдорунун усулдук компетенцияларын жакшыртуу, мыкты усулдук кейстерин аныктоо, кесипкөй педагогикалык командаларды өстүрүү, долбоордук жана усулдук ишмердигин активдештирүү, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу …

№43 кесиптик лицей артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалына катышууда  

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейи, борбор калаабыздын Эмен паркында өткөрүлүүчү  кесиптик лицейлердин  катышуусунда артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалына катышууда.  Аталган иш-чарада 9-10-11-класстын окуучулары учурдун талабына ылайык болгон кесиптер …

Нарындык окуучулар менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага катышып келишти

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин үч окуучусу Өзбекстанга менталдык арифметика боюнча олимпиадага барып келишти. 4-5-класстын окуучулары 3-орунга ээ болушту.

Тынчтык клубдар ачылган мектептерде жаштар арасындагы кылмыштуулуктун саны азайган

Тынчтык клубдары 2020-жылдан тарта окуучулардан жана мугалимдерден турган ыктыярдуу бирикме катары иш алып барып келет. Алар тынчтык маданиятын жайылтуу, биримдик, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү багытында иш …

Мария Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплексинде 2 мугалимдин атын алып жүргөн кабинеттер ачылды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Токбай айылында Мария Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплекси 2023-жылдын 1-сентябрында ачылып ишке берилген. Бүгүн аталган мектепте үзүрлүү эмгек кылып дүйнөдөн өткөн Осмоналиев Тендик агайдын атындагы биология кабинети …

Студенттерге Жамааттык Медиа тууралуу лекция өтүлдү

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова 15-февралда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин журналистика факультетинин студенттерине лекция өттү. Студенттер Кыргызстандагы Жамааттык медиалардын тарыхы, ишмердүүлүгү, журналистикадагы ролу менен таанышышты.

Новое айылындагы мугалимдер үчүн PISA, STEAM технологияларын колдонуу боюнча тренинг өткөрүлдү

Сокулук районуна караштуу Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин башталгыч классынын ардагер мугалими, эл агартуунун отличниги Гүлмира Токтосунова жана жаш мугалим Салтанат Жапарова буга чейин «Окуу керемет» долбоорунда окуп, …

Тогуз-Торолук Кайрат Президенттик стипендияга татыды

Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 75 алдыңкы студенттери Президенттик стипендияга ээ болушту. Тогуз-Торо районунун 21 жаштагы тургуну Кайрат Жолой уулу 75 алдыңкы студенттин катарын толуктады.

Насретдин Дубашев — алгачкы кино тасмага он эки жашында тартылган актёр

Сокулук районунун Токбай айылындагы Мария Суранчиева атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынынын негизинде тартылган “Жамиля» кино тасмасындагы Сейиттин ролун аткарган актёр Насретдин Дубашев менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу «Инсан …

Нарын району: Мектептердин билим сапатына мониторинг жүргүзүлдү

Мониторинг жүргүзүү үчүн төрт топтон турган комиссия түзүлүп, 2023 – жылдын 22-24-ноябрь күндөрү Нарын районундагы жалпы орто билим берүүчү мектептериндеги окуучулардын билимине мониторинг жана иш кагаздарынын абалдары каралып, жеринен усулдук …

«Санарип инсан» долбоорунун алкагында 8 стартап колдоого алынды

10-ноябрда жалпы байге фонду 27 500 евро же 2.6 млн сом болгон «Санарип Инсан» стартап долбоорлор сынагынын финалы өттү. Аталган сынак жаштар, аялдар, капиталдаштырылбаган бизнес долбоорлорду түзүү үчүн алдыңкы санариптик …

Алдыңкы мугалимдердин тажрыйбасы жайылтылды

7-ноябрь күнү Ноокат районуна караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебинде тажрыйба алмашуу максатында семинар-сабак болуп өттү. Аны мектептин биология сабагынын мугалимидери Айлар Дарбишова жана Чолпонай Рахманкулова өтүп беришти.

Ноокатта кыздар STEM боюнча билимдерди алышууда

“Балдарды Коргоо Борбору” коомдук бирикмеси БУУ Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууда. Долбоордун максаты — мектептеги өспүрүм кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын мектептен кийинки билимин …

Терек-Суу айылындагы мектепте кол өнөрчүлүк боюнча ийрим уюшулуп иштеп келет

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Гульнара Мырсырайымова мектеп окуучуларына 3 жылдан бери ийрим өтөт. Кошумча сабак бир жумада эки ирет 1,5 сааттан болот. Ага 30 окуучу катышууда.

2024 -жылы Терек-Суу айылында жаңы мектеп куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Курама уулу Турусбек атындагы башталгыч класстардын окуу имараты авариялык абалга түшүп калганына байланыштуу азыр балдар аргасыз жогорку класстардын имаратында окуп жатышат. 1976-жылы колдонулууга берилген мектеп 510 …

Аудио: Балага эң оболу билимдин баалуулугун түшүндүрүү маанилүү

Балаңыз окууга шыктанбай, агрессивдүү жүрүм-турумун көргөзүп жаткан болсо ага сүйүү, ишеним, көңүл буруу жетишпей жатышы мүмкүн. Мектепте мугалимдин болгон энергиясы анын бул аракеттери менен күрөшүүгө кетип калбаш керек. Сапаттуу билим …

Ысык-Ата районунда беш мектеп, бир бала бакча пайдаланууга берилет

2023-2024-окуу жылына карата Ысык-Ата районунда билим тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан чоң иштер жасалды. Ошону менен катар Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Осмонов Алмазбек Абдилаковичтин тапшырмасы менен …

Дүйшөмбү
21 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...