Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билим берүү

Мектептин жылуулук системасы жаңыртылып жатат

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин жалпы жылуулук системасы жаңыртылып жатат. Буга чейин мектептин жылуулук системасы кышкы суукта үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктарды туудуруп келген.

19 Октябрь 2016 жыл 11:21

Бакай-Ата: Бердиш уулу Калмырза Мерген

Бердиш бабабыздын 5 уул 5 кызы болгон, балдарынын улуусу Турумбек 32 жашында каза болуп калат. Аталардын айтымында, Турумбек ата балбан киши болгон экен.

18 Октябрь 2016 жыл 18:33

Сүрөт баян: «Күзгү майрамда» кыздын милдетин аткарган балдар

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде өткөн «Күзгү майрам» кечесинде балдар кыздардын бетине макияж жасап, калыстар тобунун алдында өз колдору менен түрдүү салаттарды даярдап беришти.

18 Октябрь 2016 жыл 18:17

Сүрөт баян: Учкундун «ханзаадасы менен ханышасы» аныкталды

Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинде 18-октябрда 9-10-класстардын арасында «Күзгү майрам» кечеси болуп, Токсобаев мектеби жаңы ханзаада жана ханышалуу болду.

18 Октябрь 2016 жыл 17:46

Кызыл-Жылдызда дүйнөлүк кыздар күнү белгиленди

Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы М. Иманалиев атындагы орто мектепте 10-класстардын уюштуруусунда 17-октябрь күнү “Ак терек-Көк терек” аттуу чакан иш чара болуп өттү.

17 Октябрь 2016 жыл 22:11

Өрөөндөгү эң мыкты мектеп президенттери аныкталды

Суусамыр өрөөнүндөгү 5 орто мектептин президенттери Суусамыр радиосунун түз эфиринде күч сынашып, “Эң мыкты президент” наамын Кожомкул айылынын Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин президенти Адамаалы Бакыт уулу жеңип алды.

17 Октябрь 2016 жыл 21:51

Зыяндуу заттардан арылалы

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинде “Зыяндуу  заттардан арылалы” деген темада мектеп парламенти тегерек стол өткөрдү.

17 Октябрь 2016 жыл 20:23

Класстар арасында «Жаратылыш жана мен» сынагы болуп өттү

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде класстар арасында “Жаратылыш жана мен” сынагы болуп өттү. Сынакта 9-класстын окуучулары жеңүүчү аталды.

17 Октябрь 2016 жыл 18:48

Мектепте мугалимдер күнүнө карата кече өтүлдү

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 9-классынын окуучулары мугалимдер күнүнө карата кече өтүштү. Кечеде тамашалуу оюндар, сценкалар коюлду. Ошондой эле кечеде ардактуу мугалимдер конокко чакырып, аларга сөз берилди.

17 Октябрь 2016 жыл 17:28

Токтоянда дублёрлор күнү өтүүдө

Түп районуну караштуу Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде дублёрлор күнү өтүүдө. Бул күндөр окуучулар мугалимдердин ордуна жакшы билген, жакшы көргөн сабактарын класстарга өтүшөт. Бул дублёрлор күнүнө 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар …

17 Октябрь 2016 жыл 16:51

Учкунда Үркүн кино тасмасы көрсөтүлдү

Улуттук боштондук күрөшү чагылдырылып тартылган тарыхый Үркүн кино тасмасы 17-октябрда Эшбай Токсобаев мектебинде көрсөтүлдү. Буга чейин кино тасма саясий көз караштардан улам элге көрсөтүлбөй келген.

17 Октябрь 2016 жыл 14:25

Тасмада окуучулар арасында түшүм майрамы болуп өттү

Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Аталган майрамга 1-класстан 7-класска чейин окуучулар катышышты.

14 Октябрь 2016 жыл 22:07

Сүрөт баян: Учкунда бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданууда

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-классынын окуучулары Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча кыргыз тили жана математика сабактарынан даярдана баштады. ЖРТга октябрь айынан баштап даярдануу чечимин ата-энелер колдоп, азыркы …

13 Октябрь 2016 жыл 16:40

Өмүрүн балдарга арнаган эженин эмгеги

Бүбүайым Болоталиева Ак-Талаа районундагы Байымбет атындагы орто мектебинде физика сабагынан 40 жылга жакын убакыттан бери мугалим болуп иштейт.

12 Октябрь 2016 жыл 21:12

Кара-Чийде «Ак терек, көк терек» аттуу чакан программадагы иш чара өткөрүлдү

Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 10-классынын окуучуларынын уюштуруусунда 8-октябрь күнү “Ак терек-Көк терек” аттуу чакан оюн зоок иш чарасы болуп өттү.

11 Октябрь 2016 жыл 23:34

Куланакта тил күнүнө карата жумалык болуп өттү

23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тилчи мугалимдердин жумалыгы болуп өттү. Ал жумалыкка 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар жана кыргыз тилчи мугалимдер катышышты.

10 Октябрь 2016 жыл 21:47

Ак-Талаада алдыңкы мугалимдер сыйланды

Ак-Талаа районунда билим берүү бөлүмү тарабынан агартуучулардын кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чара райондук администрация башчысынын катышуусу менен өттү.

8 Октябрь 2016 жыл 9:50

Баетовдо окуучулар мугалимдерди куттукташты

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин окуучулары мугалимдерин кесиптик майрамына карата иш чара уюштурушту. Анда окуучулар таң эрте келишип, колдоруна гүл, шар кармап, биринчи саатка келчү мугалимдерин музыканын …

8 Октябрь 2016 жыл 9:47

Учкунда жаңы мектеп президенти шайланды

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 11-класстын окуучусу Алмаз Эшбаев президенттигин өз каалоосу менен 10-классынын окуучусу Төрөгелди кызы Майрамга өткөрүп берди. Алмаз Эшбаев 2015-жылдын ноябрь айынан бери мектеп президенти …

6 Октябрь 2016 жыл 16:28

Баетов: Карасартов мектебинде өзүн-өзү башкаруу уюму шайланды

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Баетов айылынын Карсартов орто мектебинде өзүн-өзү башкаруу мектеп парламентинин мүчөлөрү шайланды. Бул салтанатка мугалимдер, окуучулар катышты.

6 Октябрь 2016 жыл 11:04

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...