Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору болуп Гулнура Исмаилова дайындалды. Буга чейин жетектеп келген Бурул Мамытова үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жумуш ордун өткөрүп берди.
Нарын районуна караштуу А. Аралбаев атындагы орто мектебинде ыктыярчылар үчүн тренинг өтүлдү. Тренингге «Усупбекстан», «Учкун» жана «Куланак» жамааттык мультимедиа борборлорунун жетекчилери жана ыктыярчылары катышышты.
«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунда окуучулар үчүн робототехника курсу ачылды. Бул курста окуучулар ойлоп табуучулук менен бирге программалоо тилдерин өздөштүрүшөт.
Нарын району боюнча өтүлгөн жалпы республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү аталган Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары облустук турга кызуу даярдыктарды көрүп жаткан учуру.
Учурда «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы абдан актуалдуу болуп жаткан учуру. Окуучулар телетаймашка кызуу даярдануу менен улуттук сыймыкты да даңазалоого, баалоого, жайылтууга үйрөнүп жатышкандыгы адамзатты кубандырбай койбойт.
Республика боюнча башталгыч класстар «Окуу керемет» долбоорунун алкагында иш алып барып келишет. Нарын району боюнча бул долбоорго 25 мектеп катышып, мугалимдер тарабынан ачык сабактар өтүлүп келет.
Жыл сайын 1-класстардын окуучулары үчүн февраль айында кошумча 1 жумалык эс алуу берилет. Азыркы учурда коронавирус оорусу менен бирге сезондук сасык тумоо да күч алуу мезгилинде болгондуктан, окуучулар үчүн эс …
“Дордой” ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен “Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу” кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталды.
Пандемия башталгандан тартып көпчүлүк кароо сынактар да аралыктан өтүп, окуучулар арасында нааразычылыктар көп. Себеби, окуучулар бетме-бет таймашып, өзүлөрүнүн жеке катышуусунда өткөн сынактар таза өтөт деп ишенишет.
Азыркы учурда ыктыярчы болуп эмгектенгендердин саны күндөн күнгө өсүүдө. Айрымдары ыктыярчылыкты хобби катары сезишсе, айрымдары жумуш катары кабыл алышат.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде «Манас атабыздан алган осуят — Мекенге кызмат кылуунун башаты — Терең билим!» аталышында иш- чара болуп өттү.
Жыл сайын окуучулар арасында предметтик олимпиада өткөрүлүп турат. Алгач олимпиаданын райондук туру болуп, I,II орунду ээлегендер облустук турга жолдомо алышат. Ал эми облустук турдан I орунду камсыз кылгандар республикалык турга …
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде Ковид-19 илдетине карата окуучуларга бардык санитардык-гигиеналык эрежелерин сактоого калыптандыруучуу атайын тарбиялык сааттар өтүлүп, залдарга эстеткичтер илинген.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Шуру Жапарбек кызы 1 айда 200 китеп окуганга жетишкен. Шурунун китепке болгон кызыгуусу ага бала чагынан апасы жомок китептерди көп …
Нарын телерадио компаниясынын журналисттери тарабынан Усупбекстан жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчыларына атайын тренинг өтүлдү. Бул тренинг ыктыярчылардын журналистикага, операторлукка, алып баруучулукка болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду.
Учурдагы күйүүчү майлардын кымбатташы айдоочулар арасында эле эмес, жүргүнчүлөр арасында да көйгөйлөрдү жаратууда. Себеби, күйүүчү майлардын кымбатташы менен жол киренин баалары да күндөн- күнгө өсүүдө.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Шалтаева Айнек апа атындагы оорукананын медайым Гулжан Акматова билдирди.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган, Оттук айыл аймактарында коронавируска каршы эмөөдөн өткөндөрдү саны 78% жетти. Айыл тургундарынын каалоосуна жараша эмдөөнүн 3 түрү жүргүзүлүүдө. Алар Синофарм, Астразенека жана Файзер вакциналары.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде эски терезелери жаңы пластик терезелерге алмаштырылды.
Учурда жашыл экономика, жоопкерчиликтүү керектөө, туруктуу өнүгүү деген терминдер адамдар арасында сейрек кездешүүдө. Мунун себеби катары, адамдарда экологиялык маданияттын жоктугун белгилесе болот. Ал эми экологиялык маданитятты калыптандыруу үчүн төмөнкүлөрдү билип …