Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Ооган-Талаада таштандылар унаа менен айыл четине төгүлө баштайт

Ооган-Талаада айылынын тургундары таштандылардын көбөйүп жатканын бизге билдиришти. Биз бул маселе тууралуу Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктар Калдаров менен маек курдук.

11 Май 2016 жыл 19:52

Куланак жамааттык мультимедиа борборунда биринчи смартфон үчүн сынак жыйынтыкталды

Куланак жамааттык мультимеди борборунда (ЖМБ) алты айдан бери жүрүп келе жаткан мыкты макала сынагы аяктап, смартфон өз ээсин тапты. Жеңүүчү болуп ЖМБнын кабарчысы жана Абдылда Аралбаев орто мектебининин мугалими Айзат Түмөнбаева табылды.

11 Май 2016 жыл 17:09

Куланактын тургундары ыр кесенин көп уюштурулуп турушун каалайт

Куланак жамааттык мультимедиа борбору айыл тургундарына сурамжылоо жүргүзгөндө, айрымдары ыр кеселердин көп уюштурулуп туруусун каалаганын айтышкан. Мындай иш-чаралар аркылуу айылдын жашоочулары көңүл ачып, руханий жактан өнүгүү болот эле дешет алар.

11 Май 2016 жыл 16:42

Дүйнөгө таанымал Ташчайнар учкундуктарга өз өнөрүн көрсөтүп кетти

Нарын районуна караштуу Учкун айылында Ташчайнар каймана аты менен белгилүү Нурлан Алишеров келди. Концерттен түшкөн каражатты Ташчайнар жакында эл аралык сынакка баруу үчүн керектелерин айтты.

11 Май 2016 жыл 16:34

Кара-Суунун саяпкери ат чабышта төө утуп алды

Кара-Суу айылынын тургуну, саяпкер Эсенбек Молдобеков 9-майда Новониколаевкада болуп өткөн чоң ат чабышка катышып, айылга дагы бир төө утуп келди. 

10 Май 2016 жыл 13:17

Кара-Суу: «Ак кептер» жамааттык медиа борборунун кабарчылары долбоор жазганды үйрөндү

«Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун мүчөлөрү 2-майда Бишкек шаарында жайгашкан Клооп Медиа коомдук фондунда долбоор жазуунун эрежелери боюнча тренингге катышып келишти. Ага аталган медиа борбордун 10 волонтерлору барып, кичи долбоор …

10 Май 2016 жыл 13:06

Майып балдары менен жашаган Зымырат Орунбаева

Ноокат районунуна караштуу Кара-Кой айылынын тургуну Зымырат Орунбаева үч майып баласы менен сегиз жылдан бери өзү жалгыз жашайт. Ачка калган күндөрү картошка менен күн өткөргөн убактары болгонун айтат Зымырат апа.

10 Май 2016 жыл 12:12

Ноокат районунун тургундары Жеңиш күнүн белгилешти

Ноокат районунун борборунда 9-май Жеңиш күнүнө карата парад болуп өттү. Парадда эл Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан жакын адамдарынын сүрөттөрүн кармап өтүштү.

10 Май 2016 жыл 11:49

Токтогулда Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш чара болуп өттү

Токтогул районундук билим берүү бөлүмү “Тарыхта калган кара тактар” сынагын уюштурду. Ага тогуз мектеп катышып, Комсомол айылынан барган топ алдыңкы орунга татыды.

9 Май 2016 жыл 20:04

Андаракта «20 жылдыктар» мечиттин жолун оңдоп беришти

Сумбула айылынын борбордук мечитинин жолуна оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Аны Манас орто мектебин 1996-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр оңдоодо.

9 Май 2016 жыл 18:10

Үч-Коргондун борбордук аянтында Жеңиш майрамы белгиленди

Улуу Жеңиш күнүнө карата Ата-Мекендик согушука катышкан ардагерлер чакырылып, аларга сый көрсөтүлдү. Алардын урматына мекетпердин окуучулары концерттик программаларды тартууланды.

9 Май 2016 жыл 15:55

Кожомкул айылында “Нандын жыты” аттуу конкурс-фестиваль болуп өттү

8-майда Кожомкул айылында “Нандын жыты” аттуу конкурс-фестиваль болуп өттү. Бул фестивалга Суусамыр, Тунук, Кожомкул айылындагы айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү, активдүү айымдар катышты. Иш чараны “Демөөр” коомдук бирикмеси уюштуруп, байытылган …

9 Май 2016 жыл 11:42

Терек-Сууда суу түтүктөрү июнь айында оңдоло баштайт

Терек-Суу айылына сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көбүнчөсү тургундар таза суу көйгөйү бар экенин билдиришти. Бул маселе боюнча Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Джээналиевге кайрылып, маек курдук.

8 Май 2016 жыл 21:58

Баетов айылында Жеңиш күнү белгиленди

Бүгүн Баетов айылында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш-чаралар өтүлдү. Иш чараны Баетов айыл аймагы уюштуруп, ал Э. Карасартов мектебинин окуучуларынын ыр бийлери, эскерүүлөрү менен коштолду.

8 Май 2016 жыл 14:38

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Мүйдүн Абдымомуновдун жаркын элесине шахмат мелдеши башталды

Улуу жеңиш майрамын утурлап, Кошбулакта салт болуп калган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, шахматист Мүйдүн Абдымомуновдун жаркын элесине арналган 7- турнир башталды. Турнирде Сүлүктү шаары боюнча 12 профессионал оюнчу ат …

8 Май 2016 жыл 12:15

Бирөөлөрдү карегиңдей сактай жүр, бирөөлөрдүн карегинде калып кет

Бүгүн Сүлүктү шаарынын Элмуратов көчөсүндө «Эч ким, эч нерсе унутулбайт»- аттуу аллеянын ачылуу аземи болду. Президентибиз А. Ш. Атамбаевдин 2016-жыл «Тарых жана маданият жылы»- деп жарыялангандыктан, мен да инсан катары …

8 Май 2016 жыл 10:07

Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 71 жыл

Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата согуш ардагерлерине концерттик программаларын тарттуулап өтүштү.

7 Май 2016 жыл 22:35

Сумбулада «Алиппе» майрамы белгиленди

Манас атындагы орто мектебинде 6-май күнү 1-А жана Б класстары “Алиппе” майрамын белгилешти. Майрамга ата-энелер келип катышты.

7 Май 2016 жыл 20:27

Турусбек мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү

Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү. Бул бирдиктүү форма кийүү демилгеси аталган мектептин директору Турсумкан Абдыгуловага таандык.

7 Май 2016 жыл 20:06

Бакай-Ата: 9-май жеңиш күнүнө карата парад болуп өттү

Бакай-Ата районундага Жоломан атандагы эс алуу багында 9-май жеңиш күнүнө карата эскерүү болуп өттү. Эскерүүгө окуучулар, мугалимдер жана ардагерлер катышып кетти.

7 Май 2016 жыл 15:22

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...