Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинде салттуу музыка жумалыгы старт алды.
Улуттук «Жашыл мурас» өнөктүгүн колдоо максатында айыл жаштары демөөрчүлүк кылып мектепке 200 түп алма, алмурут, өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.
Бүгүн 13-апрель Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде Турк лицейине 6-класстар арасында сынак тапшырууда.
Кочкор районундагы №15 кесиптик лицейдин тигүүчү кесибинин устаттары жумушсуз кыз-келиндерди тигүүчү кесибине жеринен барып окутуп келишти. Бул иш-чара Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.
Кочкор районунун Кара-Суу айылында жазгы жер айдоолор башталып, күйүүчү майдын кымбатташынан улам айыл тургундарында көйгөйлөр жаралууда.
2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Курбанбек Камчыевдин буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мамырбаев Алымбек Бирназарович дайындалды. Буга чейин бул кызматта Батталов Рысбек Сапарбекович иштеп келген.
24- март Бүткүл дүйнөлүк кургак учука каршы күнүнө карата Кочкор районундагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын өз ара аракеттешүүсүн өркүндөтүү багытында ар кандай иш чараларды ишке ашыруу максатында калк арасында …
Кочкор районунун Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Бермет Жумабекова «Жоокер ыры» конкурсунда «Согуш учурундагы ырлар» номинациясы боюнча 1-орунду багындырып, облустук турга жолдомо алды. Ал эми «Патриоттук ырлар» номинациясында Света …
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 4-мартта өрт кырсыгын алдын алуу максатында атайын машыгуу өткөрүлдү. Машыгуу өткөрүүнүн негизги максаты мугалимдердин жана окуучулардын даярдыгын көрүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле …
2022-жылдын 1-мартында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Курбанбек Камчыевдин буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчылыгына Мамырбаев Алымбек Бирназарович дайындалды. Буга чейин бул кызматта Батталов Рысбек Сапарбекович иштеп келген.
2022-жылдын 25-26 февраль күндөрү мектеп окуучулары арасында Нарын шаарында облустук олимпиада өзүнүн жеңүүчүлөрүн аныктады.
Кочкор районундагы Корчубек Акназаров орто мектебинин, спорт зал оюн аянтчасынын терезеси жаңыланды. Мектептин терезеси эски болгондуктан 200миң сомдун тегерегинде каражат жумшалган.
Дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүнө так калтырды. Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн он жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлер бул өлкөдөн …
Эсенбай Кудаяр уулу (1850-1941 ж.ж.) жылдыз эсептеп, ай санап андагы жана алдыдагы элдин тагдырын тастыктаган, көзү ачык адам катары көрөңгөлүү кыргыз журтуна аңыз сыяктуу айтылып келет. Ак падыша убагында бий …
Фейк- англис тилинен которгондо жасалма, жалган, калп деген маанини билдирет. Азыркы учурда социалдык тармактарда фейк маалыматтардын түрлөрү абдан көп. Алардын кайсынысы калп, кайсынысы чын экенин ажыратуу да өтө кыйын.
Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн 3- турунан биринчи кезекте дарыгерлер жана медайымдар өтүштү, ал эми экинчи кезекте эмдөөдөн билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер, тактап айтканда мугалимдер жана бала бакча тарбиячылары өтүп …
2022-жылдын 9-февралында Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде белгилүү,чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин элесине арналган, 7-11-класстар арасында уюштурулган «Келечек өз колубузда» аталышындагы дил баян жана сүрөт тартуу сынагынын сыйлоо аземи …
Кыргызстанда акыркы жылдары узак жашагандын саны кескин кыскарып баратат, тескеринче кан айлануу системасынын оорулары, кант диабетине чалдыккандар, муун- сөөк оорулары менен ооругандар көбөйдү. Бул көрүнүш калктын начар жана туура эмес …
2022-жылдын 23-январында Кочкор районунда флагштоктун ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Камчыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы, Кыргызстан дин башкармалыгынын башчысы- муфтий Замир Ракиев, …
Соңку күндөрү жалпы Кыргызстан боюнча күйүүчү майдын кескин түрдө өсүшү байкалууда. Кочкор айылынын май куйуучу жайларда бензиндин баасы 2 эсеге кымбатташы белгилүү болду.