Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Ак-Талаада сасык тумоодон улам беш бала бакча жабылды

Ак-Талаа районунун аймагында өлкөнүн башка аймагы сыяктуу эле сасык тумоого чалдыккандар ондоп саналат. Буга байланыштуу райондогу Жерге-Тал, Конорчок, Жаңы-Тилек, Кайыңды-Булак жана Баетов айылдарындагы “Тынчтык-3” бала бакчалары жабылды.

9 Декабрь 2016 жыл 22:01

Баетовдо жаш мугалимдердин интеллектуалдык таймашы өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” интеллектуалдык таймаш болуп, ага беш мугалимден турган “Билим” командасы катышты.

9 Декабрь 2016 жыл 20:31

Сүрөт баян: Мектеп окуучусу короздун айкелин муз менен жасады

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган Азиз Таалайбеков быйылкы тоок жылына карата короздун айкелин муз менен жасоодо. Азиз бул айкелди быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн жаңы жылдык кечесине карата жасап жатканын айтты.

9 Декабрь 2016 жыл 15:26

Мультимедиадагы алгачкы жетишкендик

Нарын районуна караштуу Куланак мультимедиа борборунда көптөн бери мугалим жана ыктыярчы болуп иштеп келе жаткан Айзат Түмөнбаева сынакка катышып смартфон утуп алган.

9 Декабрь 2016 жыл 11:55

Учкундагы 1000ге чукул сүрөттүн автору Анарбек Токтомбаев

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Анарбек Токтомбаев 20 жылга жакын убакыттан бери сүрөт жана чийүү сабактарынан берип келет. Анын тарткан сүрөттөрү бир жыл мурун 500 болсо, азыр саны 1000ге чукулдады. Токтомбаев тарткан …

7 Декабрь 2016 жыл 18:28

Учкунда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктар көрүлүүдө

Нарынын районуна каршатуу Учкун айылында 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү депутаттарды шайлоо күнү болот. Бул туурасында айылдагы №40-52 шайлоо участкасынын төрайымы Майрам Мүдүнова менен маек курдук.

7 Декабрь 2016 жыл 16:35

Куланакта жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдыктар жүрүүдө

11-декабрь күнү Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдум болгону жатат. Бул боюнча айылдагы шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен маектештик.

6 Декабрь 2016 жыл 22:24

Сасык тумоо менен ооруганда жылуу жатуу сунушталат

Сасык тумоо Кыргызстанда азыр көп кездешип жатат. Бул оруу аба аркылуу жуккандыктан эл арасында кеңири таркайт.

5 Декабрь 2016 жыл 17:06

Баетовдо мектеп сулуусу аныкталды

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыздар уюмунун уюштуруусу менен “Мектеп сулуусу-2016” сынагы өттү. Ага 8-11-класстын кыздары катышып, 1-орунду Адина Карыбекова алды.

5 Декабрь 2016 жыл 15:26

Баетовдо СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш өттү

Баетов айылында 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер өттү.

5 Декабрь 2016 жыл 15:00

Баетовдо кыз-келиндер арасында спорттук мелдеш мезгилдүү өтөт

Ак-Талаа районунун Баетов айылында бир канча мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында спорттун түрлөрү боюнча мелдештер мындан ары айына бир ирет мезгилдүү өтүп турат.

5 Декабрь 2016 жыл 14:50

Учкундагы таштанды маселеси чечилбеген бойдон калууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылында таштанды төгүүчү жерлердин аздыгынан жергиликтүү тургундар таштандыларын тыюу салынган жерлерге төгүп келет. Жергиликтүү бийлик тыюу салынган жерлерге таштанды төккөндөргө 500 сомдук айып пул салганы менен, ал …

3 Декабрь 2016 жыл 16:37

Баетовдо мүмкүнчүлүгү чектелгендердин кароо сынагы болуп өттү

Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “3-декабрь Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо күнүнө” карата “Биз силер менен биргебиз” аттуу кароо сынак болуп өттү.

3 Декабрь 2016 жыл 14:39

Баетовдо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленди

Ак-Талаа районунун Баетов айлында 3-декабрь ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо күнүнө карата райондук маданият үйүндө иш-чара болду. Бул иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.

2 Декабрь 2016 жыл 16:04

Кара-Чийде “Дүйнөлүк СПИДге каршы күнүнө” карата жөө жүрүш өткөрүлдү

Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдери 1-декабрь “Дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө” карата “СПИДсиз келечекке жаркын жашоо” деген ураанда жөө жүрүш өткөрүштү.

1 Декабрь 2016 жыл 23:13

Кара-Чийде «Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан» аттуу адабий кече болуп өттү

2016-жылдын 26-ноябрында, Кызыл-Жылдыз айылынын М. Иманалиев атындагы орто мектебинде 11-класстын окуучулары жана кыргыз тили мугалими Айсулуу Мустапаеванын уюштуруусунда “Чыңгыз Айтматовдун руханий байлыктарынан” аттуу адабий кече болду.

1 Декабрь 2016 жыл 21:51

Учкунда мектеп жамааты жөө жүрүшкө чыкты

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин мугалимдери жана окуучулары СПИД күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышты. Жүрүштө ар кандай плакаттарды көтөрүшүп, ураан-чакырыктар менен эки километрдей жол жүрүштү.

1 Декабрь 2016 жыл 15:03

Учкундун тургундары өздөрү акча чогултушуп жолдорду оңдоп жатышат

Нарынын районуна караштуу Учкун айылынын көчөсү начар тургундары 2000 сомдон чогултушуп, шагылдарды төктүрүшүп, жолдорун өз алдынча оңоп жатышат.

30 Ноябрь 2016 жыл 17:19

Сурамжылоо: Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?

Учурда бардык эле мектептерде 11-класстардын биринчи маселеси болуп «кайсы кесиптин ээси болом» деген суроо бар. Айрымдары кичине кезинен бир кесипке багыт алышса, кээ бири азыркыга чейин ойлонуп жүргөн кези. Бул …

30 Ноябрь 2016 жыл 16:57

Баетов: СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш пландар түзүлдү

1-декабрь СПИДге каршы каршы күнүнө карата бир айлык жарыяланган. Ошол  декаданын негизинде Ак-Талаа районунда жайгашкан Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде атайын иш мерчемдери түзүлүп, класстык сааттар, тегерек столдор, суроо- жооптор өткөрүлүп жатат. …

30 Ноябрь 2016 жыл 16:44

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...