Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Учкунда Баткен согушунун ардагерлери мектеп окуучулары менен жолукту

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 11-классынын окуучулары менен Баткен согушунун катышуучулары 28-окябрда жолукту. Чогулушта окуучулар Баткенде 1999-2000-жылдары болуп өткөн согуш тууралуу маалымат алып, өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.

28 Октябрь 2016 жыл 17:56

Баетов: Афган жана Баткен согушунун ардагерлерине арналган алгачкы эстелик тургузулду

26-октябрь Баткен коогалаңынын ардагерлер күнү белгиленип келе жатат. Бул датага байланыштуу Баетов айылында Афган жана Баткен согушунун ардагерлерине арналган айкел тургузулду.

27 Октябрь 2016 жыл 23:07

Көөнөрбөс талант — Чынара Абдырасулова

Куланак айылынын тургуну Чынара Абдырасулованын жакын арада эле эң алгачкы “Көмүскөдө жашаган чындык” аттуу китеби жарык көрдү. Кененирээк биз Чынара айым менен китеп тууралуу маектештик.

27 Октябрь 2016 жыл 12:23

Ак-Талаа районунун 80 жылдыгы белгиленди

Ак-Талаа району 1936-жылга чейин Тогуз-Тороо району менен биригип, Тогуз-Булак району деп аталып, райондун борбору Дөрбөлжүн айылы болгон. Райондо Ак-Талаа, Тогуз-Тороо, Мыкаачы айылдык кеңештери түзүлгөн.

26 Октябрь 2016 жыл 21:50

Учкундун ардактуу мугалимдеринин бири Сүйөрбек Токтосеитов

Нарын районуна караштуу Учкун айылында тарых сабагынан билим берген Сүйөрбек Токтосеитов Кыргыз Республикасынын призидентти Роза Отунбаеванын колунан ардак грамота алып келген. Ошондой эле агайдын мамалекеттик сыйлыктын ээси, эмгек сиңирген мугалим болгон.

26 Октябрь 2016 жыл 15:26

Куланакта областык семинар болуп өттү

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде областык деңгээлде  семинар  болду. Ага Нарын областындагы беш райондун мугалимдери келип катышышты. Семинарга катышчу меймандарды тозуп алып жаткан кез.Бул семинар боюнча Нарын районунун билим берүү …

25 Октябрь 2016 жыл 17:33

Ак-Талаадан чыккан Эл мугалими — Мукаш Базаркулов

Мукаш Базаркулов Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бургѳн аймагындагы Дарбазанын асты деген жерде 1935-жылы  туулган.

24 Октябрь 2016 жыл 16:37

Куланакта окуучулар карыларга жардам берди

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин 6-А классынын окуучулары жана класс жетекчиси Эльзада Иманкулова болуп биргеликте карылар күнүнө карата айылдагы карыяларга жардам беришти.

21 Октябрь 2016 жыл 10:22

Нурак Абдрахманов көзү тирүү болгондо 69 жашка чыкмак

Кыргыз Республикасынын эл артисти Нурак Абдрахманов быйыл тирүү болгондо 19-октябрда 69 жашка чыкмак. Ал 1947-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылында төрөлүп, өскөн.

20 Октябрь 2016 жыл 16:33

Ак-Талаанын командасы облустук деңгээлдеги алгачкы спорттук мелдеште 2-орунду алды

Октябрь айынын алгачкы жумалыгында агартуучулардын кесиптик майрамы салт катары белгиленип келет. Быйылкы окуу жылында алгачкы жолу агартуучулар арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулуп, облустан Ак-Талаанын командасы 2-орунду алды.

19 Октябрь 2016 жыл 22:29

Сүрөт баян: «Күзгү майрамда» кыздын милдетин аткарган балдар

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде өткөн «Күзгү майрам» кечесинде балдар кыздардын бетине макияж жасап, калыстар тобунун алдында өз колдору менен түрдүү салаттарды даярдап беришти.

18 Октябрь 2016 жыл 18:17

Сүрөт баян: Учкундун «ханзаадасы менен ханышасы» аныкталды

Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинде 18-октябрда 9-10-класстардын арасында «Күзгү майрам» кечеси болуп, Токсобаев мектеби жаңы ханзаада жана ханышалуу болду.

18 Октябрь 2016 жыл 17:46

Кызыл-Жылдыз айылындагы Уу-Жон атту жерде улак тартыш оюну болуп өттү

Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында 16- октябрь күнү Уу-Жон аттуу жерде 10-класстар арасындагы улак тартыш оюну болуп өттү. Оюнга Кызыл-Жылдыз жана Жерге-Тал айылдарынын мектеп окуучулары катышышты.

17 Октябрь 2016 жыл 23:05

Кызыл-Жылдызда дүйнөлүк кыздар күнү белгиленди

Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы М. Иманалиев атындагы орто мектепте 10-класстардын уюштуруусунда 17-октябрь күнү “Ак терек-Көк терек” аттуу чакан иш чара болуп өттү.

17 Октябрь 2016 жыл 22:11

Бөтөлкөдөн курулган мончо

Нурабаев Мирбек Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну. 33 жаштагы Мирбек айылда жеке ишкерлик менен алектенип, чакан дүкөн иштетет.

17 Октябрь 2016 жыл 20:51

Ак-Талаанын 80 жылдык мааракесине даярдык көрүлүүдө

Ак-Талаа районунун 80 жылдык мааракеси үстүбүздөгү жылдын 21-22-октябрь күндөрү өтөт. Ага учурда даярдыктар көрүлүп, ар бир мекеме салым кошууга аракет кылышууда.

17 Октябрь 2016 жыл 20:31

Зыяндуу заттардан арылалы

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинде “Зыяндуу  заттардан арылалы” деген темада мектеп парламенти тегерек стол өткөрдү.

17 Октябрь 2016 жыл 20:23

Учкунда Үркүн кино тасмасы көрсөтүлдү

Улуттук боштондук күрөшү чагылдырылып тартылган тарыхый Үркүн кино тасмасы 17-октябрда Эшбай Токсобаев мектебинде көрсөтүлдү. Буга чейин кино тасма саясий көз караштардан улам элге көрсөтүлбөй келген.

17 Октябрь 2016 жыл 14:25

Балалык кезин спортко арнаган кичинекей Азимдин жетишкендиктери

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган 6-класстын окуучусу Азим Эркинбек уулу грек-рим күрөшү боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарга жетишип келүүдө. Ал бир нече жолу райондун, облустун чемпиону болгон жана …

14 Октябрь 2016 жыл 11:36

“Келечектеги миллионер” үчүн ачык эшик күнү болду

“Компаньон” банкы түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгына карата Ак-Талаа райондук бөлүмүндө окуучуларга “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлдү.

13 Октябрь 2016 жыл 20:29

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...