Ак-Талаа районунда жыл жыйынтыгы чыгарылды. Салт болуп калгандай жергиликтүү бийлик өкулдөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышуусунда жыл ичиндеги жетишкендиктер белгиленди. Райондук акими С.Черикбаев узап бара жаткан …
Ноокат районунун Арбын айылынын Арбын орто мектебинде «Балаты 2017» сынагы болуп, ага 6-11-класстардын окуучулары катышты. Баш байгени 8-класстар алып кетишти.
Жайыл районунун Ставрополовка айылында «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун филиалы ачылды.
Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуу убактысы 08:30дан 09:00гө жылдырылды. Буга күндүн кыскарышы себеп болгон.
Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылында 2016-жылдын башында жаңы фельдшердик-акушердик пункту долбоор менен каржыланып салынууда.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жаңы тогуз депутат шайланды. Алар 18 талапкердин арасынан тандалып алынды.
Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борбору (ЖМБ) жыл жыйынтыгын чыгарды. Борбордун активдүү кабарчыларына грамоталар жана бирдик карточкалары тапшырылды.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын көптөн бери чечилбей келе жаткан көчө жарык маселеси мындан бир апта мурун 17-декабрда толугу менен оңдолду. Бул тууралуу Могол айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукулов менен маек курдук.
Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинин жогорку класстагы окуучуларынын жаңы жылдык кечеси 28-декабрь күнү болуп өттү.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинин 9-классынын окуучулары лоторея оюунун уюштурду. Лотореяда смартфон, коёндор жана башка жаңы жылдык белектер ойнотулду.
Талас облусуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 27-декабрь күнү башталгыч класстын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам болуп өттү.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде 26-декабрдан тарта жаңы жылдык балаты кечеси өтө баштады. Балаты майрамы 29-декабрда 11-класстардын кечесинен соң жыйынтыкталмакчы.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 1-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучулары «Жаңы жылдык майрамды» өткөрүштү. Ага окуучулардын ата-энелери, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары күбө болушту.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда быйыл биринчи ирет айымдар үчүн “Апалардан ак бата” аттуу жаңы жылдык “Көгүлтүр от” болду.
Жаңы жылга карата Ак-Талаа районунда бир катар ветеринарларга сыйлыктар тапшырылды. Сыйлык тапшыруу салтанатына райондук акимдин орун басары А.Сулайманов, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Д.Күйкеев, айылдардагы ветадистер жана ардагерлер катышты.
Талас облусундагы Бакай-Ата айылында «Бакай-Ата ФМ» жааматтык маалымат бюллетени басылып чыгып, тургундарга айылдын жаңылыктары дагы да жеткиликтүү болуп калды. Бул боюнча бюллетенди чыгарып жаткан Бакай-Ата FM жамааттык радиосунун жетекчиси Дамир …
Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинин башталгыч классынын окуучулары мектепте салынган күнөсканада өстүрүлгөн жемиштер менен азыктана башташты. Буга чейин атайын долбоордун негизинде мектептин базасында күнөскана ачылган болчу.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 25-декабрь күнү волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешти айылдын «Аккулан» жаштар уюму демөөрчү болуп уюштурду.
Лейлек районунун Раззаков айылында 24-декарбь күнү райондук деңгээлдеги күрөш мелдеши болуп өттү. Күрөшкө райондун ар кайсы айылдарынан балбандар келип, өздөрүнүн күчүн сынашты.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.