Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Куланак: Ата-энелерге жана окуучуларга эскертүү берилди

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Мында окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана ар кандай түнкү отуруштарга жибербөө керектиги тууралуу мектеп директору жана милиция эскертүү берди.

14 Май 2016 жыл 23:50

Сүрөт: Чеч-Дөбөдөгү аялдама

Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы аялдаманын шарты жок. Айыл тургундары жаңы аялдама курулса дешет.

14 Май 2016 жыл 22:19

Байыш айылында таза суу жетишсиз

Ноокат районунун Байыш айылында таза суу жетишсиз. Айыл тургундары таза суу менен камсыз болууну каалашат.

14 Май 2016 жыл 19:39

«Оболо, Теңир-Тоо таланттары» аталышындагы ыр кесе Учкунда өттү

Куланак айылында13-май күнү биргелешкен айыл таланттары менен бирге «Оболо, Тенир-Тоо таланттары» деген ыр кесе болуп өткөн. Аталган ыр кесенин уландысы 14-май күнү Учкун элине тартууланды.

14 Май 2016 жыл 19:03

Сары-Ойдун жаштары футбол аянтчасын курууда

Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында жаштар келечек муундарга ден-соолукту чыңдоо максатында футбол аянтчасын куруп жатышат. Спорт аянтчасын куруу 15-апрелден башталган болсо, 25-майга чейин бүтүп калаарын айтышат алар. 

14 Май 2016 жыл 18:44

Учкундун тренери Сары-Ой айылына барып сабак өтүп келди

Клооптун журналистика мектебинен окуп келген тренер Бегимай Бекмурат кызы Нарын районунун Сары-Ой айылына барып, онлайн журналистика жана сүрөт баян даярдоо боюнча сабак өттү. Сабакка 20 окуучу катышты.

14 Май 2016 жыл 18:04

Учкун: Окуучулар арасында тогуз коргоол боюнча мелдеш өтүүдө

Ушул жылдын апрель айынан баштап Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде тогуз коргоол боюнча 20-майына чейин мектеп арасында өтө турчу чоң мелдешке тандоо оюндары башталган. Бул оюндун түрүнө кызыккан окуучулардын көптүгүнөн …

14 Май 2016 жыл 16:59

Куу-Майданда окуучулары Манас, Семетей жана Сейтек уюмдарына мүчө болушту

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Манас, Семетей жана Сейтек уюмдарына мүчө болушту. Ага 2-класстан баштап 8-класска чейинки окуучулар катышты.

14 Май 2016 жыл 11:46

Жаңы-Базар айылында тигүү цехи ачылды

Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында «Айназик» чеберканасы ишке кирди. Цех айыл тургундарына керектелген буюмдарын тигип берет.

14 Май 2016 жыл 9:37

Чеч-Дөбө: Балдар бакчасында орундар жетишсиз

Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы «Алыкул Осмонов» балдар бакчасында орундар жетишсиз. Бакчада негизинен 60 бала тарбияланат, чоң жана кичине тайпа болуп экиге бөлүнөт.

14 Май 2016 жыл 8:56

Учкун: Мектеп бакчасына мөмө-жемиштер отургузулду

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2014-жылы БУУнун Азык-түлүк программасынын негизинде мектеп ашканасына ысык тамак даярдоо үчүн 1 миллион сомдук акчага керектүү жабдыктарды жеңип алышкан. 2016-жылы аталган долбоордун уландысынын …

13 Май 2016 жыл 17:07

Этноботаникалык бакчада табигый тосмолор орнотулат

Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде жайгашкан этноботаникалык бакчада тосмолор орнотулат. Тосмону «Жаш натуралист» ийриминин мүчөлөрү өз колдору менен табигый материалдардан жасап жатышат. 

13 Май 2016 жыл 16:40

С.Абдылдаева атындагы орто мектептин мугалими айылдын «Жылдын мыкты мугалими» сынагына катышты

Кызыл-Туу айыл өкмөтү айылдагы 4 мектептин мугалимдер арасында «Жылдын мыкты мугалими» кароо сынагы өттү. Ага С.Абдылдаева атындагы орто мектебинен башталгыч класстын мугалими  Алымбүбү Исмаилова катышты.

13 Май 2016 жыл 14:56

Куу-Майдан: Сугат маселеси боюнча айыл башчы эмне дейт?

«Кеңеш-Нуру» жамааттык мультимедия борборунун ыктыярчылары айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөндө, сугат маселеси боюнча көптөгөн маселелер бар экенин айтышты. Биз бул тууралуу Куу-Майдан айылынын башчысы Абдүрөшүт Кадырбердиев менен маек курдук.

13 Май 2016 жыл 12:04

Куу-Майдандын 74 жаштагы чыгаан комузчусу Коргонбай Алимбаев

Куу-Майдан айылынын тургуну Алимбаев Коргонбай 55 жылдан комуз чертип келет. Анын талантын көп элдер билет жана үйрөнгөнү келип турушат.

12 Май 2016 жыл 20:02

Ооган-Талаада экинчи ирет сел жүрдү: Төрт үй жараксыз абалда

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында экинчи ирет сел жүрүп жолдор тосулду. Айыл тургундарынын үйүнө чейин сел кирип жабыр тартышты.

12 Май 2016 жыл 19:17

Ооган-Талаа: Жол чырактар маселеси тууралуу айыл өкмөтү эмне дейт?

«Ооган-Талаа» жамааттык мультимедиа борбору айыл тургундарына сурамжылоо жүргүзгөндө айрымдары көчөдө түнкүсүн чырактар иштебей, ыңгайсыздык жаратып жатканын айтышты. Мультимедиа борборунун кабарчысы бул тууралуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов менен маек курду.

12 Май 2016 жыл 18:13

Учкун: Мектептин тамчы аккан жерлери качан оңдолот?

Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин курулуп, ишке берилгенине төрт жыл убакыт болсо, ошондон бери 29 бөлмөлүү мектептин ондон ашык классында тамчы тамат. Бул маселе боюнча мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова менен маек …

12 Май 2016 жыл 17:29

Куу-Майдан: Көчөлөрдө жарыктын жоктугу тууралуу айыл өкмөтү эмне дейт?

«Биздин биринчи эле көйгөйүбүз жарык масалеси, айылдардын көчөлөрүндө жарык жок, кечинде балдарыбызды дүкөнгө жөнөтүштөн деле коркобуз» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу өкмөт башчы Калмамат Кудайбердиев менен маек курдук.

12 Май 2016 жыл 14:17

Ооган-Талаадагы төрөт үйү июль айларында колдонууга берилет

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн абалынын начардыгына тургундар . Учурда толук оңдодон өтүп жатат.

11 Май 2016 жыл 21:44

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...