Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө Аксакалдар соту коомдук алдын алуу бөлүмүнө келип түшкөн эки жарандык арызды карады. Бул боюнча Баетов айылынын участкалык милиционери Бурул Батырбек кызы кабарлады.
Ак-Талаа районундагы орто мектептердин окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту, суицидди алдын алуу максатында жер-жеринде жолугушуулар өтүүдө.
Мындай маалымат бүгүн ата-энелер жана окуучулардын катышуусунда өткөн чогулушта белгилүү болду.
Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Гүлнара Шекилбаева кѳп жылдан бери тикмечилик менен алектенип келет. Анын негизги кардарлары болуп окуучулар эсептелерин айтат.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында биринчи кар 27-ноябрда жаап, айлана аппак карга оронуп калды. Айыл тургундарынын айтымында, быйыл кыш жылдагыдан суугураак түшкөн.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында тажик улутунун өкүлдөрү басымдуулук кылышат. Сырттан байкалбаганы менен алардын өз ара сүйлөгөн сөздөрүндө айырмачылыктары бар.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында көпчүлүк аялдар тигүүчүлүк менен алектенишет. Бул тууралуу тармакта 20 жылдык тажрыйбага ээ ишмер аял Мавлюда Хайдарова билдирди.
Учурда коомдук тармактарды көп эле жаштар колдонуп жатат. Алардын ичинен вотсап, одноклассники, фэйсбук, инстаграм жана твиттерди айтууга болот. Бул тууралуу мектеп мугалимдери жана окуучуларынын арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жылгаяктын сезону ачылды. Ал жерде көбүнчө мектеп окуучулары эс алышат.
Кычыраган кыш келип, Бакай-Ата айлынын тургундарынын кышка даярданып көмүр ала баштады. Айылда көмүр баасы тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
18-ноябрда PI Radioго саат 10:00дө Лотум-Штрассе 10, 10119 Берлин дареги боюнча келдик. Бизди Йорг Депта тосуп алды.
Бүткүл дүйнөлүк студенттер жана жаштар күнүнө карата 10-17-ноябрда майрамдык кечелер уюштурулду. Алардан бири Кызыл-Кыя шаарындагы №7-кесиптик лицейинде болуп өттү.
Өткөн жылдарга караганда бул жылы кыш эрте келгендиктен Кызыл-Кыя шаар тургундарынын жана Үч-Коргон айылынын жашоочуларынын даярдыктары тууралуу кыскача сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында мектеп оокуучулары жана айыл тургундары үчүн табигый кырсык болгон учурда кантип биринчи жардам көрсөтүү керек экени боюнча атайын окуу болуп өттү.
17-ноябрда Гамбургдагы “FURST BISMARK” отелинен эртең мененки тамакты ичип, 09:38де вокзалдан поездге түшүп, Берлинге сапар тарттык.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде 26-ноябрь күнү «Биз СПИДге каршыбыз» аталышындагы 9-11-класстар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болду. Мелдешке төрт команда катышып, жыйынтыгында «Мектеп чемпиону» наамы 11-класстардын «Ак …
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы М.Кудайбердиев жатак лицейинин окуучулары «Карек» фестивалына «Менин дүйнөм» аттуу киносу менен катышты. Жаштардын тарткан тасмасы «Мыкты актриса» наамын алып келди.
Бакай-Ата райондук жалпы медициналык тейлөө борборуна Кыргызстандагы Жапон элчилигинин донордук долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар берилди.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин мугалими, «Баатыр эне» Бактыгүл Айдакеева 34 жылдан бери окуучуларды кол эмгегине үйрөтүп келет. Айдакееванын өзүнчө кол эмгек бөлмөсү да бар, андан 34 жылдан берки …
Учурда Ак-Талаа районунда 2016-жылдын 20-25-ноябрь күндөрү “Кайра жабдуу (Переоборудование)” аталышындагы рейд өттү. Иш-чаранын максаты — жол коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарын алдын алуу.