Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kochkor

5-март- Ак калпак күнүнө карата Кочкор айылында жөө жүрүш өттү

Майрамдык иш-чарага мамлекеттик мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышты. Катышуучулар ак калпак кийип, Кочкор райондук мамлекеттик администрациядан борбордук көчө аркылуу жөө жүрүш жасап, улуттук салт-санааны даңазалашты.

Токмокто өткөн республикалык фестивалда “Асел” бий тобу байгелүү орундарды ээледи

Нарын облусунун Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин «Асел» бий тобу Токмок шаарында өткөн 3-Кыргызстан элдеринин «Элдердин достугу-Кыргызстандын биримдиги» аттуу фестивалына барып алдынкы орундарга ээ болушту.

Облустук олимпиадада Кочкор районунун окуучулары биринчи орунга ээ болушту

2026-жылдын 27-28-февраль күндөрү Нарын шаарында өткөн, мектеп окуучулары предметтик олимпиадасынын облустук баскычына Кочкор районунан 20 окуучу катышып, 3 окуучу биринчи, 4 окуучу экинчи, 4 окуучу үчүнчү орунга ээ болуп, жалпы …

Кочкор: «Кесиптик Компас» аттуу семинар болду

2026-жылдын 18-февралында Кочкор айылында бүтүрүүчүлөрүнө арналган кесипке багыт берүүчү «Кесиптик Компас» форуму өттү. Иш-чарага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев, орун басары Талгар Исаев жана Кочкор айылында жайгашкан төрт …

Кочкор: Эт саткан дүкөндөргө эттин баасына көзөмөл жүргүзүлдү

2026-жылдын 16-февралында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Эрлан Чекирбаев, Монополия каршы  кызматтын Нарын облустук бөлүмүнүн башчысы жана Кочкор райондук салык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кочкор айылындагы эт саткан дүкөндөр …

Кочкордогу Капар Кыдыралиев мектебине STEM лабораториясы келди

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Азия өнүктүрүү банкынын долбоору боюнча мектепке STEM (илим, технология, инженерия, математика) Бул заманбап жабдуулар окуучулардын сабакка кызыгуусун арттырып, технологиялык сабаттуулугун өнүктүрүүгө жардам берет.

Кочкорлук окуучу «Өнөр кербени-2026» сынагында 1-орунду багындырды

«Өнөр кербени-2026» чыгармачыл 1-республикалык кароо-сынагында Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 6-классынын окуучусу Байэл Асанов аккордеон аспабында аткаруусу аркылуу 1-орунду ээлеп, чоң ийгиликке жетишти.

Кочкор: «Алтын казык» ноутбуктар тапшырылды

Кочкор районунун жалпы башталгыч класстардын мугалимдерине «Алтын казык» брендиндеги ноутбуктар берилди. 2026-жылдын 4-февралында  Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын залында  Кочкор районунун акими Баялы Досалиев жана акимдин орун басары Талгар Исаев мектеп …

Кочкор: Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн баалары бекитилди

2026-жылга жаздык айыл чарба өсүмдүктөрдүн дотацияланган үрөндөрүнүн баалары бекитилди.

Орус жана кыргыз тили сабагынан берген мугалимдерге усулдук семинар өтүлдү

  «Аркус» басмасынын «12 жылдык билим берүү стандарттарынын талаптарын ишке ашыруу үчүн ресурстар » темасында Кочкор  районундагы орус жана кыргыз тилинен берген мугалимдерге усулдук семинар өткөрүлдү. 2026-жылдын 2-февраль күнү Калыгул …

Кочкордо эт азыктарынын жарманкеси өттү

31-январь күнү Кочкор районунун Кочкор айылынын борборунда эт азыктарынын жарманкеси өттү. Анда арзан баада эт азыктар сатылды

Мектеп парламенттери: лидерликти жана кызматташууну чыңдаган жолугушуу

26-январь күнү Капар Кыдыралиев жана Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектептердин мектеп парламенттеринин өкүлдөрү жолугушу өткөрүштү.

Тобокел Дыйкановдун жаркын элесине арналган турнир өттү

23-январь күнү Тобокел Дыйкановдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча кыздар жана балдар арасында кызыктуу, атаандаштыкка бай турнир болуп өттү.

Н. Жүндүбаева мектепте реконструкциялоо иштери башталды

Нарын облусунун Кочкор районундагы жайгашкан Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим мектебинде ERIK долбоорунун алкагында реконструкция иштери башталды.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн светофорлор орнотулду

Кочкор айылынын борборунда жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын светофорлор орнотулду. Бул демилгени Ормон хан айыл өкмөтүнүн депутаттары 2025-жылы көтөрүп чыгышкан. 2026-жылы эки жолдун тилкесинде  светофорлор коюлду. Кочкор айылынын борборуда жөө жүргүнчүлөрдүн …

Кочкор районунда жаңы жылдык көчмө концерттер уюштурулду

2026-жылдын 5-9-январга чейин Кочкор районундагы Жыргалбек Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери Кочкор районунундагы айылдарга барып Жаңы жылдык концерт уюштуруп келишти. Эс алуу күндөрү Кочкор райондук маданият үйүнүн кызматкерлери Кочкор райондук …

Кочкордо мыйзамсыз курулуштарга каршы чаралар көрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө №109 Жарлыгынын алкагында» Кочкор айылынын борборунда жайгашкан соода түйүндөрдү жана турак жайларды …

Кочкор: Кымыз фестивалы-2025

КРын Президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» үнгү жолу жөнүндө жарлыгынын негизинде 2025-жылдын 26-июлунда Кочкор айылындагы Ормон паркында «Кымыз фестивалы-2025» болуп өттү.

Кочкор: Алтын сертификатка ээ болгон Акмарал Азаматова

2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен ЖРТ тапшырган 54 бүтүрүүчү эң жогорку жыйынтыкты көрсөтүп «Алтын сертификаттын» ээси болсо, алардын бирөө Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Акмарал Азаматова …

Мектеп окуучуларына өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Кочкор районунун Тендик айылында жайгашкан Калыгул Бай атындагы орто мектебинин  имаратында планга ылайык күжүрмөн даярдыгын күчөтүү жана өрт кырсыгы катталган учурда мектеп окуучуларына жана мектеп кызматкерлеринин иш-аракетин жакшыртуу максатында өрт-тактикалык …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...