25-ноябрь күнү «Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчыларына чакан конкурс жарыяланган. Анын жыйынтыгы 23-январь күнү чыкты.
Ак-Талаа районунда эки күнгө созулган окуучулардын республикалык олимпиадасынын II этабы жыйынтыкталды.10 предмет боюнча өткөрүлгөн билим сынагына 405 окуучу катышып, күчтүүлөр жеңип чыкты.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтү “Таза суу-таза аймак” муниципалдык ишканасы үчүн таштанды чыгарууга 2007-жылы өндүрүштөн чыккан “КамАз” ЕВРО-2 үлгүсүндөгү автоунаа сатып берди.
Окуу процессинде электрондук ресурстарды пайдаланууга шарттар түзүлдү. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектеби да Электрондук китепкана жана 5 мультимедиалык класс менен жабдылды.
«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Эрнест Хемингуэйдин «Чал жана деңиз» китебинин негизинде райондук китеп окуу сынагы өттү. 17-январда Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы Көкөбай Мамбеталиев мектебинде Кочкор районунун 35 мектебинен …
Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан «Ж.Саралаев» атындагы спорт комплексинде СССРдин Эл агартуусунун отличниги Нурдин Токтогоновдун жаркын элесине арналган NAGA-ГРЭППЛИНГ боюнча Республикалык ачык турнир болуп өттү.
Энергетика ишканалары айыл элдерине бир убакытта көп электр техникасын колдонбоого, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен олимпиада жана Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогоку упай алган окуучу окуган мектепке 200миң сом өлчөмүндө сыйлык берилет. Бул тууралуу Баетов айыл …
Ак-Талаа районундагы орто мектептин 400дөн ашык окуучусу бүгүн 10 предмет боюнча республикалык олимпиаданын экинчи баскычында билимин сынашууда. Анын ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, окуучулар жана коомдук …
Үстүбүздөгү жылдын 19-20-январында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын 2-этабы өткөрүлөт. Олимпиаданы өткөрүү боюнча Жободо 10 предметтин тизмеги берилген жана мындан сырткары орус тилдүү …
Жыл башы менен эттин орточо баасы өзгөргөн жок, бирок көпчүлүк жарандар эт кымбат болгондуктан, андан баш тартууга аргасыз болууда. Эттин ордуна башка калориялуу азыктарды колдонсо болобу?
Тоют кымбаттап, мал багууда кыйынчылыктар жаралып жатат. Кышында болсо сүт азайып, тоют, жем кымбат болгондуктан сүттүн баасы өсүүдө. Кочкор районунун Чолпон айылында сүттүн баасы 45 сомдон сатылууда.
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кара- Жыгач бейтапканасы капиталдык ремонттон чыгарылды. Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практика борборунун Кара- Жыгач бейтапканасын капиталдык ремонттон 1200 м² өткөрүлүп, ачылыш аземи өткөрүлдү.
Сары-Булак айылы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 264 чакырымында жайгашкан. Бул жерде 26 жыл мурун балык сатуу бизнеси башталган. Балык сатуу бизнеси үчүн 10дон ашык соода-түйүндөрү курулган менен бүгүнкү күндө 6-7 гана жерде …
Жаңырган жаңы 2023-жылдын символу болгон коен тууралуу кызыктуу фактылар.
10 – январда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында “Мектеп лигасынын” кыздар командасынын райондук оюну башталды. Оюн эки тайпага бөлүүнү менен өттү. Ар бир тайпада 9 дан оюн командасы катышты.
Бүгүн 11-январь биз күнүмдүк жашообузда эң көп колдонуучу –“рахмат” деген сылык сөздүн эл аралык күнү. Жыл сайын бул күндү майрамдаган өлкөлөр жана элдер көбөйүүдө. Орусча «рахмат» деген сөз 16-кылымда «Кудай …
«Ыйык-Ата Журт Кызыл-Кыя» коомдук жаштар фонду жана «Secom» билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулган 3 күндүк Ош шаарындагы кышкы лагерге Кулатов айыл өкмөтүнүн окуучулары катышты.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде окуучулардын кышкы каникулун пайдалуу өткөрүү, жаш өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, мектеп менен ата-эне байланышын чыңдоо максатында ата-энелер менен бирге спорттук оюндардын …
Кыргызстан ЕАЭБге (Евразия экономикалык биримдигине) кошулганына быйыл сегиз жыл болот. Өлкө уюм алкагындагы жолун бир карап чыкчу кез келген менен, “Кыргызстан ЕАЭБге кириш керек беле же жокпу?” деген коомдук дебаттарга …