Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Сүрөт

Үч-Коргон: Смартфон үчүн экинчи сынактын жеңүүчүсү аныкталды

“Балдар кышкы эс алууну кандай өткөрүүдө” деген жаңылыгы менен эң көп балл чогултуп, «Үч-Коргон» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Пардаева Мохира жеңүүчү деп табылган.

22 Май 2016 жыл 16:13

Куланакта жаштар таштандыларды терип тазалашты

Куланак айылында 7-май күнү жаштар уюмунун демилгеси менен 7-8-классынын окуучулары таштанды тергени чыгышкан. Окуучулар экиге бөлүнүшүп, жарымы Учкундан Куланакка чейин, жарымы Достуктан Куланакка чейинки таштандыларды терип тазалашты.

22 Май 2016 жыл 15:25

Куланак: Окуучулар отчёттук концерт беришти

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде 19-20-май күндөрү 4-а жана б класстары бүтүрүү кечесин өткөрүштү. Бул иш-чарага окуучулардын ата-энелери жана мугалимдери күбө болушту.

22 Май 2016 жыл 15:00

Куланак: Жаштар футбол ойногонго аянтча жок

Футбол аянтчасы жок болгондугуна карабастан, спорт сүйүүчүлөр күн сайын футбол калтырбай ойноп келишет. Ойноп жаткан жеринен футболчулардын бири Расул Болотбековго суроо узаттык.

22 Май 2016 жыл 14:02

Бакай-Ата: Китепкананын окурмандары азбы?

Бакай-Ата районунун жашоочуларынын китепке болгон кызыгуусу аз. Бул тууралуу китепкананын кызматкерлери айтып өттү.

21 Май 2016 жыл 20:26

Кадамжайда Эрназар уулу Туяк ырчынын 160 жылдык маарекеси белгиленди

Кадамжай районунда Туяк ырчынын 160 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага облус боюнча меймандар чакырылып, ал мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү.

21 Май 2016 жыл 20:03

«Поликлиниканын» канализациясы иштей баштады.

Сенсация: 4 кабаттуу, 32 батирлуу уйдун канализациясы кадимкидей иштей баштаптыр!!!     Откон макалаларыбызда окурмандарга белгилеп кеткендей Кошбулактын канализациясын калыбына келтируу жана иштетуу боюнча долбоордун журушун чагылдыруу учун иш кызуу …

21 Май 2016 жыл 18:51

Учкундун сулуусу “Айыл ажары” республикалык сынагына жолдомо алды

Учкунда өткөн “Айыл ажары 2016” өрөөндүк сынагында Бурулча Сынжыбекова жеңүүчү аталган. Аталган сынактын райондук баскычына катышып Республикага жолдомо алган Бурулча менен маек курдук.

21 Май 2016 жыл 15:05

Чукул билдируу: Жер кочку коркунучу аныкталды

2016-жылдын май айы озгочо жаанчыл болгонуна байланыштуу, Сулукту шаарынын аймагындагы эски жер кочкулор (1990-1996-жылдардагы) кайрадан жанданганы аныкталды. Бугун 21.05.2016-жылы тунку саат 02-45 чамасы Кошбулактын кун батыш жагындагы калктуу конуштан 950 …

21 Май 2016 жыл 14:27

Куланак: Чыгаан инсан Жеңиш Султанованын эмгектери

Куланак айылынан чыккан чыгаан инсандар көп. Алардын катарында врач Жеңиш Султанова дагы бар.

21 Май 2016 жыл 13:42

Учкун: Спорт аянтчасынын оңдолбогонунан окуучулар аргасыздан баткакта ойношууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2010-жылы ишке берилген. Бирок 4 жылдан бери окуучулар спорт аянтчасынын жоктугунан баткакта ойношууда.

21 Май 2016 жыл 11:44

Ооган-Талаага качан таштанды ташуучу унаа келет?

Сурамжылоодо айыл тургундар таштанды маселесин айтышкан, биз ал маселе тууралуу айыл башчы менен маек куруп, жакын арада унаа алынып келинерин кабарлаган эле. Бирок ал маселе азырынча чечилген жок. Себебин билүү үчүн айыл …

20 Май 2016 жыл 22:50

Учкун: Таштанды төгүүгө качан жер бөлүнөөрү белгисиз

Акыркы учурларда Учкун айылынын кайсы көчө жана чуңкурлар болбосун таштандыдан арылбай келет. Бул туурасында айыл тургундарынан сурамжылоо кылганыбызда, бул айыл өкмөттүн шалаакылыгы деп айтышты. Айыл өкмөт таштанды төккөндөргө 5000 сом …

20 Май 2016 жыл 19:04

Влияние курса доллара на бизнес

    На волне 100,5fm “Радиомост”, город Талас,  каждую пятницу в эфир выходят специальные радио выпуски,  целью которых является  повышение финансовой грамотности местного населения.

20 Май 2016 жыл 16:44

Учкунда Манас айтуу боюнча өрөөндүк фестиваль өттү

Нарын районунун Учкун айылындагы Чоро Кожомжаров маданият үйүндө  Тыныбек Жапы уулунун 170 жылдыгына карата “Бабам Манас осуяты” аталышындагы өрөөндүк фестиваль 20-май күнү өттү. Бул уюшулуп жаткан иш-чаранын жеңүүчүсү жакында Миң-Булакта …

20 Май 2016 жыл 16:14

Андарак: Кесип тандоо боюнча тренинг болууда

Лейлек районунун Андарак 1 орто мектебинде туура кесип тандоо боюнча тренинг өтүлүүдө. Аны Сухроб Эргашев алып барат.

20 Май 2016 жыл 12:34

Кызыл-Туу айылында кулпунай бышууда

Кызыл-Туу  айылынын тургуну Абай  Өмүркулов кулпунай, малина, арпа  өстүрүү менен алектенет. Кулпунайды негизинен күнүмдук турмушта базарга алып чыгып сатат.

20 Май 2016 жыл 10:52

Кулатов айыл өкмөтүндө семинар болду

Семинар  Проон аркылуу уюштурулуп айыл өкмөтөрдүн бири-бири менен тажрыйба алмашуу жана Кулатов айыл өмөтү менен  таанышуу  максатында өткөрүлдү. Кулатов айыл өкмөттүнүн жетишкен ийгиликтерин көрүп  кетишти.

20 Май 2016 жыл 1:54

Жерге-Тал айыл аймагында көчмө кыркын иштей баштады

Кара-Чий айылында Жерге-Тал айылдык жайыт комитети аркылуу уюшулган көчмө кыркын алгачкы ишин баштады. Көчмө кыркында беш аграгад иштеп жатат.

19 Май 2016 жыл 23:28

Кадамжайда төрт айыл өкмөт ортосунда сынак болуп өттү

Конкурска Үч-Коргон, Ак-Турпак, Масалиев жана Айдаркен айыл өкмөттөрү акыйнек айтуу, таш көтөрүү, бий жана башка шарттар боюнча мелдешишти. Кадамжай районун акими Акрам Камбаралиев 100 миң сом байге койгон.

19 Май 2016 жыл 19:30

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...