Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылында жаңы жылды утурлай «Жыл мыктылары — 2021» аталыштагы салтанаттуу иш-чара белгиленип, бир катар айылдын алдыңкылары сыйланды.
«ВИЧ жана СПИД» оорусу күч алып жаткандыктан Тасма айылынын дарыгерлери, айылдын ден-соолук комитетинин жетекчиси жана мектептин соц.педагогу окуучуларга түшүндүрмө беришти. Декабрь айынын биринчи жумасында тегерек столдор өтсө, калган жумаларында 1-11- …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер аймагындагы Восточное (20-хутор) айылында №2 тогуз жылдык Жаңы-Жер орто мектеби бар. Бул 160 орундуу мектепте 371 окуучу өтө эле көптүк кылууда. Учурда окуучуларга окуу кабинеттеринин жетишпегендигинен 3 …
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде пандемияга байланыштуу жаңы жылдык иш- чаралар өткөрүлбөйт.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, окуучулардын патриоттук тарбиясын калыптандыруу үчүн, жаш муундарды Кыргыз Республикасынын символдору болгон Гербге, Гимнге, Желекке урматтап мамиле жасоого көнүктүрө турган иш-чаралар уюштурулууда.
Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында Covid-19 оорусуна караганда айылда пневмония менен ооруган учулар көп катталды. Пневмония оорусу менен көбүнчө өспүрүм балдар ооруду дейт медайым.
Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылында АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору» аркылуу 50 орундуу типтүү бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди.
16-декабрда Нарын районуна караштуу Оттук айылында Мыскал Байгазиеванын наамында заманбап китепкананын ачылышы болду.
17-декабрда Суусамыр айылынын маданият үйүндө элдик жыйын болуп өттү. Жыйынга Жайыл райондук администрация башчысы жана жаңы дайындалган мекеме жетекчилери катышышты.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин мектеп окуучуларынан түзүлгөн «Берен» тайпасы айыл тургундары үчүн экологиялык маданиятты калыптандыруу багытында «Жаркын жашоо тазалыкка жаңы кадам» аттуу сынак жарыялашып, сынактын максатына ылайык айыл …
Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар — ачык ЖМК» долбоору «Бийликтин, жаран коомунун жана медианын социалдык өнөктөштүгү» деген темада жыйынтыктоочу конференцияны өткөрдү. Анда долбоордун эки жылдык ишмердүүлүгүнүн бардык компоненттери боюнча жыйынтыгы чыгарылды, …
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучулар арасында өтүлгөн “Күз берекеси” конкурсу жыл сайын уюштурулат. Мелдешке 5-6-7-класстардын окуучулары катышышты. Өтүлгөн убак 30-ноябрь күнү саат 11:00дөн 12:30га чейин болду.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 3-декабрь майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата жарыяланган бир айлык кайрымдуулук акция жыйынтыкталды. Анда окуучулар жана мугалимдер жамааты жигердүү катышты.
Базар-Коргон районуна караштуу Коткор айылынын тургуну Орозбек Шабданов өз үйүнүн жанында дөңсөлөр менен чеп сыяктуу курчалган жайды коруп келет. Карыянын айтканына караганда бул жер Орто Азиядагы Түрк-Монгол кол башчысы Амир …
Тогуз-Торо району боюнча Covid-19 оорусу 2020-жылы 73 учур, 2021-жылдын 11 айында 109 учур оору катталган. Пневмония оорусу 2020-жылы 89 учур, 2021-жылдын 11 айына 17 учур катталган.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Восточный айылында (20-хутор) Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектеби Мерсико уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан Макговерн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долбооруна катышып, жыйынтыгында …
Барскоон айыл аймагында муктаж болгон 3 үй-бүлөгө бирден баш уй берилди. Жергиликтүү кеңештин акыркы сесиясында айыл аймактын бюджетинен 200 миң сом каралып, анын 150 миң сомуна үч үй-бүлөгө ийри мүйүздүү …
«Соң-Көл» орто мектебинде 23-ноябрдан 3-декабрга чейин «Табигый илимдер» усулдук бирикмесинин 10 күндүк иши болуп өттү. Бул күндөрү мектептин математик, физик, информатик, химик, биолог, географ мугалимдери ачык сабактарды, ачык тарбия сабактарды …
Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Учурда үгүт иштери башталып, талапкерлер эл арасында жолугушууларды өткөрүүдө. Жолугууга шайлоочулар массалык түрдө чогулбаганы менен илдет тарабайт же жукпайт деген кепилдик жок.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн колдоосу менен медиа маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар-тренинг өтүлдү. Катышуучуларга медиа маалыматтык сабаттуулук, фейк маалыматтар, сынчыл ой-жүгүртүү, …