Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Бакай-Ата: Кош бол мектебим

Бакай-Атадагы №1 Ленин орто мектебинин акыркы коңгуроо аземи кадимкидей эле оюн-зоок менен коштолду. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-класстын окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.

28 Май 2016 жыл 0:16

Баетовдо 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке автоунаа белек кылышты

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебиндеги Акыркы коңгуроо салтанатына мектепти 1995-1996-окуу жылында бүтүп кеткендер да катышты. Өз сөздөрүндө окуп кеткен мектебине, билим-тарбия берген мугалимдерине ыраазычылык билдиришти.

27 Май 2016 жыл 22:58

Бүтүрүүчүлөрдүн салтанатында Ак-Талаанын акими жубайы экөө коңгуроо какты

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат өзгөчө маанай менен башталды. Мектеп директору Ч. Рысбаеванын расмий сөзүнөн кийин 20 жана 10 жыл мурда бүтүп кеткен ага-эжелердин атынан Коңгуроо добушу …

27 Май 2016 жыл 22:42

Бакай-Атада Добр менен Руслан Абыловдун концерти болду

Бакай-Ата айылында Добр менен Руслан Абыловдун концерти өттү. Бул концертти коштоп Бакай-Ата KG тамашоу командасы дагы катыша алышты.

27 Май 2016 жыл 22:29

Куу-Майдан: Нышанов мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо салтанаты болду. Бүтүрүүчү класстардын алтын уядан учуп кетээр кези да келип жетти.

27 Май 2016 жыл 21:57

Терек-Суу: Турусбек мектебинде акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү. Анда эӊ мыкты окуган окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылып, демѳѳрчүлѳр тарабынан уюштурулган стипендиялар берилди.

27 Май 2016 жыл 21:36

Андарактагы жалгыз согуш ардагери Пусурманкул Рыскулов

Сумбула айыл өкмөтүндө жалгыз согуш ардагери калган. Ал Пусурманкул Рыскулов. Пусурманкул ата 19 жашында согушка барган.

27 Май 2016 жыл 19:15

Кара-Чий: Бишкек шаарында болгон АГОЦАнын улуттук жолугушуусуна «ТОС Кара-Чийдин» төрагасы катышып келди

2016-жыдын 21-майында Бишкек шаарында болгон АГОЦАнын улуттук жолугушуусуна «ТОС Кар-Чийдин» төрагасы Шаршенбек Акматов катышып келди.

26 Май 2016 жыл 23:08

Сумбулада суугат каналы жаңыланат

Лейлек районуна караштуу Андарак, Сары-Дөбө, Көк-Таш айылдарында суугат каналдары жаңыланат. Бул суугат суу каналы СССРдин убагында мамлекет тарабынан айылга коюп бергенин айтат Нургазы Исманов.

26 Май 2016 жыл 19:52

Сумбула айыл аймагынан 13 бала аскерге кетти

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнөн аскерге 13 бала кетти. Ден соолугуна байланыштуу эки бала пландан алынганын айтты аскерге каттоо кызматкеринин инспектору Абдираим Джораев.

26 Май 2016 жыл 19:35

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн бурчтарынын көрүнүшү

Нарын районунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-класстагы окуучулары бири-биринен ашып, көптөгөн бурчтарды ойлоп табышууда. Бүгүн 11-б классынын окуучулары өздөрүнүн пенадан жасаган бурчун илишти.

26 Май 2016 жыл 16:45

Учкунда кичи футбол аянтчасы курулат

Учкун айылында 2016-жылы мектепке кичи футбол аянтчасы курулат. Аны айылдагы депутаттар долбоор жазып, утуп алышкан. 

26 Май 2016 жыл 15:41

Учкунда «Жыл мугалими» жана «Жаш мугалим» сынактары болуп өттү

Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде райондук «Жыл мугалими» жана «Жаш мугалим» сынактары болуп өттү. Аталган иш-чарага сегиз мектептен экиден мугалим келишти. Сынактын максаты таланттуу, чыгармачыл иштеген мугалимдерди аныктап чыгуу экенин айтат аталган …

26 Май 2016 жыл 14:55

Бакай-Атада футбол фестивалы болду

Бакай-Ата айылынын футбол аянтында кыздар фистиваль болду. Ал фистивалда футбол спортуна кызыккан кыздар катышты. Көбү Бакай-Ата айылынын орто мектептеринен келишти.

26 Май 2016 жыл 14:50

Токтоян: 20 жылдыктар мектепке кол жуугучтарды алып берди

Түп районунун Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүп кеткендер башкаларга салыштырмалуу акчаларын пайдалуу коротушууда. Алар мектептеги окуучулардын камын ойлоп, окуучулар үчүн кол жуугучтарды белек кылышты.

26 Май 2016 жыл 13:19

Энелер майрамы белгиленди

Бүгүн 26.05.2016- жылы Сүлүктү шаары боюнча энелер майрамы белгиленди. Бул майрамга жаңыдан «Баатыр Эне» «Эне Даңкы» наамдарын алып жаткан энелер жана коомдук иштерде алдыңкы орунда жүргөн энелер чакырылып баалуу белектер …

26 Май 2016 жыл 12:34

Учкун: Быйылкы бүтүрүүчүлөр мектепке жаңы отургучтарды орнотту

Эшбай Токсобаев мектебинин отургучтары мектеп ишке берилгенден бери оңдоло элек болчу. Ошондуктан быйылкы бүтүрүүчүлөр сынган, эскирген отургучтардын ордуна жаңы отургучтарды орнотуп берүүнү чечкен.

26 Май 2016 жыл 10:33

Тасмада чүкө оюндары көп ойнолууда

Учурда Тасма айылында эле чүкө оюндары көп ойноло баштады. Аны айылдын кичинекей эле эмес, чоңдору да ойношууда.

25 Май 2016 жыл 23:07

Тасмада майып балдары менен жашаган үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Түп районунун Тасма айылынында жардамга муктаж болгон үч тубаса майып балдарды чоңойтуп келе жаткан үй-бүлөгө ”Human Appeal International” кайрымдуулук фонду тарабынан жардамдар көрсөтүлдү.

25 Май 2016 жыл 22:52

Үч-Коргон: Доллар курсунун өзгөрүүсү боюнча ишкерлердин билдирүүсү

Үч-Коргон айылындагы ишкерлер доллар курсунун өзгөрүүсү айыл тургундарына бир топ кыйынчылыктарды жаратканын айтышат. Бул боюнча ишкер айым Инобат Тешебаева менен маектештик.

25 Май 2016 жыл 18:55

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...