Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Кочкор районунун акими менен Чолпон эли менен жолукту

Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

17 Февраль 2023 жыл 14:17

Чолпон айылындагы оорукана кайрадан жаңыланды

16-февраль күнү Чолпон айылындагы оорукана жаңыланып, ишке кирди. Оорукана 20 жылдан бери эски абалда турган. Ошол себептүү дарыгерлердин кубанычында чек жок.

17 Февраль 2023 жыл 12:51

Китеп окуу маданияты үй- бүлөдөн башталат

Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү максатында Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучулары жана ата — энелери менен тарбиялык ачык сабак өтүлдү. Бул сабакты класс жетекчи жана …

16 Февраль 2023 жыл 21:12

Жал айылы: Тележурналист окуучуларга белек тапшырды

“Дил мүрөгү” коомдук кайрымдуулук фондунун мүдүрү, теле журналист, “Жаштар сүйлөсүн” теледолбоорунун алып баруучусу Темирлан Акматов Р.Мамыралиев мектеп-гимназиясында мейманда болду.

16 Февраль 2023 жыл 17:44

Соң- Көл: Мектепке электрондук китепкана үчүн компьютерлер келди

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү Министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде Кочкор районунун 19 мектебин жаңы компьютер менен камсыздады. Анын ичинде «Соң-Көл»орто мектеби бар.

16 Февраль 2023 жыл 14:28

Кулатов айыл өкмөтүнө жаңы башчы дайындалды

Кулатов айыл өкмөтүнө Чоң Алай районунунан келген Аманилла Абдылдаев дайындалды. Буга чейин Чоң Алай районунун, Чоң Алай айыл өкмөтүндө финансылык экономикалык бөлүмүнүн башчысы болуп 11 жыл иштеген.

16 Февраль 2023 жыл 12:39

Эне тилди барктайбыз жана даңктайбыз

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн 30-январь №16 буйругунун негизинде 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата сынак жарыяланган. Сынакка Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 9-11-класстын окуучулары катышты.

16 Февраль 2023 жыл 9:50

От болуп жанган Ооган апааты

Ооган согушун эскерип, окуучулардын патриоттук сезимдерин тарбиялоодо Ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда Орок айыл өкмөтүнүн Селекция айылындагы Орок орто мектебинде 10-февраль күнү салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

15 Февраль 2023 жыл 19:48

Суусамыр: Кара-Суу суусу элге ыңгайсыздык жаратып келет

Суусамыр айылынын ичинен агып өтүүчү Кара-Суу суусу кыштын келиши менен тоңуп жолду каптап калат. Бул суудан өтүүчү көпүрө бар болгону менен, суу улам үстүнө тоңо бергендиктен, көпүрөдөн өтүү да кооптуу …

14 Февраль 2023 жыл 19:08

Соң-Көл: Айыл өкмөтүнун жыл жыйынтыгы угузулду

«Сон-Көл» айыл өкмөтүндө Кочкор ройондук админстрациясынын башчысы акимдин катышуусу менен элдик жыйын өткөрүлдү.

14 Февраль 2023 жыл 14:41

Базар-Коргон: «Манас таануу» таймашы өттү

Базар-Коргон районундагы Б.Осмонов атындагы гимназия орто мектебинде райондук жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын арасында республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы жана Манас айтуучулардын сынагынын райондук баскычы өттү.

13 Февраль 2023 жыл 14:56

Чолпон: Aмерикалык математикалык олимпиадасынын сыйлыктары тапшырылды

8-февраль күнү  Кочкор районуна  караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин Aмерикалык математикалык олимпиадасынын экинчи туруна жолдомо алган окуучуларына сыйлыктар ыйгарылды. Сыйлыкты Кочкор районунун администрация башчысынын орун басары жана …

12 Февраль 2023 жыл 14:31

“Келечек үчүн билим берүү” долбоору мектептерди техникалык жабдуулар менен камсыздоодо

Сокулук районунун Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы компьютерлер менен камсыз болду. Жалпы 21 компьютер, 6 проектор жана принтер берилди.

12 Февраль 2023 жыл 14:15

Жал айылы: Айыл тургундары үзгүлтүксүз маршруттук каттамга муктаж

Сокулук районун Жал айылы Бишкек шаарынан 11 км аралыкта жайгашкан. Айыл тургундары Бишкекке бат- бат каттап турушат. Айрым мектеп окуучулары, студенттер күнүгө Бишкекке келип окушат. Бирок алардын бардыгы унаа каттамынын …

12 Февраль 2023 жыл 13:31

Сирень Келдибек кызы: Ийгилик сыры кыялда

Нарын районуна караштуу Оттук айылында чоңойгон Сирень Келдибек кызы учурда Туркия мамлекетинде тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүндө менеджер болуп эмгектенет. Алар учурда …

12 Февраль 2023 жыл 11:55

«Ак кемедеги» Нургазы мектеп балдары менен жолугушуу өткөрдү

1975-жылы Болотбек Шамшиев тарткан «Ак кеме» киносунда баланын ролун ойногон актер Нургазы Сыдыгалиев Кант шаарындагы №3 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

12 Февраль 2023 жыл 11:49

Мектепте шахмат боюнча тандоо туру өттү

10- февралда Сокулук районундагы Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында шахмат боюнча 4 зонанын тандоо туру өткөрүлүп, ага райондогу 5 мектептин окуучулары катышты. Тандалып алынган окуучулар райондук шахмат турнирине катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Жалпы 5 …

11 Февраль 2023 жыл 17:06

«Билге» билим таймашынан Жал айылынын окуучулары алдыңкы болушту

Сокулук районундагы мектептердин окуучулар арасындагы “Билге” билим таймашы Г.Капарова атындагы орто мектептин тарых мугалими Абдразак Казакбаевдин демилгеси менен И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде өткөрүлдү. Ар бир мектептен 4 окуучудан түзүлгөн …

11 Февраль 2023 жыл 16:20

Мектепте Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленди

9-февралда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде тарыхый инсан Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленди. Иш-чараны аталган мектептин тарых сабагынын мугалимдери Билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде уюштурган.

11 Февраль 2023 жыл 14:37

Акталаада мектептер бир ай англис тилине басым жасашат

Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү 18 орто мектепте 49 англис тил мугалими эмгектенет. Учурдун талабына ылайык КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна жана”Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык окуучулардын англис …

10 Февраль 2023 жыл 14:32

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...