Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы маданият үйүнүн алдында ачык асман алдындагы көчө китепканасы ачылды.
23-сентябрь өлкө боюнча тил күнү деп белгиленет. Ошол себептен бүгүн Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде мектеп окуучулары тарабынан чакан салтанат өтүлдү.
Кыргыз тил күнүнө 27 жыл толду. Эне тил майрамы Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинде да өзгөчө белгиленди.
Лейлек районунун Манас атындагы орто мектебинде быйыл тартип өзгөчө болууда. Ага ылайык, мектеп формасынан тартып, мектепте жүрүү эрежелери да катуу каралууда.
Кырсык айттырбай келет эмеспи. Ошол себептен Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде табияттын ар кандай кырсыктарына даярданууга иш-чара болуп өттү.
Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 21- сентябрь күнү 23- сентябрь тил күнүнө карата “Эне тилге таазим” аталышындагы майрамдык кече болуп өттү. Кече кыргыз тилине арналган ырлар, көөнөрбөс …
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 23-сентябрь тил күнүнө карата “Кыргыз тили — жан дүйнө азыгы” аталышындагы китептер көргөзмөсү жүрүп жатат. Бул китеп көргөзмөсү 21-22-23-сентябрь аралгында …
Терек-Суу айылында жайгашкан №11 электрондук китепкана 2014-жылдан бери иштеп келет. Ак-Бакай Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы китепканага барып, айыл тургундарынын китепке болгон кызыгуусу тууралуу билип келди.
Нарын районунун Учкун айылына райондук ооруканадан дарыгер келип, жыйналыш өттү. Учурда өзүн-өзү кыюу облустарда көп катталып жаткандыктан, аны аз да болсо окуучуларга түшүндүрүп, токтотуу максаты менен келген. Булар Нарындагы бардык …
Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер-жемиштер казылып алынды. Участокто помидор, капуста, картошка, алма, карагат, кызылча отургузулган.
Жал айылын мектебинде жыл сайын кыргыз тил майрамы өткөрүлөт. Кыргыз тил майрамына карата ар кандай иш чаралар даярдыктар болуп жатат. Кыргызстандын калкынын саясий активдүүлүгүнүн өсүшү, улуттук аң сезимин көтөрүлүшүн шартында …
aziret005 —Саламатсыздарбы Кара-Суу айылынын тургундары. Эфирде “Ак кептер” мультимедиа борбору, сиздер менен мен Гүлзада Бейшенбекова жана Азирет Туратбеков. Бүгүнкү чыгарылышта биз сиздерге жаңы окуу жылы тууралу айтып бермекчибиз. …
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 «Кызгалдак» балдар бакчасы бир топ жылдан бери кышкысын иштебей келген. Себеби балдар бакчасында жылуулук системасы жок болгон.
Жайкы мезгилдеги ремонт иштеринин ар кандай себептеринен улам кечеңдеп, жаңы окуу жылына кирбей калуу коркунучунда турган Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектеби 1-сентябрда окуу процессин баштады.
Акырындап мектеп окуучуларынын жайкы каникулу бүтүп бара жатат. Биз окуучулар жайкы эс алууну кандай өткөзгөндүгү тууралуу маек курдук.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинин жанына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда.
Ак-Талаа районунда мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, ага 18 жалпы билим берүүчү орто мектептердин жана бала бакчалардын тарбиячылары, ошондой эле акимдин орун басары А. Сулайманов жана билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги катышты.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде ремонт иштери соңуна чыгып калды. Акча каражаты кеч бөлүнүп берилгендигине байланыштуу быйыл мектеп иштери кеч болуп жатат.
Токтояндагы окуучулардын кээ бири бош убаккытты китеп окууга бөлүп жатса, кээ бири ар түрдүү оюндарды ойноп, эс алуу кызыктуу болуп жаткандыгын айтышууда.
Балдардын жайкы каникулу көбүнчө айылда, жайлоодо, ошондой эле айрымдары эс алуучу жайларга барып келүүдө.