Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылынындагы Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин мугалимдери USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында пилоттук программаны бүткөндүгүнө карата сертификаттарды, ыраазычылык каттарды жана сыйлыктарды алышты.
Пандемия башталгандан тартып көпчүлүк кароо сынактар да аралыктан өтүп, окуучулар арасында нааразычылыктар көп. Себеби, окуучулар бетме-бет таймашып, өзүлөрүнүн жеке катышуусунда өткөн сынактар таза өтөт деп ишенишет.
Тогуз-Торо районунун акими Мирлан Карагулов баш болуп, акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева, аппарат башчысы Табылды Салиманов жана администрация кызматкерлери ковид илдетине каршы эмдөөнүн 3-дозасын алышты
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Оюнга “Нарын”, “Лейлек” жана №43 кесиптик лицейдин мугалим устаттары, Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин мугалимдер …
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейге Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калысбек Шадыханов «Китеп кербенинин» ачылышына катышты.
2022-жылдын 9-февралында Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде белгилүү,чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин элесине арналган, 7-11-класстар арасында уюштурулган «Келечек өз колубузда» аталышындагы дил баян жана сүрөт тартуу сынагынын сыйлоо аземи …
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн 1973-жылы туулган айыл тургундары жана жаштары биргеликте Кызыл-Кыя шаарына кеткен жолдун бөлүгүн кеңейтүү ишин башташты.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде «Манас атабыздан алган осуят — Мекенге кызмат кылуунун башаты — Терең билим!» аталышында иш- чара болуп өттү.
Кыргызстанда акыркы жылдары узак жашагандын саны кескин кыскарып баратат, тескеринче кан айлануу системасынын оорулары, кант диабетине чалдыккандар, муун- сөөк оорулары менен ооругандар көбөйдү. Бул көрүнүш калктын начар жана туура эмес …
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинде 17-январдан баштап 28-январга чейин орус тил сабагы боюнча «Нам слово русское дано…» деген аталыштагы декада болуп өттү.
Тогуз-Торо районунун Атай айыл айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын курулуш иштерин жүргүзүү, эң башкы планында турат. Бул тууралуу Атай айыл аймагынын жооптуу катчысы Наргиза Байгулова билдирди.
Омикрон штаммы жөнүндө маалыматты бар жергиликтүү жарандар, өздөрү келип, вакцинация алып жатышат.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймактык ооруканасындагы дарыгерлердин берген маалыматына караганда айыл тургундары арасында оору-сыркоо көбөйдү. Тилекке каршы кээ бир айыл тургундары дарыгерге убагында кайрылбай, өз алдынча дарылангандын натыйжасында оору …
Чүй облусунун Жайыл районунда Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү бийлигине, Кара-Суу айылдык кеңешине 11 депутат шайланып, эмгектенип келе жатышат. Ал эми Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп, көп жылдан бери, Ставропол айылынын …
Күйүүчү майдын, азык-түлүк жана башка товарлардын кымбатташы бир гана айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө көйгөй жаратпастан, жалпы карапайым элге оорчулук келтирүүдө. Мисалга алсак, тейлөө кызматтары, жол акы, тамак-аш, дары-дармек, кийим-кеченин наркы 2-3 …
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл тургундары арасында оору-сыркоо тууралуу дарыгерлердин берген маалыматына караганда айылда пневмония оорусу күч алууда.
Коронавирус Кыргызстанга келгенден тартып, өлкөбүз 3 чоң толкунду башынан өткөрдү. Ал убакыт аралыгында коронавирустун мутацияланган бир топ штаммдары кирди. Азыркы учурдун коркунучтуу Ковиддин жаңы түрү бул «Омикрон» штаммы болуп атат.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары кышкы каникулду спорттук мелдештерге катышуу менен кызыктуу жана пайдалуу өткөрүшүүдө.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги АЮ GRAND соода борбору менен биргеликте: Бешинчи Бишкек кулинардык «Жаш ашпозчу» фестивалы уюштурган конкурска №43 Кесиптик лицейден «Ашпозчу-кондитерь-наабайчы» кесибинин окуучулары катышты.
Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында «Коңорчок айылына 90 жыл» деп аталган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Динара Исамамбетова, методикалык кабинетинин …