Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы №17-гимназия мектебинде 11-класстар арасында диний экстремизм жөнүндө тегерек стол болду. Сабакта диндин оң жана терс тараптары талкууланды.
«Клооп медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинен окуп келген Жанара Асанкул кызы алган билимин айылдагы журналистикага кызыккандар менен бөлүштү. Анын тренинги 26-27-февралда болуп өттү.
Т. Айбашев орто мектебинде Манас тануу сынагына Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу 9 мектеп катышты. Сынак 26-февраль күнү болуп өттү.
Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «American Song Contest 2016» аттуу англис тилиндеги ырларды аткаруу боюнча сынактын жарым финалы өттү. Бул сынактын максаты — англис тилин өздөштүрү жана АКШнын ырдоо маданиятынын таануу …
Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында “Жаш таланттар-2016” фестивалы 25-февралда болду. Фестивалга беш айыл катышып, ар бир айылдан отузга жакын окуучулар келишти. Окуучулар келген айылдарды тосуп алышып, ар бир мектепке …
23-Февралда Атамекенди коргоо күнүнө карата Суусамыр айылында балдар арасындагы күрөш оюну болуп өттү.
Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары арасында аскердик-спорттук “Зарница” сынагы өттү. Сынак жободо белгиленген тапшырмалардын негизинде өтүп, окуучулар жигердүү катышты.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мыкты жигит конкурсу болуп өттү. Мыкты жигит конкурсу 23-февралга карата болду.
Байыш орто мектебинин чоң көйгөйү зал болчу. Ал жердин курулганына окуучулар эле эмес мугалимдер да кубанышты. Анткени буга чейин алар сырттагы мектеп аянтында ойноп келишкен болчу.
Нарын районунун Куланак айылындагы А. Аралбаев орто мектебинде 19-февралда “Мыкты жоокер” сынагы болуп өттү. Конкурска 9-10 жана 11-класстан үчтөн окуучу бала катышты.
Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип келет баарыбыз билебиз . Мурда советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген 23-февраль, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулар күнү деп аталып, бул күн …
Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айзат Мусалиева райондук олимпиададан 3-орунду алып, облустук сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мектеп мугалимдери быйыл окуучулардын билим деңгээли жылдагыдан …
Учкун айылында алгебра, информатика, тарых сабактары боюнча эстафета өткөрүлдү. Эстафетага төрт айылдан он мугалим катышты.
Бакай-Атада 19-февраль күнү В. И. Ленин орто мектебинде окуучулар арасында таймаш болуп өттү. Бул таймаш шахматты жана тогуз коргоолду өнүктүрүү максатында уюштурулган.
Токтоян айылына караштуу А. Коёнкөзов атындагы мектептин 8-9-класстарынын окуучулары Манас таануу атайын акыл таймашка барып келишти. Бул таймашка 7 айылдын мектеп окуучулары катышышты.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде Асан Сопиев агайдын жаркын элесине арналган баскетбол оюну болуп өттү. Оюнда 3 команда катышышты.
Кашат Барскоон айылынын жогору жагында жайгашкан Ысык-Көлгө кошулуучу Барскоон суусу агып түшүүчү жер.
Барскоон айылы ар тараптан өнугуп жаткан кези.Аны менен катар,”Барс”студиясы да өз ишин баштады.Тагыраак айтканда,былтыртан бери иштеп жаткан фото студия учурда да элдин кызматында. “Барс”студиясын айыл тургуну Расул Чылабаев тарабынан 2014-жылы …
Барскоон айылында футбол оюну кыш мезгилинде популярдуу болууда. Башка айылдардан оюнчуларо келип футбол таймашы өткөрүлүүдө.
Барскоон айылында “Тоо булбулу” мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күндүзгү реабилитациялык борборунун ачылганына үч жылдын жүзү болду.