Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде Шааркүл Жунушова 12 жыл башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. Ал 50 жашында пенсияга чыгып, учурда үй тиричилиги менен алек.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде 10-ноябрь күнү «Атом» усулдук аймагынын бир айлык иш чараларынын расмий ачылышы болду. Бир айлык 1-декабрга чейин уланып, ал аралыкта окуучулар менен мугалимдер ар …
Жакында Э.Карасартов атындагы орто мектебинин өзүн-өзү башкаруу уюмунун мучөлөрү Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинин мектеп парламенти менен жолугушту.
А.Абдраимов атындагы орто мектебинде класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучулардын райондук семинары өттү.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында биринчи жолу футбол аянтчасы курулууда. Учкундуктар грант утуп алышып, аянтчаны куруу ишке ашырылууда. Жалпысынан курууга 350 миң акча каражаты кеткен. Учкун айылынын тургундарынан да акча …
Айылда суук түшүп, кыш мезгили жакындап калды. Кышка айыл тургундарынын кээ бири даяр болсо, башкасында даярдык жок. Ушунун негизинде тургундардан кышка даярсызбы? Эгер даярдыгы жок болсо эмне үчүн деген суроолорду …
Тоголок Молдо айылынын мугалимдери Ак-Талаа районуна волейбол боюнча барып 1-орунду камсыз кылышты. Мелдештен аталган айылдагы Жоробек Сатылганов орто мектебинин мугалимдери кубок менен кайтып келишти.
Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылынын тарых сабагынан берген Тыным Асанбекова атайын тарых ийримин ачып, Тайлак баатырга жана анын бир тууганы Атантайга арналып, 19-кылымдын 1-жарымында тургузулган кош күмбөзгө 11-класстын окуучуларын экскурсияга алып барды.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2010-жылдан бери карагай тилүүчү пилорама иштеп келет. Аталган пилорам атайын ПРООНдун долбоорунун негизинде ишке ашып, учурда анда беш киши эмгектенет.
Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылындагы бала бакчанын абалы начар жана балдардын ойноосуна бөлмөлөр жетишсиз. Учурда бала бакчага 106 бала катталган болсо, күнүнө 97-98 бала келип тарбия алышат.
Илгертен эле кыздарга сеп берилип, ушул күнгө чейин бул каада салт сакталып келе жатат. Бүгүнкү маек Ак-Моюн айылынын тургуну Сажира эженин чоң энесинен белекке келген чачбагы тууралуу болмокчу.
Кыргыз милициясына быйыл 1-ноябрда 92 жыл болду. Мына ушул датага байланыштуу Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти.
Ак-Талаа районунда кыш алты айга созулат жана шарты катаал аймак. Бул мезгилге чейин акталаалыктар кышка толугу менен даяр болуп, көмүр менен камсыз болуп калышчу.
Күз келип, айлана сары түскө боёло баштады. Бул мезгилде тоодогу малдар айылга келишип, жер-жемиштер, эгиндер жыйнала баштайт. Күз мезгили учкундуктар үчүн кандай мааниде экендигин билуү үчүн суроолорду узаттык.
Нарын районунун Куланак айылы бышыкчылыктуу келгендиктен ар бир түтүн короосуна жер жемиштерин айдашат. Баарынан өзгөчөлөнүп бышканда келип, алып кеткиле деп тараткан Амангелди ата менен маек курдук.
Шаар көркүн бузуп, таштанды салган урналар кой терилерине батпай турат. Ошол себептен Нарын шаарындагы базардан “Тери” деген жазуусу бар жерге барып маек курдук.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Бейшеналиев атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” атту сынагы болуп өттү. Сынакка 8-класстан 10-класска чейинкилер катышты.
Муса Баетов атындагы орто мектебинде “Күз берекеси” жумалыгы жыйынынтыкталды. Анда окуучулар менен ата-энелер да жигердүү катышты.
Ак-Талаа районунун 80 жылдыгына арналган мааракенин расмий бөлүгүнөн кийин оюн-зоок “Адилет” паркында уланды.
Баткен согушунун 17 жылдыгына карата Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде ок атуу боюнча 9-11-класстар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдеште Баткен согушунун ардагерлери калыстык кылып, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.