Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Куу-Майдан

Куу-Майданда мектептер аралык волейбол мелдеши болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде мектептер аралык волейбол мелдеши болуп өттү. Ага Кеңеш айыл аймагынан беш мектептин окуучулары катышты.

20 Январь 2017 жыл 12:48

Куу-Майдандын тургуну 40 жылга жакын убакыттан бери чөптөрдөн дары жасайт

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Шарабидин Кадырбердиев 36 жылдан бери чөптөрдөн дары-дармек жасап келет.

17 Январь 2017 жыл 17:28

Куу-Майданда волейбол залы ачылды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында волейбол залы ачылды. Буга чейин спорт залдын ордунда гараж болуп турган.

13 Январь 2017 жыл 19:11

Куу-Майдандын тургуну Адылжан Полотов тегирмен жасады

Ноокат районунуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Адылжан Полотов өз колу менен тегирмен жасады. Учурда өз тегирмени менен элге кызмат көрсөтүүдө.

12 Январь 2017 жыл 14:07

Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү

Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү. Ага жалпы тогуз команда катышып, Арбын 1 курамасы баш байгени багынтты.

9 Январь 2017 жыл 11:21

Арбында жалгыз бой эне кооптуу абалдагы үйдө төрт баласы менен жашоодо

Ноокат районуна караштуу Арбын айылында жашаган жалгыз бой эне Буажар Адыгенееванын үйү эскилиги жетип, жер титирөөдөн кийин кооптуу абалга кептелген. Ал эч кандай жардам көрсөтүлө электигин айтат.

8 Январь 2017 жыл 16:47

«Мыкты макала» жана «мыкты сүрөт» сынагы  

    «Клооп Медиа» коомдук фонду Кыргызстандагы жамааттык мультимедиа борборлорунун ыктыярчы-кабарчыларынын арасында «мыкты макала» жана «мыкты сүрөт» сынагын жарыялайт. Сынакта ар апта сайын «Мыкты макала» жана «Мыкты сүрөт» аныкталып турат. …

5 Январь 2017 жыл 17:41

Смартфон үчүн бешинчи сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-2», 2016-жылы уюштурган «Кыш-1», «Жаз-1» жана «Жаз-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (март — август+кошумча …

2 Январь 2017 жыл 15:51

Арбында жаңы жылга карата «Балаты 2017» сынагы болуп өттү

Ноокат районунун Арбын айылынын Арбын орто мектебинде «Балаты 2017» сынагы болуп, ага 6-11-класстардын окуучулары катышты. Баш байгени 8-класстар алып кетишти.

30 Декабрь 2016 жыл 22:04

Куу-Майданда Үркүнгө карата иш-чара болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.

24 Декабрь 2016 жыл 20:39

Куу-Майдандык ишкер өгүз багат

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Сейдали Өмүрзаков мал-чарбачылыгы менен алектенет. Бул иш менен алектенгенине бир жылдын жүзү болду.

21 Декабрь 2016 жыл 20:41

Арбында суу маселеси курч

Ноокат районунун Арбын айылында суу маселеси курч. Айыл тургундары таза суу илгертен эле чыкпасын, сууларды арыктардан алышаарын айтышат.

20 Декабрь 2016 жыл 14:05

Куу-Майданда музейди өнүктүрүү үчүн марафон болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде  марафон болуп өттү. Марафон «Тарых жана Маданият» жылына карата музейлерди өнүктүрүү үчүн уюштурулду.

20 Декабрь 2016 жыл 9:09

Кыргыз-Атада жаңы мечит курулууда

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында үч кабаттуу, заманбап, жаңы мечит курулууда. Мурдагы эски мечитти бузушуп, анын ордуна жаңы мечит салынып, курулуш иштери аяктайын деп калды.

20 Декабрь 2016 жыл 7:58

Арбында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды

Ноокат районунун Арбын айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 11-декабрда болуп өттү. Айылдык кеңешке депутаттыкка 13 киши ат салышып, алардын ичинен алтоо депутат болуп шайланды. 

13 Декабрь 2016 жыл 16:52

Куу-Майданда айылдык депутаттар шайланды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында айылдык депутаттар шайланды. Добуш берүү Жапар Нышанов орто мектебинде өттү.

12 Декабрь 2016 жыл 21:05

Кеңеш айыл аймагынын окуучулары арасында «Тамашоу» болду

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын мектептер аралык «Тамашоу» болуп өттү. Сынакка айыл аймак боюнча беш мектептин окуучулары катышты.

10 Декабрь 2016 жыл 8:52

Куу-Майданда ата-энелер чогулушу болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ал чогулушта окуучулардын көйгөйлөрү жөнүндө сөз болду.

9 Декабрь 2016 жыл 19:29

Кеңеш айыл өкмөтүнүн депутаттарын шайлоо кандай жүрөт?

Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жүрөт. Бул туурасында Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Калмамат Кудайбердиев менен маек курдук.

6 Декабрь 2016 жыл 19:20

Арбында көчөлөргө жарык коюлат

Ноокат районуна караштуу Арбын айылынын көчөлөрүндө жарыктын жоктугу көйгөйлүү маселе экенин, айрыкча кыш мезгилинде көчөгө чыгуу кооптуу экенин айтышат айыл тургундары. Биз бул тууралуу айыл башчысы Асан Кадыров менен маек курдук.

5 Декабрь 2016 жыл 14:31
Шейшемби
23 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...