Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебинде Жаш өспүрүмдөр уюмунун 20 жылдыгы белгиленди. Мектептин мыкты окуучалары “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” кошундарына өтүшүштү.
Мектептин быйылкы 10 жылдыктары мектепке белек катары спорт залды өздөрү демилгелеп оңдоп түзөдү. Мектеп залына жаңы эшик салып, ичин толук сырдашты.
Коңорчок айылындагы Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебиндеги ыр-бий ийриминин мүчөлөрү жаңы форма менен камсыз болушту.
Ак-Талаа районундагы ветеринарлар кесиптик майрамын белгилешти. Майрамга арналган жыйын Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Учкун мектебинде 30-апрель күнү Аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпы беш өрөөн катышып, ок атуу, саптык көнүгүүлөр жана даярдыктар, жеӊил атлетика жана башка түрлөр боюнча күч сынашышты.
Эшбай Токсобаев атындагы мектептин мектеп парламенти 4-апрелде футбол боюнча “Учкунстан кубогу” аталышындагы мелдеш өткөргөн. Жамгырдын жааганына карабай 7-класстын окуучулары 16-апрелде аталган мелдешти демилгелеп уюштурду.
Куланакта тынбай жааган жаандын кесепетинен кыян каптагандагын кабарлаганбыз. Учурда кыян түшкөн көпүрөлөр оңдолуп жатат. Иш жүрүп жаткан жерден маектештик.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 14-май күнү бокс ийрими ачылды. Ийримдин машыктыруучусу Жумабек Батыров.
Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мектептин эскилиги жетип, 2015-жылы май айында тендерди утуп алышкан. Анын негизинде мектептин чатыры жана терезелери жаңыланды.
Билал Исаковдун демилгеси менен2015-жылы Учкун айылында мечиттин курулуш иши башталган. Ал эми азыркы учурда мечитке мунара орнотуу иштери жүрүүдө.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында арыктарды тазалоо иши жүрүүдө. Арыкты тазалоо ишин айыл тургундары ашар жолу менен кылууда.
Кара-Талаа айылында азиз балдар Аскар Жекишов жана Ислам Сыдыковго жардам берүү максатында ырчылар Нурзат Байзакова Элмира Дүйшееванын коштоосунда «Жараткан жарыкты неге аядың?» аттуу кайрымдуулук концерти болуп өттү.
Кара-Талаа айылынын тургуну Жээнтаев Ишенбай өз үйүнө чакан тоок ферма ачты.
Азыркы учурда Кыргызстанда насыя берүүчү компаниялар ондоп саналат. Алардын көпчүлүгү бизнести өнүктүрүү үчүн берилет. Суусамыр айылында насыя берүүчү үч уюм бар.
Тасма айылынын тургуну Лиза Кыдырбаева бозо жасап айыл тургундарына сатууда. Айтымында ата-энелер балдарынын табитине жараша буйрутма менен бозо жасатат.
Куланак айылындагы Он сарай жана Төрт сарай аймагында 11-май күнү эртең мененки саат 7де кыян каптоо болду. Кыян жогоруда аталган аймакта жашаган тургундардын короосунан үйүнө чейин каптап кирген.
Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы аялдаманын шарты жок. Айыл тургундары жаңы аялдама курулса дешет.
Ноокат районунун Байыш айылында таза суу жетишсиз. Айыл тургундары таза суу менен камсыз болууну каалашат.
Куланак айылында13-май күнү биргелешкен айыл таланттары менен бирге «Оболо, Тенир-Тоо таланттары» деген ыр кесе болуп өткөн. Аталган ыр кесенин уландысы 14-май күнү Учкун элине тартууланды.
Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында жаштар келечек муундарга ден-соолукту чыңдоо максатында футбол аянтчасын куруп жатышат. Спорт аянтчасын куруу 15-апрелден башталган болсо, 25-майга чейин бүтүп калаарын айтышат алар.