Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Ооган согушу тарыхтагы өчпөс так

Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында “Ооган согушу тарыхтагы өчпөс так” аттуу иш-чара болуп өттү. Ооган согушунун ардагерлери мектепке чакырылып, алардын катышуусунда класстык сааттар өткөрүлдү. “Жоокерлерге таазим!” аттуу концерттик программа …

22 Февраль 2023 жыл 22:29

21-февраль-Эл аралык эне тил күнү

21-февраль Бүткүл Дүйнөлүк Эне тилдин Эл аралык күнүнө карата Жал айылындагы  мектеп-гимназиясында чоң иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мугалимдер жана окуучулар активдүү катышышты. Өткөрүлгөн иш-чараларды сүрөттөр баяндайт.

22 Февраль 2023 жыл 21:31

Суусамыр: Ата-энелер бала тарбиялоодогу жаңы ыкмаларды үйрөнүштү

 21-февраль күнү Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде кезектеги «Ата-энелер мектеби» болуп өттү. Бул иш-чара Гапыр Мадаминов тарабынан 1997-жылдан бери өткөрүлүп келет. Эми  бул иш-чара аталган мектепте да болуп келе …

22 Февраль 2023 жыл 20:01

Суусамыр: Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу тизим

Бугүн Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде 23-февралга карата салтанаттуу тизим болду. Тизим 9-11-класстар даярдаган иш-чара менен коштолду.

22 Февраль 2023 жыл 17:56

Акын Шайлообек Дүйшеевдин китептери мектептерге белекке берилди

Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районундагы мектептерге өзүнүн калемине таандык китептерин белекке берди.

22 Февраль 2023 жыл 10:07

Сүрөт баян: Табигый илимдеринин 10 күндүк декадасы жыйынтыкталды

«Соң-Көл» орто мектебинде «Табигый илимдер» декадасынын 10 күндүк иш чарасы мугалимдерге семинар өтүү менен жыйынтыкталды.

21 Февраль 2023 жыл 10:01

Дени сак эркек- өз үй-бүлөсүнүн тиреги

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча эркектердин жашынын орто узактыгы аялдардыкына караганда 8 жылга аз. Эркектер жугуштуу эмес оорулардын пайда болуусуна көбүрөөк кабылышат. Өлкөдөгү эркектердин жарымынан көбү жашылча жана жемиштерди жетиштүү …

21 Февраль 2023 жыл 9:56

Кулатов айыл өкмөтүндө китеп жарманкеси өттү

Кулатов айыл өкмөтүндө «Ыйык-Ата Журт» Кызыл-Кыя коомдук жаштар фонду тарабынан уюштурулган китеп жарманкеси өттү. Иш чарага айыл тургундары, жана ЖМП долбоору менен иш алып барып жаткан окуучулар катышты.

20 Февраль 2023 жыл 12:59

Үч-Коргондо жаны ФАП ишке киришти

Үч-Коргон айыл аймагына караштуу борбордук ооруканасында дагы бир ФАП ишке киришти. Жалпы бюджети 4 млн сомго 7 бөлмөлүү имарат “Ассанабиль” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, ачылыш аземинде 1 млн сомдук медициналык …

20 Февраль 2023 жыл 12:56

«Ыйык-Ата Журт» Кызыл-Кыя коомдук жаштар фонду жамааттык медианы колдойт

Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборуна «Ыйык-Ата Журт» Кызыл-Кыя коомдук жаштар фондунун жетекчиси  Алтынбек Атамбаев келип конок болуп,  кеңсени жакындан таанып кетишти.

19 Февраль 2023 жыл 11:57

Кочкордо Нарын облусунун мугалимдерин эмоционалдык жана психологиялык жактан колдоо үчүн фитнес борбор ачылды

Кочкор айылында «Мугалим − улут келечеги» долбоорунун алкагында кыздар жана аялдар үчүн жаңы фитнес борбор ачылды.

17 Февраль 2023 жыл 14:54

Бозого суроо – талап кышында көп болот

Бозо – кыргыздын улуттук суусундугу. Ал дан өсүмдүктөрүнөн, таруу, жүгөрү, буудайдан өндүрүлгөн угуттан даярдалат. Айыл жеринде мурдагыга караганда бозо салгандар азайды. Бирок кардарлар көп болгондуктан, бозонун баасы кымбаттаган.

17 Февраль 2023 жыл 14:22

Төлөк: Кан басымы жогору адамдар көбөйүүдө

Төлөк айылында кан басымы жогору турган 30 адам атайын каттоодо турушат. Алар дайыма көзөмөлдө турушуп, доктурлардын сунушу менен дары-дармек колдонушат. Көпчүлүгү улгайган адамдар болгондуктан дарыны атайын такси кызматынан алдырышат. Күн …

17 Февраль 2023 жыл 14:21

Кочкор районунун акими менен Чолпон эли менен жолукту

Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

17 Февраль 2023 жыл 14:17

Чолпон айылындагы оорукана кайрадан жаңыланды

16-февраль күнү Чолпон айылындагы оорукана жаңыланып, ишке кирди. Оорукана 20 жылдан бери эски абалда турган. Ошол себептүү дарыгерлердин кубанычында чек жок.

17 Февраль 2023 жыл 12:51

Китеп окуу маданияты үй- бүлөдөн башталат

Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү максатында Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучулары жана ата — энелери менен тарбиялык ачык сабак өтүлдү. Бул сабакты класс жетекчи жана …

16 Февраль 2023 жыл 21:12

Жал айылы: Тележурналист окуучуларга белек тапшырды

“Дил мүрөгү” коомдук кайрымдуулук фондунун мүдүрү, теле журналист, “Жаштар сүйлөсүн” теледолбоорунун алып баруучусу Темирлан Акматов Р.Мамыралиев мектеп-гимназиясында мейманда болду.

16 Февраль 2023 жыл 17:44

Соң- Көл: Мектепке электрондук китепкана үчүн компьютерлер келди

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Кочкор районунун 19 мектебин жаңы компьютер менен камсыздады. Анын ичинде «Соң-Көл»орто мектеби бар.

16 Февраль 2023 жыл 14:28

Кулатов айыл өкмөтүнө жаңы башчы дайындалды

Кулатов айыл өкмөтүнө Чоң Алай районунунан келген Аманилла Абдылдаев дайындалды. Буга чейин Чоң Алай районунун, Чоң Алай айыл өкмөтүндө финансылык экономикалык бөлүмүнүн башчысы болуп 11 жыл иштеген.

16 Февраль 2023 жыл 12:39

Эне тилди барктайбыз жана даңктайбыз

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн 30-январь №16 буйругунун негизинде 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата сынак жарыяланган. Сынакка Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 9-11-класстын окуучулары катышты.

16 Февраль 2023 жыл 9:50

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...