Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаштар

Арбында СПИДге каршы иш-чара болуп өттү

Ноокат районунун Арбын айылындагы Арбын орто мектебинде бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Ага 10-11-класстын окуучулары катышышты.

2 Декабрь 2016 жыл 13:11

Куу-Майданда кылмыштуулукка каршы сынак өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде кылмыштуулукка каршы «Биз мекенчил жаштарбыз» аттуу сынак болуп өттү. Ага 9-а жана 9-б класстарынын окуучулары катышты.

2 Декабрь 2016 жыл 11:24

Кара-Чийде “Дүйнөлүк СПИДге каршы күнүнө” карата жөө жүрүш өткөрүлдү

Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдери 1-декабрь “Дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө” карата “СПИДсиз келечекке жаркын жашоо” деген ураанда жөө жүрүш өткөрүштү.

1 Декабрь 2016 жыл 23:13

Куу-Майданда «Дүйнөлүк СПИД күнүнө» карата ачык саат өтүлдү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде «1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата ачык сабак өтүлдү.

1 Декабрь 2016 жыл 22:02

Кара-Чийде «Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан» аттуу адабий кече болуп өттү

2016-жылдын 26-ноябрында, Кызыл-Жылдыз айылынын М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары жана кыргыз тили мугалими Айсулуу Мустапаеванын уюштуруусунда “Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан” аттуу адабий кече болду.

1 Декабрь 2016 жыл 21:51

Терек-Сууда дарыгерлердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде “Тамеки өмүргө зыян” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тергерек столго айылдагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана мектеп окуучулары …

1 Декабрь 2016 жыл 19:19

Маек: СПИД кылым душманы

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусу менен күрөшүү күнү. Бул боюнча Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Калия Дөөлөтказиева менен маек курдук.

1 Декабрь 2016 жыл 19:15

Учкунда мектеп жамааты жөө жүрүшкө чыкты

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин мугалимдери жана окуучулары СПИД күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышты. Жүрүштө ар кандай плакаттарды көтөрүшүп, ураан-чакырыктар менен эки километрдей жол жүрүштү.

1 Декабрь 2016 жыл 15:03

Ооган-Талаада окуучулар олимпиадага даярданууда

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде мугалимдер окуучуларын олимпиадага даяроодо. Айылдык деңгээлде жакшы ийгилик көрсөткөндөр райондук баскычка жолдомо алышат. Жаңыл Борбиева 13 жылдан бери ушул мектепте биология мугалими …

1 Декабрь 2016 жыл 14:34

Сурамжылоо: Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?

Учурда бардык эле мектептерде 11-класстардын биринчи маселеси болуп «кайсы кесиптин ээси болом» деген суроо бар. Айрымдары кичине кезинен бир кесипке багыт алышса, кээ бири азыркыга чейин ойлонуп жүргөн кези. Бул …

30 Ноябрь 2016 жыл 16:57

Учкундун мыкты классы аныкталды

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин жума сайын окуучулардын жана класстын катышуусуна, тартибине, тазалыгана, окуганына карата жыйынтык чыгып, бул жумада 9-«А» классынын окуучулары мыкты класс наамына ээ …

30 Ноябрь 2016 жыл 14:48

Баетов: СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата линейка коюлду

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 1-декабрь Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата линейка коюлду. Анда СПИД тууралуу маалымат берилди.

30 Ноябрь 2016 жыл 13:28

Учкунда «Акыл ордо» таймашы жаңы ыкма менен өткөрүлдү

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде «Атом усулдук аймагы» «Акыл Ордо» таймашын биринчи жолу техниканын жардамы менен уюштурду. Мурунку таймаштарда бардык суроолорду алып баруучу берсе, бул таймашта …

30 Ноябрь 2016 жыл 12:38

Жамандыктын башаты, ичкиликтен башталат!

«Акбакай» жааматык мультимедиа борборунун кабарчысы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургундарынын арасында «18 жашка жете электерге спирттик ичимдиктердин сатылышы» боюнча сурамжылоо жүргүздү.

29 Ноябрь 2016 жыл 19:22

Учкун: Футбол боюнча «Алтын команда» наамы бүтүрүүчүлөргө ыйгарылды

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде 1-декабрь СПИД күнүнө карата футболдук беттеш өткөүлдү. Оюн 28-ноябрь күнү беш команданын катышуусу менен өтүп, жеңүүчүгө «Алтын команда» наамы берилди.

29 Ноябрь 2016 жыл 10:29

Куу-Майданда балдар арасында зоналык волейбол оюну болду

Ноокат районундагы Куу-Майдан айылында балдардын мектептер аралык волейбол оюну болуп өттү. Ага Кеңеш айыл өкмөтүнөн беш мектеп катышты.

29 Ноябрь 2016 жыл 8:47

Андаракта окуучулар олимпиадага даярданууда

Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектеби зоналык олимпиадаларга даярданууда. Буга чейин аталган мектептин окуучулары олимпиадада зоналык, райондук жана облустук деңгээлге чейин катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келишкен.

29 Ноябрь 2016 жыл 1:17

Андарактын тургуну Чыңгызбек алатоо пародасындагы өгүздөрдү багат

Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Чыңгызбек Саттаров учурда алатоо пародасындагы өгүздөрдү багып жатат. Ал буга чейин швед пародасындагы өгүздөрдү багып, ошону менен бизнес кылып келгенин айтат.

29 Ноябрь 2016 жыл 1:00

Андарактык Каттабек Орозбаев асыл тукум жылкыларды багат

Лейлек районундагы Андарак айылынын тургуну Каттабек Орозбаев асыл тукум жылкыларды багып, алар менен улак тартыш оюнуна катышып келет. Ал аттарын Өзгөн шаарынан жана Орусиядан алып келген.

29 Ноябрь 2016 жыл 0:46

Баетовдо аксакалдар соту жарандык арызды карады

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүндө Аксакалдар соту коомдук алдын алуу бөлүмүнө келип түшкөн эки жарандык арызды карады. Бул боюнча Баетов айылынын участкалык милиционери Бурул Батырбек кызы кабарлады.

28 Ноябрь 2016 жыл 21:42

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...