22-февраль күнү Кочкор районунун Райондук Аскер комиссариатында «Ата Мекенди коргоо» күнүнө карата аскердик прикладдык спорт боюнча мектеп окуучулары арасында мелдеш болуп өттү.
22-февраль күнү Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинин экоактивист окуучулары башталгыч класстын окуучуларына «Экология жана мен» деген аталыштагы оюн-окутуу өткөрүштү.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналив атындагы инновациялык орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата 11-класстардын окуучулары арасында «Зарница» аскердик-прикладдык оюну уюштурулду.
Турмуш куруу мамиле куруудан башталат. Үй-бүлөдөгү ажырашуулар, турмуш курбай жүрүү жаштарга коом тарабынан болгон басымдан улам дагы болушу мүмкүн. Эң ириде балага өзүн сүйүүнү, инсан катары калыптануусуна шарт түзүү керек. …
KyWRAW тармагынын колдоосу менен «Элетайым» Коомдук Бирикмесинин төрайымы Мыскал Байгазиева «Харассментке каршымын! Жумуш үстүндөгү ыдык көрсөтүү-зомбулук!» аттуу семинар өткөрдү.
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебине Билим Берүү Министрлигинен Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу менен окуу эмеректер тапшырылды.
Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынын №15 кесиптик лицейинде 23-февраль «Мекенди коргоо» күнүнө карата мугалим, устат жана окуучулар арасында футбол оюну боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдеш окуучулар арасында достукту, ынтымакты чыңдоо максатында спорттун …
Тилебалды Айбашев атындагы орто мектепте орус тили жумалыгы жыйынтыкталып, масленица майрамы белгиленди. Окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулап, ыр, бий , көркөм айтуу, сулуу жазуу, макал лакап программасында таймашты.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы «Баатыр эне- Шорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулардын ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу бала бакчасынын директору Жаркын Кенжебаева билдирди.
Ноокат районунда «Эр жигит эл четинде жоо бетинде» аттуу ооган согушунун ардагерлери менен окуучулардын жолугушуусу болду.
Пандемия күчөп жаткан 2020-жылы №6 Адиба Ильясова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ашкана курула баштаган. Жумуштун баары токтобой, заманбап ашкананын курулушу аяктап балдарга тамак ошол жерде жасалып жатат.
Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору болуп Гулнура Исмаилова дайындалды. Буга чейин жетектеп келген Бурул Мамытова үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жумуш ордун өткөрүп берди.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде кыз-келиндер арасында волейбол боюнча өтмө кубок жана аркан тартыш улуттук оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аны райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору уюштуруп, Баетов …
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.
Ак-Талаа районундагы Бакый Мусуралиева атындагы орто мектебинде 1-класстын жана 4-класстын жөндөмдүү окуучулары менен биргеликте «Жакшы окуп келечекке умтулабыз! » аталышында сынак сабак өткөрүлдү.
Кочкор районундагы Корчубек Акназаров орто мектебинин, спорт зал оюн аянтчасынын терезеси жаңыланды. Мектептин терезеси эски болгондуктан 200миң сомдун тегерегинде каражат жумшалган.
Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектебине бекер УЗИ аппараты менен келип окуучулар менен мугалимдердин ден соолугун текшерүүдөн өткөрдү.
Учурда чет тилдерин үйрөнүп, ар түрдүү программалар боюнча чет өлкөгө тажрыйба алмашууга же билим алууга мүмкүнчүлүктөр көп. Азыр абал турукташып калгандыктан, жаштар кайрадан чет өлкөгө чыгып башташты. Бирок пандемия учурунда …
Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде 17-февраль күнү «Кел, китеп окуйлу!», «Сен китеп ачасың, китеп сени ачат» деген аталыштагы райондук семинар болуп өттү. Семинарга райондун бардык 21 мектебинин башталгыч класстарынын …
«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунда окуучулар үчүн робототехника курсу ачылды. Бул курста окуучулар ойлоп табуучулук менен бирге программалоо тилдерин өздөштүрүшөт.