Учурда республикасынын бардык аймактарында “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы же мобилдик тиркемеси аркылуу ар бир жаран өзүнө керектүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.
Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына “Бишкек-парк” соода-оюн-зоок борборунда “Илимдеги кыздар” долбоорунун көргөзмөсү өтөт. Бул илимий көргөзмө кыздар менен аялдарга окуудагы, карьералык жана илимий жетишкендиктерине колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилөө максатында …
2-мартта «Hyatt Regency» мейманканасынын конференц-залында “InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоорун ишке киргизүүнүн бет ачары болуп өттү.
23-февраль Улуу Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде Кадырбек Конушбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча спорттук таймаш болуп өттү.
21-февраль күнү Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде кезектеги «Ата-энелер мектеби» болуп өттү. Бул иш-чара Гапыр Мадаминов тарабынан 1997-жылдан бери өткөрүлүп келет. Эми бул иш-чара аталган мектепте да болуп келе …
Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районундагы мектептерге өзүнүн калемине таандык китептерин белекке берди.
«Соң-Көл» орто мектебинде «Табигый илимдер» декадасынын 10 күндүк иш чарасы мугалимдерге семинар өтүү менен жыйынтыкталды.
Ак-Талаа районунда Эне тилдердин Эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар кабыл алынган. Анын алкагында райондук маданият үйү тарабынан мекемелер арасында “Сармерден” кыз-жигит оюну уюштурулуп, аны аталган тармактын өкүлдөрү баштады.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде салт болуп калгандай 11-класстын окуучулары арасында “Зарница” аскердик оюну өткөрүлүп, ага Афган согушунун ардагерлери, аскер комиссариаты, укук коргоо органдарынын, прокуратура кызматкерлери жана мугалимдер …
Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.
16-февраль күнү Чолпон айылындагы оорукана жаңыланып, ишке кирди. Оорукана 20 жылдан бери эски абалда турган. Ошол себептүү дарыгерлердин кубанычында чек жок.
Кыргызстанда пияздын чекене баасы 55-67 сомго жетти. Бир айда эле жашылчанын наркы үч эсеге өстү. Баалар кескин көтөрүлгөн мындай учурда өкмөт эмне чараларды көрө алат жана андан оңдуу жыйынтык болобу?
Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү 18 орто мектепте 49 англис тил мугалими эмгектенет. Учурдун талабына ылайык КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна жана”Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык окуучулардын англис …
Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылынын Аманкул Куттубаев атындагы орто мектепте география мугалимдеринин семинары болуп өттү.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Шакин Айылчиева небересин Рамазан Ишеновду эмгекке тарбиялайт. Бул келечекте чоң жардамы тийет деген үмүттө. Рамазан болгону 6 жашта. Кичинекей болгонуна карабастан абдан чыйрак.
Салима Курбанкулова 16 жашында атасынын чечими менен турмушка чыккан. Ден соолугунун жабыркашына эрте жашта турмуш куруу себеп болгон дейт.
Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин мугалимдери жана 11-классынын окуучулары ЖРТга кантип даярдануу керектиги тууралуу өз пикирлерин айтышты.
Корчубек Акназаров орто мектебинин 5-6-классынын мугалимдери Мунара Шейшеналиева менен Ренат Чолпонбек уулу “Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз” изилдөө долбооруна катышып келишти. Гранприни утуп облустук сынакка жолдомо алышты.
Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн айылдарында эт саткан дүкөн жок. Мал байлап, семиртип, эт саткан айыл тургундары эттин баасы эмне үчүн кымбат болуп жаткандыгы жөнүндө айтып беришти.
Ак-Талаа районунда эки күнгө созулган окуучулардын республикалык олимпиадасынын II этабы жыйынтыкталды.10 предмет боюнча өткөрүлгөн билим сынагына 405 окуучу катышып, күчтүүлөр жеңип чыкты.