Ноокат районунун Арбын айылында суу маселеси курч. Айыл тургундары таза суу илгертен эле чыкпасын, сууларды арыктардан алышаарын айтышат.
Бакай-Ата айылында нан бышыруучу жайдын ишке киргенине беш жылдын жүзү болду. Ишкананын жетекчиси менен маек куруп, жумушу менен таанышып келдик.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде марафон болуп өттү. Марафон «Тарых жана Маданият» жылына карата музейлерди өнүктүрүү үчүн уюштурулду.
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында үч кабаттуу, заманбап, жаңы мечит курулууда. Мурдагы эски мечитти бузушуп, анын ордуна жаңы мечит салынып, курулуш иштери аяктайын деп калды.
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде форум театр өткөрүлдү. Бул аркылуу окуучулар коомдогу ар кандай көйгөйлөрдү сахналаштырып көрсөтөт.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин баталгыч классынын мугалими Динара Касымалиева окуучуларга орус тил сабагын эшикте өттү. Окуучулар орус тил сабагынан эшикке чыгышып, кар кишилерди жасап, ар …
Бишкекте 17-18-декабрда Кыргызстандын жамааттык медиа каражаттарынын жылдык жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Бул иш чара Дойче Велле жана Жамааттык медиа каражаттар ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Кара-Чий айылындагы Иманалиев орто мектепте 17-октябрь күнү «Тарых жана маданият жылына» карата жана «Үркүндүн 100 жылдыгына» карата «Тарыхка так салган үркүн окуясы» деген темада иш чара болуп өттү. Бул иш …
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагына СССРдин убагында мамлекет тарабынан коюлган трубадан суу чыкпайт. Суу түтүгү аркылуу айыл аймагындагы эгин талаасын жана жайлоодо жашагандарды суу менен камсыздап турган.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймаганында тумоологондордун саны көбөйүүдө. Сасык тумоодон улам Сумбула айыл аймагындагы мектептер кайрадан жабылды.
Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде жаңы күндөлүк ишке киргизилди. Күндөлүктө мектептин атын алып жүргөн Сопиев агайдын өмүр баяны берилген.
Учурда СПИД оорусу көп болуп жаткандыгына байланыштуу Нарын районунун Куланак айылында СПИДге каршы жөө жүрүш болуп өттү. Бул жөө жүрүшкө айылдын окуучулары, мугалимдери жана медицина кызматкерлери катышышты.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 11-декабрда болуп өттү. Он сегиз талапкерден он адам жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланды.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында 11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештин депутаттаын шайлоо болуп, жыйынтыгында он адам депутаттык мандатка ээ болду. Учкундун тургундары жаңы депутаттардын кандай иштерди аткарышын каалары тууралуу сурамжылоо жүргүзүп …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Тургунаалы Борбиев коён, көгүчкөн жана тооктун жаңы түрүн багат. Азыр коёндорунун саны 15 болсо, көгүчкөндөрүнүкү 20га жакын.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында муз аянтчасы ишке кирди. Аянтчаны айыл тургуну Курманбек Исаков ачты.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Чебер уздар” ийрими он жыл мурда ачылып, ага кыздар катышып келишет.
Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну Бексултан Асанбеков 15 жылдан бери балчылык менен алектенип келет. Анын иши тууралуу кыскача маек курдук.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы тегирмен кызматын көрсөткөндөр аз. Аларды бири Нурлан Атабековдун тегирменине баш бактык.
23-декабрда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00дө «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр” деген темада кыргыз тилинде вебинар өтөт. Жаңы технология, интернет сайттардын өнүгүүсү менен маалыматтардын …