Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: спорт

Балыкчы: Мектепте ата-энелер менен биргеликте спорттук таймаш өттү

Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде 2022-жылдын 7-декабрында окуучулар ата-энелери менен биргеликте катышкан «Атам, апам жана мен» деген темада спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Таласта өрттөн кийин күрөш мектеби жаңыланып ачылды

2022-жылдын 28-ноябрында Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби жаңыланып ачылды.

Райондун намысын коргогон жаш шахматчы

Нарын шаарында  өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча чемпионатта, алты жаштан 17 жашка чейинки райондун бардык аймактарынан улан-кыздардын ичинен Кочкор айылынын жаш тургуну, Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын 3- классынын окуучусу Нарын обласынын шахмат …

Акталаада «Түшүм майрамы» белгиленди

Ак-Талаа районунда КРнын Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай “Түшүм майрамы” болуп өттү. Ага жергеиликтүү бийлик өкүлдөрү, фермерлер, дыйкандар, айыл чарба кызматкерлери катышты.

Суусамыр: Карылар күнүнө карата спорттук таймаш болуп өттү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында биринчи октябрь карылар күнүнө карата спорттук таймаш болуп өттү. Таймашка жалпы Суусамыр айылынын беш мектебинин мугалимдери катышты. Иш-чаранын уюштуруучусу Айылдык аялдар комитетинин төрайымы, АДК нын …

Эки алтын медалдын жеңүүчүсү Нагира

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Исмаил айылынын тургуну Нагира Сарбашова Туркия мамлекетинин Изник шаарында 27 –сентябрдан 3 – октябрга чейин өткөн мелдешке катышып 2 алтын медалдын жеңүүчүсү болуп келди.

Суусамыр: Уулун спортко тарбиялаган элеттик ата

Суусамыр өрөөнүнүн Биринчи Май айылынын тургуну Токтобек Арзыгулов уулу Эржанды  төрт жашынан бери спорт менен машыктырат. Токтобектин спорт жаатында билими жок, үйдө машыгуу шаймандарын кураштырып чыккан.

Кочкор: «Атам, апам жана мен» аталышындагы спорттук таймаш өттү

Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде даярдоо классынын окуучуларынын арасында «Атам, апам жана мен» деп аталган спорттук таймаш болуп өттү.

Кыз-келиндер спорт аркылуу сергек жашоого үндөйт

Акталаада кыз-келиндер арасында спорттук оюндар байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Тактап айтканда ай сайын аялдар арасында волейбол, аркан тартыш боюнча шерине оюн өткөрүлүп турат. Кезектеги оюнду жеңген командалар уюштурат.

Мелдеште чогулган каражат кайрымдуулукка жумшалат

Акталаа районунда Улуу Жеңиштин  77 жылдыгына карата 35 жашка чейин жана андан улуулар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Кара-Тоо: Ден-соолук күнүндөгү мелдеш

“Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин” жана “Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө” карата Кочкор районунда мекемелер арасында мелдеш болуп өттү.

Жаңы-Жер: Мектепте ден соолук күнү белгиленди

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Восточный” айылындагы мектепке ден соолук күнү боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бүгүнкү иш-чаранын алкагында мектепте ден соолук акциясы уюштурулуп айлана- чөйрөнү тазалап, жаш көчөттөр отургузулду. Андан …

Тасмада «Биз сергек жашоону тандайбыз» аттуу спорттук иш чара болуп өттү

Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин 8-11-классттар арасында «Кургак учук айыгат» айлыгынын алкагында «Биз сергек жашоону тандайбыз» аталышында спорттук иш чара болуп өттү.

Спорт аналитикасы боюнча семинар өткөрүлдү

Ата мекендик машыктыруучулардын спорттук аналитика боюнча билим деңгээлин жогорулатууга багытталган эки күндүк семинар аяктады. Бул семинарга Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча жаш өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусун арттыруу менен алектенген Иван Иванов катышты.

Кыз-келиндер спорт аркылуу сергек жашоону калыптандырат

Ак-Талаа районунда акыркы учурда кыз-келиндер арасында спорттун түрлөрү боюнча ар кандай мелдештер байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Тактап айтканда ар бир айда аркан тартыш, волейбол боюнча күч сынашат. Бул сергек жашоону калыптандыруу …

Сүрөтбаян: Райондогу мыкты окуучулар сыйланды

200дөн ашуун окуучу жана мугалимдер Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл аймактагы башчылардын «Ардак грамотасы», Ыраазычылык каттары», диплом жана медалдар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ат-Башылык окуучу Таласта күрөш боюнча чемпион болду

Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинин 5-классынын окуучусу Сымбат Макеленова Таласта өткөн эркин күрөш боюнча «Мэрдин кубогун» жеңип алды.

Жаш спортчу: Менин кыялым олимпиада оюндарында чемпиону болуу

Ушул  жылдын февраль айында Дагестан өлкөсүнүн борбору Махачкала шаарында АСЕ аталышындагы “Мыктылардын мыктысы” панкратион боюнча ачык турнир болуп өткөн. Ушул турнирде 1-Май айылынын Сатымбай Карабеков атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу …

«Кана эмесе балдар»: Окуучулар арасында эстафета

Күндүн суугуна жана спорт зал жоктугуна карабай Сокулук районундагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Кана эмесе балдар” деген эстафета өткөрдү. Бул эстафетага 6–7–8–9–10–11–класстардын окуучулары катышышты.

Жоокер-интернационалисттердин урматына арналган турнир өткөрүлдү

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында мекемелер аралык волейбол оюну боюнча  турнир өткөрүлүп, ага 14 команда катышты.  Ал Советтик Армиянын Авган жергесинен чыгарылып кеткендигинин 33 жылдыгына арналды.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...