Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: окуучулар

Ак-Талаа району боюнча зомбулукка каршы иш чаралар өттү

Ак-Талаа районунун бардык айыл өкмөттөрүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун колдоосу менен зордук зомбулукка каршы иш чаралар өткөрүлдү.

Чолпон айылында “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш болду

Кочкор районундагы Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде зордук-зомбулукка каршы “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш өткөрүлүп, балдар арасында волейбол оюну ойнотулду. 

Ак-Талаада балдар жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 95 жылдыгы белгиленди

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде балдар жазуучусу, коомдук ишмер, Андерсен атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси Шүкүрбек Бейшеналиевдин 95 жылдык мааракеси, ысымы берилгендигинин 25 жана имараттын пайдаланууга берилгендигинин 45 жылдыгы …

Фотобаян: Балыкчыдагы фин-чилистен сынагы

Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы #6 жалпы орто билим берүү мектебинде 24-ноябрь күнү “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында 4-б классында, класс жетекчи Салиева Рыскүл тарабынан “Фин-чилистен” сынагы уюштурулду

Ак-Талаада зордук-зомбулукту алдын-алуу иш-чарасы болуп өттү

Ак-Талаа районундагы Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукту алдын-алуу жана болтурбоо максатында иш-чара болуп өттү. Ага райондогу орто мектептердин жогорку классынын окуучулары, ата-энелери, укук коргоо жана коомдук уюмдардын …

Ак-Талаа: “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагы өткөрүлдү

Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов балдар дүйнөсүндө” аттуу театралдык фестиваль-сынагынын райондук туру өткөрүлгөн. Аталган фестивалга райондогу мектептерден 13 жана балдар билим берүү …

“Манас” эпосунун жети осуяты боюнча кароо-сынак өтүүдө

Ак-Талаа райондук китепкана тармагынын балдар бөлүмү тарабынан “Манас” эпосунун жети осуяты боюнча мектеп окуучуларынын арасында кароо-сынак өтүүдө. Сынактын жүрүшүндө окуучулар жобого ылайык жети осуяттын бирөөсүн тандап алып, маанисин чечмелеп беришет.

Ак-Талаа районунда «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

Ак -Талаа районунда  таймаш аркылуу окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, ынтымагын бекемдөө  максатында  «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну уюштурулуп, ага алты мектептин 7-классынын окуучулары катышты. Бул оюн Кыргыз радиосу жана райондук …

Ак-Талаа районунда мугалимдер үчүн облустук семинар өткөрүлдү

Ак-Талаа районундагы балдардын билим берүү борборунда “Мен жана менин жан дүйнөм” аталышында облустук семинар өтүлдү.  Алгач келген өкүлдөр жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев куттуктоо сөз сүйлөшүп, семинардын …

Чолпон айылында тарых кабинетинин ачылышы болуп өттү

Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин тарых кабинетинин ачылышы болуп өттү. Бул кабинетке Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, тарых мугалими Жакыпбек Султановдун ысымы ыйгарылып, …

Жаш кабарчылар медианын сырларын үйрөнүштү

Ысык- Көлдө Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы тарабынан өлкөдөгү жамааттык медиалардын ыктыярчы кабарчылары үчүн  лагерь уюштурулду. Аталаган лагерь эки  агым менен болуп жалпы 24 ыктыярчы  катышты.

Кесипти туура тандап, келечегиңе кам көр!

Кесип тандоо- алысты көрө билген жаштарга тиешелүү. Дал ошол жаштар келечекте эмгек рыногунда кайсы адистиктерге суроо-талап көп болоорун ойлонушуп, келечекте кандай кесиптин ээси болуу керектиги тууралуу кам көрүшөт.

«Каражатты чогултуп жана үнөмдүү жумшаганды үйрөндүм»

Нарын облусунун Акталаа районундагы Баетов айылынын кичинекей тургундары Мырзайым Жумагожоева он жылдан бери эжеси Эркеайым менен бирге каражат чогултууну адатка айландырышкан. Алар чоң атасы, чон апасы берген акчаларды эч качан …

Чолпон айылында фортепиано ийрими ачылды

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси Гулзат Фрунзе кызы фортепиано ийримин ачып, окуучуларды ага ойногонго үйрөтүп жатат.

Тогуз-Тородо “Манас” айтуу сынагы өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунда Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркында Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Каныкейдин жомогу» чагылдырылып, билим берүү кызматкерлери, окуучулар жана тарбиялануучулар, жалпысынан 1250 адам хор менен «Манас» айтышты.

Акталаада мыкты мугалимдер аныкталды

Ак-Талаа районунда жалпы билим берүүчү орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мыкты инновациялык-технологиялык идеяларды колдонуп, чыгармачылык менен иштеп жатышкан алдынкы мыкты, таланттуу мугалимдерди жана тарбиячыларды аныктоо, аларга колдоо …

Жол кырсыгына учураган окуучулардын мектебине автобус берилди

Сокулук районуна караштуу Лесное айылынан Атбашы мектеп лицейине сабакка келе жатышып,  жол кырсыгына учурашкан мектеп окуучуларына автобус белекке берилди.

Бишкек-Аэропорт «Манас» жолунда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылды

Бишкек-Манас Эл Аралык аэропорт жолунда жол кырсыгы катталды. Жол боюндагы күбөлөрдүн айтымында мектеп окуучуларын ташып келе жаткан автобус артында келе жаткан  GO BUS маршруттук автобустун байкабай калган. Жолдон бурула бергенде …

Акталаада мыкты педагогдордун сынагы өтүүдө

Ак-Талаа районунда педагогикалык кызыматкерлер арасында “Жыл мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы”   кароо-сынагы өтүп, ага биринчи баскычта жеңүүчү болгон мугалимдер  жана тарбиячылар катышууда.

Сүрөтчүнүн бейнесине арналган сынак өттү

Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө сүрөтчү, комузчу, ырчы, спортсмен, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасынын ээси, көп кырдуу талант Кайыпбек Султангазиевдин жаркын элесине арналган иш-чара болду.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...