Айыл тургундарынан алган сурамжылоодо элдер китепканадан китеп алып окубаганын, айылдык китепкананын абалы алардын купулуна толбой турганын билдиришкен. Ошондон улам биз айылдык китепкананын кызматкери Гүлнара Жунушбекова менен маек курдук.
Доллар — бул товар болуп саналат. Албетте анын курсунун жогору же төмөн болуусу ага болгон суроо-талаптан көз каранды. Ал эми аталган товардын курсунун бир калыпта турбай улам өзгөрүүсү жеке ишкерлерге, …
Биз Учкун айылдык китепканадан айыл тургундары качан китеп алып окугандыгына кызыгып сурамжылоо жүргүздук. Сиз акыркы жолу айылдык китепканадан качан китеп алып окугансыз? Китеп алып окуган болсонуз, китепкананын абалы жагабы? Эгер …
Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде тамак-ашка кошулуучу витаминдүү көк чөптөр атайын карапаларда өстүрүлөт.
Үгүт айылындагы М. Баетов атындагы орто мектебинде окуучулардын ысык тамагы үчүн көмөкчү чарба түзүлгөн. Тактап айтканда 30 сотых жерде жашылча жемиштин дээрлик көп түрүн: капуста, кызылча, сабиз, ашкабак, баклажан өстүрүшөт.
Абдылда Аралбаев мектебинде бүтүрүү кечеси менен биргеликте мындан 50 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу кечеси болуп өттү.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 2005-2006-окуу жылында аяктаган бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектебине спорттук кийим жана волейбол, футбол оюндары үчүн топторду белекке беришти.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын, 10-20-жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда белгиленди.
2016-жыдын 21-майында Бишкек шаарында болгон АГОЦАнын улуттук жолугушуусуна «ТОС Кар-Чийдин» төрагасы Шаршенбек Акматов катышып келди.
Нарын районунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-класстагы окуучулары бири-биринен ашып, көптөгөн бурчтарды ойлоп табышууда. Бүгүн 11-б классынын окуучулары өздөрүнүн пенадан жасаган бурчун илишти.
Учкун айылында 2016-жылы мектепке кичи футбол аянтчасы курулат. Аны айылдагы депутаттар долбоор жазып, утуп алышкан.
Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде райондук «Жыл мугалими» жана «Жаш мугалим» сынактары болуп өттү. Аталган иш-чарага сегиз мектептен экиден мугалим келишти. Сынактын максаты таланттуу, чыгармачыл иштеген мугалимдерди аныктап чыгуу экенин айтат аталган …
Эшбай Токсобаев мектебинин отургучтары мектеп ишке берилгенден бери оңдоло элек болчу. Ошондуктан быйылкы бүтүрүүчүлөр сынган, эскирген отургучтардын ордуна жаңы отургучтарды орнотуп берүүнү чечкен.
Куланак айылында 7-май күнү жаштар уюмунун демилгеси менен 7-8-классынын окуучулары таштанды тергени чыгышкан. Окуучулар экиге бөлүнүшүп, жарымы Учкундан Куланакка чейин, жарымы Достуктан Куланакка чейинки таштандыларды терип тазалашты.
Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде 19-20-май күндөрү 4-а жана б класстары бүтүрүү кечесин өткөрүштү. Бул иш-чарага окуучулардын ата-энелери жана мугалимдери күбө болушту.
Футбол аянтчасы жок болгондугуна карабастан, спорт сүйүүчүлөр күн сайын футбол калтырбай ойноп келишет. Ойноп жаткан жеринен футболчулардын бири Расул Болотбековго суроо узаттык.
Учкунда өткөн “Айыл ажары 2016” өрөөндүк сынагында Бурулча Сынжыбекова жеңүүчү аталган. Аталган сынактын райондук баскычына катышып Республикага жолдомо алган Бурулча менен маек курдук.
Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айканыш Адил кызы 5-классынан бери ыр жазат. Айканыштын азыркы убакта 40тан ашуун ырлары бар.
Куланак айылынан чыккан чыгаан инсандар көп. Алардын катарында врач Жеңиш Султанова дагы бар.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2010-жылы ишке берилген. Бирок 4 жылдан бери окуучулар спорт аянтчасынын жоктугунан баткакта ойношууда.