Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ишкердик

Каржылык башкаруу боюнча семинар болду

«Лейлек районунун комплекстүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн жарандык коомдук уюмдарды колдоо долбоору «Исан-Лейлек» коомдук фонддору жана ACTED уюмдары жана Баткен Айылдык Кеңеш кызматы иш жүзүнө ашырып жатат. 

12 Ноябрь 2016 жыл 10:51

Андарактын тургуну карышкыр багат

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Арстанбек Артыков бир жылдан бери карышкыр багып келет. Учурда анын колдо багылган бир карышкыры бар.

11 Ноябрь 2016 жыл 17:05

Шааркүл апа: Мектеп мени унутуп калды окшойт

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде Шааркүл Жунушова 12 жыл башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. Ал 50 жашында пенсияга чыгып, учурда үй тиричилиги менен алек.

10 Ноябрь 2016 жыл 15:40

Улуттук Банк журналисттерди сыйлады

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан уюштурулган “Келечекке инвестиция” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды. Улуттук Банк  каржылык сабаттуулук, банктын кызматтары, пластик карталар жана башка темаларды камтыган ЖМКлардын макалаларын угуп, окуп көрүп …

9 Ноябрь 2016 жыл 12:32

Учкундагы карагай тилүүчү станокту иштеткен Элмурат Алиаскаров

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2010-жылдан бери карагай тилүүчү пилорама иштеп келет. Аталган пилорам атайын ПРООНдун долбоорунун негизинде ишке ашып, учурда анда беш киши эмгектенет.

8 Ноябрь 2016 жыл 12:53

“Ак-Бакай” айымдар тобунун жылдызы жанды

Токтогул районунда таланттуу апалардан түзүлгөн “Ак-Бакай” айымдар тобу маданият жаатында ийгиликтүү иштеп келишет. Бул топ 2013-жылы ак элечекчен апаларды чогултуп, “Ак-Бакай” айымдар тобу иштей баштаган. Ар кандай майрамдарда жана иш-чараларда …

7 Ноябрь 2016 жыл 12:45

“Каскад” радиосу Токтогул районунун элине жаркын маанай тартуулайт

Токтогул районунда 2013-жылдан бери жергиликтүү “Каскад” радиосу иштеп келе жатат. Бул радио толкуну жалпы Кетмен-Төбө өрөөнүнө жана Кара Көл шаарына чейин жетет. Радиодо төрт киши эмгектенип, күнү-түнү иш алып барышат.

7 Ноябрь 2016 жыл 11:26

Ат-Башы: Сатылбаган чачбактын тарыхы

Илгертен эле кыздарга сеп берилип, ушул күнгө чейин бул каада салт сакталып келе жатат. Бүгүнкү маек Ак-Моюн айылынын тургуну Сажира эженин чоң энесинен белекке келген чачбагы тууралуу болмокчу.

5 Ноябрь 2016 жыл 20:59

Андарак өзүнүн түсүн акка боёду

Бүгүн Лейлек районуна караштуу Андарак айылында биринчи кар жаады. Андарака бул биринчи кар болуп эсептелет, күз айында кар жаагандыктанбы айылга көп деле суук болгон жок.

4 Ноябрь 2016 жыл 22:32

Тасмада быйыл түшүм кандай болду?

Күз мезгили мол түшүмдүн белгиси. Жыл сайын элдер жазында сепкен түшүмүн күзүндө жыйнап өзүнүн керегине жумшашат. Биз Түп районундагы Тасма айылынын тургундарынан быйылкы түшүмү кандай болгондугу тууралуу сурапжылоо жүргүздүк.

4 Ноябрь 2016 жыл 15:59

Учкунда алтын күздүн келиши

Күз келип, айлана сары түскө боёло баштады. Бул мезгилде тоодогу малдар айылга келишип, жер-жемиштер, эгиндер жыйнала баштайт. Күз мезгили учкундуктар үчүн кандай мааниде экендигин билуү үчүн суроолорду узаттык.

1 Ноябрь 2016 жыл 14:26

Жайлай эмгектенип, күзүндө жыйнаганын айылдаштарына тараткан ата

Нарын районунун Куланак айылы бышыкчылыктуу келгендиктен ар бир түтүн короосуна жер жемиштерин айдашат. Баарынан өзгөчөлөнүп бышканда келип, алып кеткиле деп тараткан Амангелди ата менен маек курдук.

31 Октябрь 2016 жыл 23:13

Кой терисинин баркы жок учур

Шаар көркүн бузуп, таштанды салган урналар кой терилерине батпай турат. Ошол себептен Нарын шаарындагы базардан “Тери” деген жазуусу бар жерге барып маек курдук.

31 Октябрь 2016 жыл 21:21

Токтоян: Айыл тургуну коён багып, аны дары катарында пайдаланууда

Токтоян айылынын тургуну Талант Асанбаев коёндорду багып, алардын этин дары катарында пайдаланууда. Анын бул иш менен алектенип жатканына аз убакыт болсо да, ал коён багуунун сырын жакшы өздөштүргөнүн айтат.

28 Октябрь 2016 жыл 19:49

«Ыйык Рух» уюму — Кызыл-Туу айылынын реабилитация борбору

«Ыйык Рух» уюму Кызыл-Туу айылынын реабилитация борбору болуп калган. Уюмга 12 жылдын ичинде оор абалдагы адамдар кайрылып кетишет.

27 Октябрь 2016 жыл 13:30

Көөнөрбөс талант — Чынара Абдырасулова

Куланак айылынын тургуну Чынара Абдырасулованын жакын арада эле эң алгачкы “Көмүскөдө жашаган чындык” аттуу китеби жарык көрдү. Кененирээк биз Чынара айым менен китеп тууралуу маектештик.

27 Октябрь 2016 жыл 12:23

Токтоян: ФАО тарабынан айыл тургундарына уй берилди

Швейцариядан алынып келинген өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн Кыргызстанда өндүрүү максатында уюм түзүлүп, Токтоян айылынын айрым тургундары да бул уюмга мүчө болуп, өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн себишкен. Аларга жакшы кам көргөндөрү үчүн эмгектеринин үзүрү кайтып, …

26 Октябрь 2016 жыл 20:31

Кызыл-Кыянын жаш коллекционери

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 23 жаштагы Махамаджон Билиялов көп жылдардан бери акча чогултуу менен алектенип келет. Себеби ал жаш кезинен эле коллекционерликке кызыгып келгенин айтат.

25 Октябрь 2016 жыл 0:33

Үч-Коргондо мөмө жемиштер жайма базары иштөөдө

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Койлук базарында багбандар күзгү мөмө жемиштерди алып чыгып сатышууда. Дыйкандар өткөн жылдарга караганда бул жылы түшүм күтүлгөн жыйынтыкты бербегендигин айтышат.

24 Октябрь 2016 жыл 23:05

Токтоян: Мөндүрдүн кесепетинен жер-жемиштер жабыркады

Быйыл айылда мөндүр түшүп, жер-жемиштердин көбүн уруп кеткен. Тургундардын алган түшүмдөрү мол болгону менен жааган мөндүрдүн кесепетинен көбүнчө жашылча-жемиштер зыянга учураган.

21 Октябрь 2016 жыл 20:09
Жекшемби
27 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...